Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Жоокердин кылмышы орус-армян алакасын муздатабы?


Прокуратура алдына нааразылыкка чыккандар. 15-январь. Гүмри, Армения.
Прокуратура алдына нааразылыкка чыккандар. 15-январь. Гүмри, Армения.

Ереванда жана Гүмриде бир үй-бүлөнү өлтүргөнүн мойнуна алган орусиялык жоокерди армян сотуна өткөрүп берүүнү талап кылгандар көчөгө чыгышты.

Гүмри шаарында болгон бул кандуу окуя миңдеген адамдын көчөгө чыгышына түрткү болду. 15-январда Еревандагы орус элчилигинин алдында жана Гүмри шаарындагы орусиялык аскер базасынын жанына чогулгандар орусиялык аскер кызматкери Валерий Премяковду армян сотуна өткөрүп берүү талабын коюшту. Аталган жоокердин кылмышын учурда орусиялык тергөөчүлөр иликтөөдө.

Орус консулдугунун алдындагы митинг аягында чыңалып отуруп, полиция менен демонстранттардын кагылышуусуна алып келди. Натыйжада 15 киши түрдүү жаракат алып, 20 чамалуу адам кыска мөөнөткө камакка алынды. Полиция менен элдин кагылышуусу 15-январда Еревандагы Орусиянын элчилиги алдында да болгон. Акциянын катышуучулары Орусиянын желегин өрттөөгө аракет кылышты.

Нааразылык акциясына чыккандарды полиция кармап кетүүдө.

Бир үй-бүлөнүн канына забын болгон Валерий Премяков 102-аскер базанын аймагында кармалууда. 12-январда ал маркум Аветисяндын үйүнө кирип барган. Өзүнүн айтымында, буга анын ашкере суусаганы себеп болгон. Бирок эмнегедир ал чаңкоосун ок чыгаруу менен баскан. Ал наристелерди да аяган эмес. Эки жашар кызды сайып өлтүргөн. Бычак жеген алты айлык наристе учурда оор абалда ооруканада жатат.

Нааразылар менен полициянын кагышуусу. Гүмри. 15-январь.
Нааразылар менен полициянын кагышуусу. Гүмри. 15-январь.

Пермяков бул кылмыштан кийин аскердик формасын жарандык кийимге алмаштырып, качып кеткен. Кылмыш болгон жерде анын аты чегилген биркасы бар бут кийими калган. Бир нече сааттан кийин ал Түркия менен чектешкен жерден кармалган.

15-январда Гүмриде маркумдар жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына миңдеген адамдар менен кошо Армения парламентинин депутаттары, коомдук ишмерлер келишти.

Киши колдуу болгон үй-бүлө мүчөлөрүн акыркы сапарга узатуу. 15-январь, 2015-жыл.

Аветисяндын үй-бүлөсүнүн өлүмүнө байланыштуу армян жана орус мыйзамы боюнча иш козголду. Бейшембиде Армениянын башкы прокурору Геворк Костанян бул эки иш бирге каралышы мүмкүн экенин маалымдады. Прокурордун айтымында, кылмыш болгон жердеги илинчектер армян тергөөчүлөрүнүн колунда. Ал орус кесиптеши Юрий Чайкага кылмыш ишин Армениянын юрисдикциясына өткөрүп берүү боюнча кайрылуу жолдорун кошумчалады.

Костаняндын сөзү боюнча, Армениядагы орус аскер кызматкерлеринин статусу боюнча келишимде: армян жеринде жүрүп кылмыш кылган орус кызматкерлеринин ишин Армениянын мыйзамына ылайык, жергиликтүү тергөөчүлөр иликтеши керек деп жазылган. Бирок орус жоокерлеринин аскердик кылмышы же тартип бузуусу орус юрисдикциясы боюнча териштирилет.

Армениянын парламентинин оппозициялык фракциясынын депутаты Заруи Постанджян ишти бийликтин башка органдары да көзөмөлдөөсү зарыл деп эсептейт:

– Мен Армениянын премьер-министрине жана парламент спикерине чалып, ишке көзөмөл кылуусун айтам. Анткени мен бир прокурордун талабы боюнча жыйынтык чыгарына ишене албай турам.

Ал эми Гүмриде болуп келген армян журналисти Армен Сулейманян орусиялык “Дождь” телеканалына берген маегинде кылмышка байланыштуу бир катар жагдайларга токтолду.

Аветисяндын үй-бүлөсүн атып өлтүргөн Валерия Премяков.
Аветисяндын үй-бүлөсүн атып өлтүргөн Валерия Премяков.

– Кызыгы, ал автомат менен аскер бөлүктү таштап кеткенде айгай салышкан эмес. Бир аскердин шаарда курал көтөрүп жүргөнү да эч кимди кызыктырбаган. Азыр армян чиновниктери да "суу сураган учурда бербей коюшкан, анан ал баарын атып салган" деп айтып жатат. Мунун баары барып-келип эле аскер базасынын жетекчилиги кылмышты жаап-жашырып атканынан кабар берет. Эгер ал аскер бөлүктөн кимдир бирөөнү атып салса түшүнүүгө болот эле. Бирок кылмыш Армениянын территориясында, Гүмриде болуп жатпайбы. Бул 15 жылдан берки эң коркунучтуу кылмыш. Түшүнүктүү тил менен айтсак, жоокерди калкалагандар бар. Бир эле орус тараптан эмес, армян чиновниктери да аралашкандай...

Армян бийликтери башынан эле бул кылмыш Орусия менен алакага терс таасир тийгизгенин каалаган эмес. Армениянын коргоо министри Сейран Оганян шейшембиде Гүмриге келген орус делегациясы менен сүйлөшүү учурунда муну ачык эле айтты:

– Бүгүн биздин Орусия менен мамилебиз бийик деңгээлде. Андыктан аны өтө эле саясатташтырып, начарлатуунун кажети жок. Аскер кызматташтыгыбыз да жогорку деңгээлде,- деди армян коргоо министри.

Орусиянын коргоо министринин биринчи орун басары Аркадий Бахин шаршембиде Арменияга келген учурда “102-аскер базада болгон окуя боюнча кызматтык териштирүү бүткөнүн, күнөөлүүлөр аныкталганын” билдирди. Генерал Бахиндин айтымында, Валерий Премяков Арменияда кармалып турат. Буга чейин Ереванда жана Гүмриде нааразылык акциясына чыккандар ал өлкө аймагынан чыгарылып кетиши мүмкүн деп чочулап атышкан.

Ал ортодо Армениянын расмий адамдары жергиликтүү элдин сынына кабылууда. Армениянын саясий жана эл аралык иликтөө боюнча борборунун жетекчиси Рубен Меграбян болуп өткөн окуяны “биздин үйдө биздин коопсуздук камсыздалбайт” деп айтып чыкты.

Ярослав Шимов, "Азаттыктын" орус кызматынын кабарчысы

XS
SM
MD
LG