Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Армения өкмөтү Тоолуу Карабактын эгемендигин таануу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырып, парламент кароосуна жөнөттү. Апрель айындагы кыска мөөнөттүк, бирок катуу кагылышуудан кийин Ереван кабыл алган чечим эмнеге алып келет?

Армения өкмөтү 5-майдагы жыйынында Тоолуу Карабактын көз карандысыздыгын таануу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырып, аны парламент кароосуна жөнөттү. Өкмөт жыйынында оппозициялык депутаттар Заруи Постанджян жана Грант Багратян сунуштаган мыйзам долбоору мурункудай четке кагылган эмес. Буга чейин Армения өкмөтү Тоолуу Карабактын көз карандысыздыгы жөнүндөгү мыйзам долбоорун четке кагып келген. Анткени ал сүйлөшүү жараянына тоскоолдук кылат деп эсептеген.

Армениянын тышкы иштер министринин орун басары Шаварш Кочаряндын айтымында, мыйзам долбоору “Армения жана Тоолуу Карабак ортосунда талкуу жана кырдаалдын андан ары өрчүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен” өкмөттө жактырылды.

Армения менен Азербайжан азыркы кезде “кырдыбычак” алдында турат. Кырдаал өзгөчө 2-апрелде башталган катуу кагылышуудан кийин курчуп кеткен.

2-апрелде башталган кагылышуу Орусиянын ортомчулугу менен токтотулуп, 5-апрелден тарта ок атууну токтотуу келишими күчүнө кирген. Бирок ага карабай Тоолуу Карабакта эки тарап улам атышып, келишим бузулуп жатканын эки тарап тең билдирүүдө.

Эксперттер 2-апрелдеги кагылышууда Азербайжан куралдуу күчтөрү аз болсо да жерлерин кайтарып, Армения техника жана аскер жагынан да олуттуу жоготууга учураганын белгилешкен. Буга чейин Азербайжан тарап жеңилүү ызасын көп тартып келген эле.

Маселен, 1990-жылы башталып, 1994-жылы токтотулган Тоолуу Карабактагы согушта Азербайжан Тоолуу Карабак автономиялуу облусун эле эмес, мамлекеттин ичиндеги беш районго толук, эки районго жарым-жартылай көзөмөлүн жоготкон.

Мунайга баанын кымбаттыгы Азербайжандын экономикасын бекемдеп, Баку аскерий бюджеттин көлөмүн 3 млрд. долларга чейин жеткирген. Мына ошонун негизинде Баку жаңы курал-жарак, аскердик техникаларды сатып алуу менен армиясынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен.

Армения Орусиянын Азербайжанга курал сатуусуна терс көз карашта. Бул маселе стратегиялык өнөктөш аталган Москва менен Еревандын ортосунда пикир келишпестикке, Ереван көчөлөрүндө антиорусиялык акциялардын пайда болушуна да алып келди.

Армениянын президенти Серж Саргсян "Дойче веллеге" берген маегинде Орусиянын Азербайжанга курал сатуусуна каршы пикирин билдирген. Ошол эле учурда Еревандын ушул кезге чейин Тоолуу Карабактын көз карандысыздыгын тааныбай келишин тынчтык сүйлөшүү үчүн кошкон салым катары баалаган:

- Анткени бул биз тараптан жасалган мунаса. Эгерде Армения Тоолуу Карабактын көз карандысыздыгын бүгүн тааныган болсо, анда бул чатакты жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүдөн баш тартуу болмок. Эгерде биз Тоолуу Карабактын эгемендигин таанысак, анда эмне жөнүндө сүйлөшмөк элек? Мына ушунун өзү да биздин жаңжалды күчөп кетишине жол бербөө үчүн салган салым.

Армян бийлиги эгерде Азербайжан Тоолуу Карабакты күч менен тартып алууга киришсе, анда Ереван анын көз карандысыздыгын таанып, согуш эки өлкөнүн ортосунда тутанышына жол ачылат.

Азербайжан ошондуктан Армения өкмөтүнүн чечимин чагым катары баалады. Баку тарап ар дайым өз жеринде экенин, агрессор наркы тарап экенин билдирип келет. Ошентип, Кавказдагы согуштун бир очогу быкшып-түтөгөн бойдон турат.

АКШ, Орусия жана Франциянын төрагалыгы астында Минск тобу Тоолуу Карабак жаңжалын чечүү үчүн көп жылдан бери сүйлөшүү жүргүзүп келатат. Бирок мунаса табыла элек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG