Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Армян кыргынынын 100 жылдыгы белгиленүүдө


Кыргынга кабылгандардын урматына күйүп турган түбөлүк от. Цицернакаберд, Армения
Кыргынга кабылгандардын урматына күйүп турган түбөлүк от. Цицернакаберд, Армения

24-апрелде Арменияда жана армян жамааттары жашаган дүйнө өлкөлөрүндө 100 жыл мурда Осмон султандыгы маалындагы коогалаңда кыргынга кабылган кандаштарын эскеришти.

Бир катар тарыхчылар менен армяндардын ырасташынча, 1915-жылкы апаатта 1,5 миллион чакты армян кырылган. Түркия капсалаңда өлгөн армяндардын саны жөнүндө маалымат негизсиз, алар ич ара согуштун курмандыгы болгон деп санайт.

Армениядагы зыяпатка Орусия, Франция, Сербия жана Кипрдин президенттери, ошондой эле АКШдан финансы министри Жэкоб Леви баштаган президенттик делегация катышты. Президент Серж Саргсян баш болгон мартабалуу коноктор Еревандагы мемориалдык комплекске эскерүү салтанаттын символу болгон саргылт розаны бир даанадан коюшту. Мектеп окуучулары армян жамааты бар өлкөлөрдүн кичинекей желектерин булгалап турушту.

Цицернакабердге кыргында курман болгондорду эскерүү үчүн келген дүйнө лидерлери
Цицернакабердге кыргында курман болгондорду эскерүү үчүн келген дүйнө лидерлери

Серж Саргсян маараке катышуучуларына кайрылып, 100 жыл мурда болгон кыямат окуяны унутпай, адамдык насил-наркты сыйлаганын дагы бир ирет тастыктап жаткан адамдарга ыраазычылык билдирди.

Франциянын президенти Франсуа Олланд Ереванга “армениялык досторго эли баштан кечирген трагедияны эч ким унутпасын айтканы келдим” деди. Кээ бир маалыматтар боюнча, Францияда жарым миллион армян жашайт.

Президент Владимир Путиндин айтымында, “адамдарды массалык кырып жок кылууну актап болбойт” жана бул күнү орусиялыктар “армян эли менен чогуу таат кылууда”. Москва-Ереван өз ара жакшы мамиледе жана Кремлдин Арменияга таасири күчтүү.

23-апрелде Армян чиркөөсү 100 жыл мурдагы каргашага тушуккан армяндарды "динин дилинде бекем тутуп өлгөн ыйыктар" деп жарыялады. Бул Армян чиркөөсүнүн акыркы 400 жылда шейит өлгөн динзарларын алгачкы ирет ыйык деп таануусу.

Архивдеги сүрөттөрдөн
Архивдеги сүрөттөрдөн

Бейшемби күнү Берлинде да 100 жыл мурдагы коогалаңда жаны жайран болгон армяндарды эскерген диний жөрөлгө өттү. Анда сүйлөгөн президент Иоахим Гаук армяндардын башына түшкөн кара күндү кызыл кыргындын үлгүсү деп мүнөздөдү:

- Армяндардын тагдыры 20-кылымда катаал жолду шарданалаган массалык жок кылуулардын, этностук тазалоонун, элди көчүрүүнүн, ошондой эле геноциддин үлгүсү.

Гауктун сөзүнө караганда, Биринчи Дүйнөлүк согуш кезде армяндардын жапа тартканы үчүн Германия да жоопкерчиликти бөлүшүүсү мүмкүн, анткени канды булоонду пландоого германиялык аскер кеңешчилер да катышкан.

Көптөгөн тарыхчылар Осмон түрктөрү тарабынан 1,5 млн. армян жок кылынган деп эсептешет
Көптөгөн тарыхчылар Осмон түрктөрү тарабынан 1,5 млн. армян жок кылынган деп эсептешет

Стамбулда да 1915-жылкы канды булоондо жексен болгон армяндар эскерилүүдө. Көптөгөн тарыхчылар бир кылым мурдагы капсалаңда жана армяндарды сүр-сүргө алып, көчүрүүдө Осмон түрктөрү тарабынан 1,5 млн. армян жок кылынган деп эсептешет. Ал кыргынды 20 мамлекет, анын ичинде Франция жана Орусия геноцид деп таанышкан.

Түркиянын айтымында, армяндар атайылап тукум курут кылынган эмес, ич ара чатакта армяндар менен кошо түрктөр да кырылган. Ошон үчүн Анкара эки жактын тарыхчылары кандуу калабада канча армян апаат болгонун архивдик материалдардын негизинде иликтеп чыксын деп көшөрүүдө.

Ушундай жүйөдөн улам Түркия 22-апрелде Австрия парламентиндеги партиялар армяндардын кырылуусун геноцид деп атаган кайрылуу жасагандан кийин Венадагы элчисин чакыртып алган. 12-апрелде Рим католик чиркөөсүнүн адыйы Франциск армяндарды жок кылууну 20-кылымдагы биринчи “геноцид” деп атагандан кийин да Анкара жогорудагыдай кадамга барган.

АКШ президенти Барак Обама 23-апрелде жасаган билдирүүсүндө 100 жыл мурда армяндар кабылган кыянаттыкты “коркунучтуу кызыл кыргын” деп, “геноцид” деген терминди пайдаланбады. Муну Американын армян жамааты Түркияны колдогон “лингвистикалык гимнастика” деп сыпаттады.

Армения президенти Саргсян 23-апрелде Си-эн-эн Түрк телеканалына курган маегинде айтышынча, Түркия 100 жыл мурдагы геноцидди моюнуна алса гана эки элдин элдешүүсүнө чыйыр салынат.

XS
SM
MD
LG