Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Түркия Асадды токтоосуз кызматтан кетирүү талабынан кайтты


Башар Асад
Башар Асад

Түркиянын вице-премьер-министри Мехмет Шимшек Анкара мындан ары Сирия жаңжалын жөнгө салуу үчүн Асаддын отставкасын талап кылбасын билдирди. Түрк бийлиги мурдараак Асад Сириядагы негизги саясий оюнчу экенин айтып чыккан.

Мехмет Шимшектин 20-январдагы билдирүүсү Түркиянын Асадды кетирбей туруп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирген алгачкы сөз болду. Вице-премьер ошол эле учурда расмий Анкара Сирия элинин кайгысы жана трагедиясы үчүн айып толугу менен Асаддын моюнунда деген позициясынан да жанбаганын кошумчалады.

Түркия 2011-жылы Сирияда согуш башталгандан бери Асадга каршы чыккан козголоңчуларды колдоп келет.

XS
SM
MD
LG