Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Роухани: Иран ядролук келишимди бузууга жол бербейт


Бул тууралуу Иран президенти Хасан Роухани 6-декабрда Тегеранда университетте сүйлөгөн учурунда айтты.

“Трамп көп нерсени кылам дейт, бирок алардын бири да бизге таасир этпейт. АКШ жалпы биргелешип аракеттенүү планын бузууга биздин калк жол берет деп ойлойсуздарбы?” деп айтты Роухани.

2015-жылы июль айында Иран жана ири алты мамлекет Тегерандын ядролук программасы боюнча келишимге жетишкен. Анын негизинде Иранга эл аралык санкциялар жеңилдеди.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Иран менен жетишилген келишимди “эң жаман келишим” деп, аны жокко чыгарарын шайлоо өнөктүгү учурунда билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG