Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Ереван Москванын "жүгөнүнөн" бошонууда


Армения президенти Серж Саргсян (солдо) Британиянын ханзадасы Чарльз менен Еревандагы Опера жана балет театрында. 29-май, 2013
Армения президенти Серж Саргсян (солдо) Британиянын ханзадасы Чарльз менен Еревандагы Опера жана балет театрында. 29-май, 2013

Армения узак жылдардан бери Орусиянын Түштүк Кавказдагы эң ишенимдүү өнөктөштүрүнүн бири саналат.

Ошондуктан бир жума мурда Армения президентинин Орусия башындагы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бишкектеги бейрасмий жыйынына барбай калуусу көпчүлүк элдин көңүлүн өзүнө бурду.

Серж Саргсяндын Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин 28-майда, Бишкекте болгон бейрасмий жыйынына барбай калуусу кээ бир талдоочуларда - Ереван Москванын таасиринен бошонууга аракеттенип жатат окшойт дегендей күдүк ойлорду жаратты. Ереван өзү Серж Саргсяндын ЖККУнун саммитине барбай калуусунун - 28-май Армения Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгы экени жана бул күнү Ереванга Британиянын ханзадасы Чарльздын келүүсү менен түшүндүрдү. Айрым байкоочулар мындай түшүндүрмөгө макул эмес.

Еревандык серепчи Ричард Гирагосяндын сөзүнө караганда, Армения жетекчилиги соңку эки-үч жылдын арасында Москвага “кулдук урууну” токтотуу максаты менен көп шарданалабай эле "жаңы стратегияны түптөөгө” киришти.

Көптөгөн жылдар бою Армения үчүн Орусиянын мамлекеттик гарнизонунан бир аз болсо да жогорулоо коркунучтуу эле. Бул мезгилде өлкө Орусияга ашыкча көз каранды болуп, Орусиянын саясий кызыкчылыгына баш ийчү. Акыркы эки-үч жылда бул өзгөрдү,” -деди Еревандагы Регионалдык изилдөөлөр борборунун директору Ричард Гирагосян.

Акыркы жылдары Армения жетекчилиги НАТО менен кызматташууну чыңдап, Европа Биримдиги менен да мамилесин “Чыгыш кызматташуусу” программасынын алкагында жакшыртууда. Серепчилер баамдагандай, Армениянын “Чыгыш кызматташуусу” программасына катышуусу Украина же Молдовадагы сыяктуу даңазаланып жаткан жок. Бирок Ереван быйыл ноябрда Евробиримдик менен кеңири масштабдагы эркин соода келишимине кол койгону жатат.

Ырас, армениялык расмий адамдар Ереван-Москва арасындагы мамиле “ырааттуу” өнүгүп жатат дешет. Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Артур Багдасарян 30-майда жасаган билдирүүсүндө ар кандай имиш сөздөрдү четке кагып, эки өлкөнүн саясий кызматташуусу бийик деңгээлде жүрүп жатканын баса айтты:

- Армения-Орусия байланышы өтө мыкты жана оң нукта өнүгүүдө деп ишенем. Армения-Орусиянын президенттери жана өкмөттөрү, тышкы иштер министрлери жана коопсуздук кеңештери арасындагы саясий диалогу бийик деңгээлде жүрүүдө. Армения-Орусиянын стратегиялык кызматташуусу бардык тармактарда ийгиликтүү өнүгүүдө.

Артур Багдасарян ошондой эле Бишкектеги жыйынга Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандян баштаган мартабалуу делегация катышканын кошумчалады.

Ал эми Ричард Гирагосян Армения менен Орусиянын мамилеси эволюциялык жол менен өнүгүп жатканына көңүл бурду. Ырасында эле, эки өлкөнүн мамилеси Москва-Баку же Москва-Тбилиси арасындагы кызматташууга караганда алда канча мыкты.

Армения Азербайжан менен тирешүүдө Орусиядан саясий жана аскердик колдоо алып турат. Армениянын энергетика тармагын Москва көзөмөлдөйт. Улуттук экономикага Орусиядагы эмгек мигранттары жиберген акчалар олуттуу салым кошот. Мындан тышкары Түштүк Кавказдагы Орусиянын аскерий базасы жалгыз Арменияда жайгашкан жана региондон Армения гана ЖККУга мүчө.

Ричард Гирагосяндын оюнча, Ереван Орусиянын Бажы союзуна Арменияны тартуу аракетине каршылык көрсөтүүнү уланта берет жана мындай аракети Евробиримдик тарабынан Вильнюс саммитинде татыктуу бааланат деген үмүттө:

- Армения Орусияга чакырык таштаганда, Орусия Арменияга көрсөткөн ишенимге карап, демейде өзүнө дагы көп урмат көрсөтүлүшүн каалайт. Башкача айтканда, Армениянын стратегиялык мааниси Орусия тааныгандан алда канча чоң.

Белгилей кетели, Евробиримдик билдиргенге караганда, Евразия бажы союзуна мүчө өлкө Кеңири масштабдагы эркин соода келишимине жана Биримдиктин Ассоциациялык келишимине кошула албайт. Ошон үчүн Ереван Евробиримдикке ык койсо, Орусия башындагы Бажы союзуна кирбөөгө тийиш.

XS
SM
MD
LG