Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Армения Бажы биримдигине кадам таштады


Армения президенти Серж Саргсян Москвадагы саммитте. Москва, 24-декабрь.
Армения президенти Серж Саргсян Москвадагы саммитте. Москва, 24-декабрь.

Армения Бажы биримдигинин төртүнчү өлкөсүнө айланчудай. Москвадагы кечээги саммитте расмий Ереван Биримдикке кошулуу боюнча "жол картасына" кол койду. Армениялык талдоочулар өлкө үчүн бул ириде саясий чечим экенин айтышууда.

Москвадагы 24-декабрдагы саммитти утурлай армян парламенти Орусия менен газ боюнча келишимдерди ратификациялаган эле. Ал келишимдерге каршы активисттердин жоон тобу парламент имаратынын сыртында полиция менен тирешип, Еревандагы чоң көчөлөрдүн бирин торошкон.

Жаңы газ келишимине ылайык, Армениянын жергиликтүү газ компаниясынын мурда мамлекет колунда калган 20% акциясы да буга чейин топтолгон карыз үчүн Орусиянын “Газпромунун” карамагына өтөт. Ага катар 2043-жылга чейин Армения газды башка компаниялар аркылуу импорттойт жана көгүлтүр от алуунун шарттарын өзгөртө албайт.

Активисттер жана оппозиция бул келишимдерди өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына кол салгандык катары баалашты.

Орусия менен газ келишимдерине каршы нааразылык акциясына чогулгандар. Ереван, 23-декабрь, 2013-жыл.
Орусия менен газ келишимдерине каршы нааразылык акциясына чогулгандар. Ереван, 23-декабрь, 2013-жыл.
“Азаттыктын” армян кызматы кабарлагандай, оппозиция парламенттеги добуш берүүнү бойкоттоп, атүгүл келишимдин ратификацияланышына жолтоо кылуу үчүн оппозициячыл депутаттар парламент залынан өкмөтчүл депутаттардын электрондук добуш берүүчү карталарын жыйнап кетишкен.

Армения президенти Бажы биримдигине кошулуусун караган "жол картасына" өлкөсүндөгү мына ушул окуялардан кийин койду. Өзү буга чейин Евробиримдик менен да ассоциация келишими боюнча сүйлөшүү жүргүзүп келген Серж Саргсян өлкөсүнүн Бажы биримдикке кирери тууралуу быйыл сентябрда айткан эле.

Еревандык саясат таануучу Сергей Минасян “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, Армениянын Бажы биримдигине кошулуп жатышы саясий чечим:

- Армениянын Бажы биримдигине кошулуу жөнүндөгү чечимине таза саясий жана коопсуздук факторлору өбөлгө болду жана биринчи кезекте Орусия менен Армения президенттери ортосундагы макулдашууларга негизделди. Орусия Бажы биримдигин жана андан кийинки бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүдөгү башкы локомотив болгондуктан Москва менен Ереван ортосунда саясий чечим кабыл алынган соң Армениянын Бажы союзуна кирүү жараяны тездеди.

Бажы биримдигине кирүү Армения үчүн саясий чечим деген пикирлерге Еревандагы Кавказ институтунун директору Александр Искандарян да кошулат. Ал “Азаттык” менен маегинде айткандай, өлкөдө Казакстан, Беларустагы кыйынчылыктарды эске алганда Бажы биримдигине карата мамиле бир кылка эмес:

- Биздин биринчи соода өнөктөшүбүз - Евробиримдик. Бизнес көп жагынан Евробиримдик менен байланган. Экинчи жагынан, энергия булактар, эң башкысы газ негизинен Орусиядан, энергосекторго да инвестиция Орусиядан келүүдө. Калк арасында Бажы союзуна кошулууга нааразылар, каршылар бар. Булар негизинен калктын жаш, шаардык жана Европага ыктаган катмары. Бажы союзуна киргенибизде кандай пайда көрүп, кандай зыян тартабыз? Мунун баары түшүнүктүү болуш үчүн убакыт керек. Бүгүн ал саясий окуя катары гана кабылданып, түрдүү сезимдерди гана жаратууда.

Александр Искандарян “жол картасы” эле Армениянын Бажы биримдигине киришинин шарттары боюнча бардык суроолорго жооп бербесин, өлкөнүн уюмга толук кандуу мүчө болушу үчүн канча убакыт талап кылынары али беймаалымдыгын кошумчалады.

Орус өкмөтүнүн вице-премьер Игорь Шувалов Москвадан кабарчылар менен маегинде Армениянын Бажы биримдигине кириши үчүн жарым жыл убакыт талап кылынарын билдирген.

Евразия Экономикалык кеңешинин саммити. Москва, 23-декабрь, 2013-жыл.
Евразия Экономикалык кеңешинин саммити. Москва, 23-декабрь, 2013-жыл.
Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин саммитте айтканына караганда, Армения Бажы биримдигине кошулуп жатканы менен Тоолуу Карабак чатагы чечиле электигине байланыштуу Бажы биримдигинин Армениядан өтүүчү болочок чек арасы жөнүндөгү маселе али ачык калып жатат.

Орусия, Казакстан, Беларус Бажы союзун Евразия экономикалык союзуна айлантууну көздөөдө. Москвадагы кечээги саммитте жарыялангандай, жаңы уюмду негиздөө келишимине 2014-жылдын май айында кол коюлуп, ал 2015-жылдан тарта иштей башташы керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG