Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Армения Карабактын төбөлсүздүгүн таанууга даяр


Армениянын президенти Серж Саргсян
Армениянын президенти Серж Саргсян

Эгер аймакта кеңири аскерий аракеттер күч алса, Армения Тоолуу Карабактын көз карандысыздыгын таанууга даяр. Бул тууралуу Армениянын президенти Серж Саргсян Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн элчилери менен жолукканда билдирди.

Армениянын президенти Серж Саргсян дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугуп жатып, Тоолуу Карабактагы согуштук аракеттердин мындан аркы эскалациясы “кеңири масштабдагы согушка” жеткириши мүмкүн экенин, бул бир гана Түштүк Кавказдын эмес бүтүндөй Европанын коопсуздугуна жана стабилдүүлүгүнө доо кетириши ыктымалдыгын эскертти:

- Мен Тышкы иштер министрлигине Тоолуу Карабакка өз ара жардам көрсөтүү боюнча келишим түзүү тууралуу тапшырма бердим. Эгер аскерий аракет улана берсе, Армения республикасы Тоолуу Карабактын төбөлсүздүгүн таанууга даяр экенин буга чейин деле бир нече ирет кайталап жүргөм, - деген президент Саргсян Армения 1994-жылкы келишимге кол койгон тарап катары Тоолуу Карабактын элинин коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык милдеттенмелерди аткарарын кошумчалады.

Обама кетип жатып бул жаңжалга кийлигишпейт. Москванын Украина, Сирия жана экономикалык кризиске байланыштуу өз көйгөйү толтура.
Константин фон Эггерт

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына ылайык, армян аскерлери Азербайжандын аймагынан чыгып кетсе, Баку ок атышууну токтотууга даяр экенин Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хикмет Гажиев билдирди.

БУУ тараткан маалыматка караганда, Тоолуу Карабактагы салгылашуудан акыркы үч күн ичинде жалпысынан 33 адам набыт кетип, жарадарлар саны 200гө жетти. Алардын отузу аскер кызматкери, үчөө жай тургун деп айтылат документте. Мурдараак Баку 12 аскери өлгөнүн билдирсе, Ереван 18 кишиси жок болгонун айткан.

АКШ, Орусия, ЕККУ касташкан эки тарапты тең от атышууну токтотууга чакырды. ЖККУнун Минск тобунун өкүлдөрү Тоолуу Карабак маселеси боюнча 4-5-апрелде Венада жолугушуу өткөрүүнү боолгошууда.

Орусиялык саясат таануучу Константин фон Эггерт жаңжалдын өнүгүшүнө эч бир тарап кызыкдар эмес, ошол себептүү жакынкы күндөрү чечилиши толук мүмкүн деген пикирде:

- Албетте, сырткы оюнчулар кошулуп кетсе, жаңжалдын масштабы өсүшү ыктымал. Бирок бул согуштун өрчүшүнө Ереван да, АКШ да, Москва да кызыкдар эмес. Обама кетип жатып бул жаңжалга кийлигишпейт. Москванын Украина, Сирия жана экономикалык кризиске байланыштуу өз көйгөйү толтура. Ошол себептүү жакын арада ЖККУнун Минск тобу аркылуу же Москва менен Вашингтондун түз сүйлөшүүлөрү аркылуу бул маселе чечилет деп ойлойм.

Менимче, Кремль кырдаалга жана айрым саясатчыларга өз таасирдүүлүгүн көргөзүү үчүн дал ушундай аярлуу жерлерде согуштук аракеттерди тутантканга кызыкдар.
Юрий Федоров

Ал эми аскерий-саясий аналитик Юрий Федоров бул жаңжал артында Орусия турушу ыктымал деп эсептейт.

- Азыр эми эки тарап тең маал-маалы менен ок чыгарып, эч бири алдыга чыкпай салгылашууну созуп атышат. Жакында бул нерседен батыш өлкөлөрү деле тажай баштайт. Ошол себептүү АКШ менен Евробиримдик тынчтык жолу менен чечүү үчүн аракет көрө баштайт. Ал эми бул нерсе үчүн кайрадан эле Кремль менен тыгыз байланыш керек. Ошондо Орусия кайрадан аймактагы күчтүү оюнчу жана бейпилдик орнотуучу күч катары көрүнүп калат. Менимче, Кремль кырдаалга жана айрым саясатчыларга өз таасирдүүлүгүн көргөзүү үчүн дал ушундай аярлуу жерлерде согуштук аракеттерди тутантканга кызыкдар.

Азербайжан менен армяндардын Тоолуу Карабактагы салгылашы 2-апрель күнү эртең менен башталган. Куралдуу жаңжалдын башталышына эки тарап бири-бирин күнөөлөп жатат.

Тоолуу Карабактагы жаңжал алгач 1988-жылы тутанган. Негизинен армян улутундагылар отурукташкан Тоолуу Карабак автоном облусунун жетекчилиги ошол кездеги Азербайжан ССРинен бөлүнүп чыгуу ниетин билдирген.

Алты жылдык согушта кеминде 30 миңдей адам набыт болгон. 1994-жылы ок атышпоо келишимине кол коюлганына карабастан, эки тарап тең макулдашууну бир нече ирет бузган.

XS
SM
MD
LG