Линктер

Арменияда орус аскери өмүр бою соттолду


19 жаштагы орусиялык аскер Валерий Пермяков

19 жаштагы орусиялык аскер Валерий Пермяков

Арменияда аскерий базада кызмат өтөгөн орусиялык жоокер Валерий Пермяков жергиликтүү армян үй-бүлөнүн жети мүчөсүн өлтүрдү деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылды.

Армениянын соту 19 жаштагы орусиялык аскер Валерий Пермяков боюнча өкүмүн шейшембиде угузду. Бир үй-бүлөнүн жети мүчөсүн атып өлтүргөн деп айыпталган Валерий Пермяков сотто акыркы сөзүн сүйлөөдөн баш тартты. Ал буга чейин өзүнө коюлган айыптардын баарын мойнуна алган. Прокурорлор Пермяков Аветисяндардын үй-бүлө мүчөлөрүн жырткычтык менен өлтүргөн, түрк-армения чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган деген айыптарды тагып, соттон аны өмүр бою эркинен ажыратууну суранышкан. Пермяковдун адвокаты, укук коргоочу Артур Сакунц бул окуя боюнча жетиштүү тергөө жүрбөгөнүн айтты. Ал тогуз айга созулган соттук териштирүүдө кылмыш иши толук ачылбаганын белгиледи. Тактап айтканда Сакунц Аветисяндарды өлтүрүүнүн башкы себеби алардын үйүнөн уурдалган алты миң драма (армян акчасы) экенине ишенбей турганына токтолду .

“Кылмыштын себеби ачылган эмес, ошондуктан бул окуя толук териштирилген жок деп ойлойм” –деди укук коргоочу Артур Сакунц.

2015-жылдын 12-январында Валерий Пермяков Гүмри шаарындагы 102-базадан качып чыгып, Аветисяндын үйүнө кирип барган. Ал үй-бүлөнүн беш мүчөсүн атып, ал эми эки жашар кызды сайып өлтүргөн, дагы бир алты айлык ымыркай алган жараатынан кийин ооруканада чарчап калган. Сотко чейинки териштирүүдө жасаган билдирүүсүндө ал базадан качып кетүүнү көздөгөнүн, ал эми Аветисяндардын үйүнө кокусунан эле жарандык кийим, анан бир аз акча алуу үчүн киргенин айткан. Аскер эмнеге үй-бүлө мүчөлөрүнө ок чыгарганын түшүндүрө алган эмес. Муну нес болуп эмне жасап жатканын билбей калып, кылганын айткан. Кылмыштан көп өтпөй Пермяков Армения менен Түркиянын чек арасындагы Баяндур кыштагынан чек араны кесип өтүүгө аркеттенип жатканда колго түшкөн.

Аветисяндын үй-бүлөсүнүн өлүмүнө байланыштуу Армениянын жана Орусиянын мыйзамы боюнча иш козголгон. 2015-жылдын августтунда Валерий Пермяковду аскерден качкан, курал уурдаган жана мыйзамсыз курал алып жүргөн деген айыптын негизинде Орусиянын аскер соту 10 жылга абакка кескен. Пермяковдун сотун Арменияда ачык өткөрүү талабы менен Гүмри жана Ереван шаарларында миңдеген адамдар митингге чыгышкан. Кийин орус бийликтери Пермяковду Ереванга өткөрүп беришкен.

Азырынча орус аскери өз жазасын кайда өтөөрү белгисиз. Айрым армян маалымат каражаттары Пермяков орус түрмөсүндө болоорун жазышты.

Ал эми Аветисяндардын туугандары Адам укуктары боюнча Европа сотуна Орусия бийликтерине каршы доо арыз менен кайрылышты. Алар өлтүрүлгөн ар бир чоң киши үчүн 50 миң евродон, ал эми балдар үчүн 200 миң евродон талап кылышууда. Маркумдардын туугандары орус бийликтери аскерге акыл-эси орунда эмес жигитти жөнөтүп, ага курал бергени үчүн жооп бериши керек деп санашат. Дарыгерлер болсо атайын текшерүүлөрдөн соң Пермяковдун акыл-эси орунда деп табышкан.

Стратегиялык аймак деп эсептелген Түштүк Кавказдагы Москванын негизги таяныч пункту саналган Орусиянын Гүмри базасында болжол менен үч миңдей аскер бар. База Еревандан 120 чакырым ыраакта жайгашкан.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG