Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

Арчимбольдо - сюрреализмдин бабасы


Рудольф II байыркы римдиктердин кудайы Вертмундун образында (1590-1591), Жузеппе Арчимбольдо.

Рудольф II байыркы римдиктердин кудайы Вертмундун образында (1590-1591), Жузеппе Арчимбольдо.

Сиз адамдын башынын ашкабак же помидор, алмурут же шабдалы, а турпатын маймыл же арстандын өзүндөй кылып тартылганын эчен ирет көргөнсүз. Ал эми мөмө жана жашылча-жемиштерди бирден курап тартылган адамдын портретинчи?

XVI кылымда өткөн италиялык художник Жузеппе Арчимбольдо табияттын берекесин пайдаланып, түрдүү образдарды жараткан. Маньеризм мектебинин бул улуу өкүлү ким? Ал кандай эмгектерди жараткан?

Праганы империянын борбору кылган Рудольф II

Жузеппе Арчимбольдо Европа маданиятынын бешиги саналган Италиянын Милан шаарында 1527-жылы ата-бабаларынан бери диниятчы, юрист жана художник болуп келген кадыр-барктуу үй-бүлөдө туулат. Бул анын ар тараптуу билим алуусуна жана жашынан искусство дүйнөсүнө аралашуусуна өбөлгө түзөт.

Ал эмгек жолун орто замандардагы көпчүлүк болочоктогу атактуу художниктер сыяктуу устаттарга шакирт болуп, дубалдардын бетине фреска жана чиркөөлөрдө айнекке мозаика тартуудан баштайт.

Арчимбольдо өмүрүнүн маанилүү жылдарын Ыйык Рим империясынын императору Рудольф IIнин (1552-1612) Прагадагы ордосунда өткөргөндүктөн, таланттуу художник тууралуу сөз кылганда габсбургдар тукумунан чыккан бул мыкчыгерди аттап кетүү мүмкүн эмес.

Ыйык Рим империясынын императору Рудольф II. 1590. Ханс фон Аахен тарткан. Венадагы Көркөм өнөр музейи

Ыйык Рим империясынын императору Рудольф II. 1590. Ханс фон Аахен тарткан. Венадагы Көркөм өнөр музейи

- Рудольф II Чех падышасы жана Ыйык Рим императору болгон, - деп баштады кепти чех сүрөткери Натали Медунова. - Ал 1575-жылы 23 жашында Богемия (бүгүнкү Чехиянын) падышасынын тактына отурат жана сегиз жылдан кийин империянын борборун Венадан өзү жанындай сүйгөн Прагага көчүргөн. Рудольф шымалана киришип, Праганы ренессанс архитектурасынын, искусствонун, илимдин жана астрономиянын борборуна айланткан. Анын ордосун замандашы, Англиянын падышасы Елизаветанын ордосу менен салыштыра алабыз. Эки өкүмдар саясый жана башка тармактарда пикир алмашып, Прага менен Лондондун арасында кат ташыган чабармандар тынбай каттаган. Атүгүл эки падыша бири биринен кулакдар болуп туруу үчүн жансыздарды же шпиондорду жөнөтүп турган.

Прага Европа шаарларынын таажысы

Рудольф II өз доорунда замандаштары тарабынан көркөм өнөрдүн теңдешсиз демөөрчүсү жана меценаты, художниктер менен илимпоздордун колдоочусу деп таанылган. 1580-жылдын ортосунан тартып Прагага сырт жерлерден художниктер, скульпторлор, таш чеккен масондор, усталар агылып келип, шаар Европанын маданий борборуна айланат.

"Жаз". Жузеппе Арчимбольдо

"Жаз". Жузеппе Арчимбольдо

- 1775-жыл ченде Рудольф II Батыш менен Чыгыштын, Түндүк менен Түштүктүн мыкты жетишкендиктерин айкалыштырып, Праганы Европанын чыныгы жүрөгүнө айлантат. Ошентип Прага маданияттын, искусствонун жана илим-билимдин чордону болуп калат. Ал Европа маданиятынын бешиги деп саналган Италиядан көптөгөн архитекторлорду, мармар таштан заңгыраган имараттарды курган усталарды-масондорду жана художниктерди чакырат. Себеби, Рудольф IIнин максаты Праганы ордолуу шаарлардын таажысына айлантуу эле. Ошондо колунан көөрү төгүлгөн усталар менен художниктердин арасында Миландан Жузеппе Арчимбольдо да келет.

Арчимбольдо Прагага чакырылганга чейин Ыйык Рим империясынын императорунун Венадагы ак сарайында портретист жана түрдүү оюн-зооктордун уюштуруучусу болуп иштеп жаткан.

Ар тараптан таланттуу жигит габсбургдардын ордолуу шаарына император Фердинанд Iдин чакыруусу менен келген болчу. Ал Венага мындай маанилүү кызматка келгенде 26 гана жашта эле.

Тарыхтан маалым, падышалар өлгөндөн кийин ордуна келген мураскерлери көп учурда мурдагы өкүмдардан калган өнөр адамдарын, анын ичинде акындар менен шайырларды, сүрөткерлер менен вазирлерди алмаштырышкан, ордодон четтетишкен. Бирок атасынын ордун ээлеген Максимилиан II жана анын мураскер-уулу Рудольф II андай кадамга барышпайт, тескерисинче, өнөр адамдары менен илимпоздорду империянын атак-даңкын көтөрүү максатында пайдаланышат.

"Жай". Жузеппе Арчимбольдо

"Жай". Жузеппе Арчимбольдо

- Жузеппе Арчимбольдо көп багытта иштеген художник жана дизайнер болгон. Ал учурда падыша сарайында түрдүү фестивалдар, карнавалдар, театрлашкан оюн-зооктор жана турнир-таймаштар көп өткөрүлгөн. Арчимбольдо жаңы оюн-зоокторду уюштурат, асманга от бүрккөн фейерверктерди, ат жабдыктарды, атка чегилчү арабаларды, алтурсун аялдар менен эркектердин адеми кийимдерин жана чачтарын көркөмдөп дизайн кылат. Аялдардын чачы ал учурда гүлдөр, мөмө-жемиштер, атүгүл чымчык-куштардын канаттары менен кооздолгон. Бир караганда таажы формасындагы ботаника жана зоология багынын миниатюрасына окшоп кеткен. Арчимбольдо майрамдык дасторконду кооздоп жасалгалагандын, тамак-ашты столго кандай иретте койгондун дизайнын да иштеп чыгат.

Жузеппе Арчимбольдо: Табият жана живопись

Арчимбольдонун сүрөтчүлүк өзгөчөлүгүн жана чеберчилигин баалоо үчүн анын артында калган баалуу эмгектеринин айрымдарына токтолуп кетүү зарыл. Алсак, «Жыл мезгили» деп аталган төрт полотнодон турган эмгекте адам кейпиндеги жылдын төрт мезгили бак-дарактардын жана жашылча-жемиштердин түшүмү аркылуу чагылдырат.

«Жаз айынын» бети жана жакасы ар түркүн өңдөгү гүлдөй бажырайса, денеси жапжашыл талаадай кулпунат. Кыштын образынан дале сөңгөгү соолуй элек дөңгөчтүн куураган тамыры жана анын боорунда бөртүп чыккан жаш бутактарды көрөсүз.

«Жыл мезгили» тууралуу бул картиналарда өмүр жыл мезгилиндей алмашып, адамдын өзү да күлгүн курактан тартып, карылыкка чейинки узак жолду басары шаңдуу ачык түстөр менен берилет. Ал сүрөттөр ар бир курактын артыкчылыгын алаканга салып суктантат.

"Китепканачы". Жузеппе Арчимбольдо

"Китепканачы". Жузеппе Арчимбольдо

Арчимбольдо «Библиотекарь» деген эмгегинде адамдын башын, мойнун, белинен өйдө жагын жана колдорун өңчөй китеп кылып тартып, даанышман китепканачынын образын жаратат. Аталган жана башка сүрөттөр художниктин чексиз фантазиясын, айланасындагы заттардын формасын мыкты билгенин жана байкагычтыгын тастыктайт.

Арчимбольдонун жаратмандык талантына император Рудольф II жазбай ишенген. Ошон үчүн художникке өзүнүн портретин сабиз, пияз, алма, жүзүм жана башка жемиштерди курап тартканга макулдук берет. Бул портретте Рудольф II байыркы римдиктер жылдын төрт мезгили жана мөмөлөрдүн кудайы деп тааныган Вертмундун образында тартылганын айтып кепти улантат Натали Медунова:

- Портрет тартуудагы Арчимбольдонун кайталангыс методуна кайрылчу болсок, анын доорунда ренессанс табиятты, мөмө жана жашылча-жемиштерди, жалбырактарды жана жаныбарлардын сүрөттөрүн тартууга да эбегейсиз таасир эткен. Көптөгөн мөмө жемиштери менен жашылча жемиштеринде мификалык жана магикалык касиети бар деп эсептелген. Ошон үчүн мөмө жана жашылча-жемиштер менен көркөмдөлгөн портреттер түрдүү символдорду түшүндүргөн. Сүрөттө Рудольфтун бети жана денеси ар түркүн мөмө-жемиштер жана жашылчанын өзүндөй кылып көрсөтүлгөн. Алсак, эки бети - шабдаалы, мурду - алмурут, көзү - зейтун, эриндери - гилас, чачы - жүзүм жана жүзүмдүн бутагы менен бир тутам буудай сыңары. Мындай портретте адам өзүнө каптап койгондой окшойт. Бул сыйкырдуу сүрөттүн бир нускасы гана. Ал учурда эч ким адамды табияттын берекелерин пайдаланып, сүрөттө мынчалык окшоштура алган эмес. Арчимбольдо Рудольф IIнин портретин ушундай уникалдуу жол менен эч бир кайталангыс кылып тартып бермек болот жана убадасын аткарат.

Арчимбольдо император Рудольфту портретте ашкабак, алма, буудай, жүзүм, сабиз, пияз, сармысак, жүгөрү, шыпыргынын ашы болуп, бардыгы 20дан көп затты кураштырып отуруп тарткан. Алар биригип, ички дүйнөсү гармониялуу, илимге жана искусствого кызыгуусу канбаган адамдын образын түзөт. Бул портрет азыр Швециянын энчисинде.

Манеризмдин бешиги

Арчимбольдонун император Рудольф IIни молчулуктун кудайына теңеген себеби өкүмдар живопись, сейрек буюмдарды жана түрдүү куштар менен айбандардын кептерин чогулткан. Илимди каржылаган. Өзүнө замандаш сүрөткерлердин, алардын арасында Веронез, Питер Брейгель, Альбрех Дюрер жана башкалардын эмгектерин акчасына карабай сатып алган. Фламандиялык Бартолемус Спрангер, немис Ханс ван Аахен жана башка чебер художниктер, илимпоздор, алардын ичинде даниялык астроном, астролог жана алхимик Тихо Браге, немис математиги жана астроному Иоханн Кеплер Прагага чакырылып, ушу жерден аттарын дүйнөлүк тарыхта өчпөс кылган иштерди бүткөрүшкөн.

"Кыш". Жузеппе Арчимбольдо

"Кыш". Жузеппе Арчимбольдо

Император Рудольф IIнин живопистин өнүгүүсүнө кошкон салымы зор. Ал колдогон художниктер: италиялык Жузеппе Арчимбольдо, фламанд Братоломеус Спрангер жана Ханс фон Аахен сүрөт өнөрүндө “маньеризм” деген ат менен белгилүү агымды негиздешкен. Баса, атактуу сюрреалист сүрөткер Сальвадор Дали Арчимбольдону сюрреализмдин эң биринчи ташын койгон атасы деп атаган. Арчимбольдо ошондой эле Рудольф IIнин тапшырмасы боюнча табияттын тарыхы тууралуу китепти көркөмдөйт. Арчимбольдо, замандаштарынын эскерүүлөрүнө караганда, мыкты инженер жана ойлоп тапкыч да болгон.

- Ал гениалдуу Леонардо да Винчи сыяктуу эле сыйлуу коноктордун көңүлүн ачуу жана таң калтыруу үчүн механикалык жол менен кыймылдоочу механизмдерди, оюнчуктарды ойлоп тапкан жана жасаган. Гидравликалык аппараттарды жана механизмдерди, куралдарды да жасаган. Анын дагы бир керемет табылгасы: музыканы түрдүү өңдөр аркылуу нотага түшүргөндүн ачкычын же кодду да ойлоп тапканы.

"Жемиштер", "Берекенин кудайы". Жузеппе Арчимбольдо

"Жемиштер", "Берекенин кудайы". Жузеппе Арчимбольдо

16-кылымдын башында Прагада болгон англиялык саякатчынын жазышынча, Рудольф IIнин коллекциясында 3000 миңден ашуун сүрөт болгон. Мындай чоң коллекция ал кезде Европанын бир да падышасында болгон эмес. Император кээ күндөрү эртеден кечке кунткамерадан чыкпай ал сүрөттөргө же сейрек заттарга суктанып отурган. Ошого Прагага келген элчилер император тез кабыл алуусу үчүн ага сүрөт же адеми буюмдар менен китептерди белек кылышкан. Императорго мындай бай коллекцияны чогултууда Арчимбольдонун да көркөм табитине ишенген.

- Рудольф II художник-дизайнердин техникадагы жаңы табылгаларын абдан жогору баалагандыктан, аны Европанын чар тарабын кыдырып, сүрөт жана башка адеми нерселерди, сейрек буюмдарды сатып келүү үчүн жиберет. Көркөм дүнүйөнүн баары Прагада падыша сарайында сактаган. Өкүнүчкө карай, Рудольф II легендарлуу коллекциясы - анын көзү өткөндөн 70 жылдан кийин швед аскерлери Праганы басып алганда талап тонолгон, - деди өкүнүп чех художниги.

Сөөгү Миланга, даңкы Чехияга

Арчимбольдонун эмгегин Праганын маданияттагы алтын доору менен ысымы тыкыс байланышкан Ыйык Рим империясынын өкүмдары жогору баалаган. Ал чейрек кылым император сарайында кызмат кылып, Миланга кайтып кетердин алдында Рудольф II ага чоң суммада акча берет жана артынан эле пфальцграф наамын ыйгарат. Мындай наам Арчимбольдого Италияда императордун атынан сүрөт жана башка көркөм дөөлөттөрдү сатып алганга укук берет. Андай даражага XVI кылымда Жованни Антонио Бацци-Содома жана даңктуу Тициан да татыган.

Жузеппе Арчимбольдо 1593-жылы 11-июлда 67 жашында Миланда өз үйүндө көз жумган. Бүгүн анын сүрөттөрү дүйнөнүн эң мыкты музейлеринин сыймыгы. Арчимбольдонун таасири, өзгөчө, Сальвадор Дали (1904-1989) жана Октавио Окампо (1943) сыяктуу сюрреализмдин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн сүрөттөрүндө даана байкалат.

XS
SM
MD
LG