Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:28

"Арго" компенсацияга түрткү болушу мүмкүн


АКШнын Тегерандагы элчилигинин кызматкерлерине Ислам революциясын колдогон исламчыл студенттер чабуул койгон учуру.

АКШнын Тегерандагы элчилигинин кызматкерлерине Ислам революциясын колдогон исламчыл студенттер чабуул койгон учуру.

АКШда Конгресстин мүчөсү 34 жыл мурун Иранда АКШнын элчилигинин 444 күн барымтада кармалган кызматкерлерине компенсация төлөп берүү маселесин көтөрүп жатат. Америкада бул маселе ошол барымта окуясы жөнүндө тартылган “Арго” тасмасы Голливуддун “Оскар” сыйлыгында баш байгени - “жылдын мыкты фильми” сыйлыгын алгандан кийин көтөрүлө баштады.

Айовалык демократ-конгрессмен Брюс Бралей бул планы жөнүндө “Азаттыкка” сүйлөп, мыйзам өзү “Арго” тасмасы менен эч кандай байланышы жок экенин белгиледи. Америкалык белгилүү актер жана режиссер Бен Аффлектин фильми өткөн апта этегинде “Оскардын” баш байгесине татыган эле.

Бралей Ирандагы барымта окуясында жабыркаган америкалык дипломаттардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүү жөнүндө мыйзам долбоорун былтыр эле сунуштаган, бирок идея ошол тушта колдоого алынган эмес. Азыр эми “Аргонун” популярдуулугу ага Конгрессте колдоо тапканга жардам бергенин айтып жатат.

"34 жыл мурдагы окуяны көптөгөн америкалыктар дээрлик унутуп калышты. Эми “Арго” тасмасы америкалыктарга өлкөбүздүн тарыхынын маанилүү бөлүгүн кайрадан эске салып, барымтада кармалгандардын жоготуулары жөнүндө кабар берет деген ишеничтебиз, - дейт конгрессмен. - Эми ошол кишилерге колдоо көрсөтүш үчүн көбүрөөк демөөрчүлөрдү табууга да жардам болот го деген үмүт бар".

“Арго” тасмасы барымтадагы 52 америкалык жана Канаданын элчилигинде калган алты кишинин абалын сүрөттөйт. АКШнын элчилигинде 444 күн бою барымтада жаткандар өтө орой суракка алынып, кээде суук бөлмөлөрдө жылаңач кармалышкан.



Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда ошол окуяларда барымтада кармалгандарга жана көзү өткөндөрдүн туугандарына 400 млн. долларга тете компенсация төлөп берүү каралып жатат. Бул акчаны АКШда Иранга каршы киргизилген санкцияларды бузган ишканалардан айып пул иретинде алса болоору айтылууда.

Буга чейин барымтага алынгандар Ирандан чыгымды төлөп беришин талап кылган аракет 1981-жылкы Алжир келишиминен кийин токтоп калган эле. Анда барымта кризиси Алжирдин ортомчулугу менен АКШ жана Иран өкмөттөрүнүн ортосунда келишимге жетишүү аркылуу чечилген. “Алжир келишиминин” негизинде Тегеран барымтадагы дипломаттарды бошоткон, бирок алар кайрадан Иран өкмөтүнө финансылык эч кандай доомат коё албайт деп айтылган болчу.

Азыр эми санкцияларга карабай, Иран менен кызматташкан ишканалардан барымта курмандыктарына акча өндүрүп берүү конгрессмен Бралейдин ишениминде, эң эле туура чечим болгону турат.

"Санкцияларды бузгандарга салынган айып пулду бир компенсация фондуна топтосок, ошонун негизинде адамдарга барымта окуясына кандай тийиштиги бар экенин аныктап, акчаны акыйкат бөлүштүрө алабыз, - дейт Бралей. - Мында барымтага алынгандарга тикелей, же арасында дүйнөдөн кайткандар болсо, алардын жакын туугандарына, узак жылдар мурун баштарынан кечирген оор окуя үчүн жоготуусун толуктаган акыйкат системаны иштеп чыгат элек".

Конгрессмен Брюс Бралей айтып жаткан мыйзам долбоорун Конгресстин Эл өкүлдөр палатасына келерки айда сунуш кыла турганын кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG