Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Ак-Шыйрак: Улуу Үркүндө набыт болгондорго урпактык таазим

Ак-Шыйрак кыштагынын жанындагы көрүстөнгө 1916-жылы Улуу Үркүн маалында бул аймактагы ашууларда набыт болгондордун сөөктөрү арууланып кайра коюлуп, куран окулду. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы кыргыз-кытай чек арасына жакын бийик тоолуу айылдагы иш-чарага Кыргыз Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештин, ар кыл саясий партиялардын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Кыргыз Өкмөтүнүн 1-вице-премьери Тайырбек Сарпашев, Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, ЖК депутаттары Өмүрбек Текебаев, Каныбек Иманалиев, коомдук ишмерлер Салмоорбек Дыйканов, Рустам Маманов, Бейшенбек Абдырасаков, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин ж.б. эскерүү жыйынында чыгып сүйлөштү. 2016-жылы боло турган Кыргызстандагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн жана ал жеңилген соң башталган Улуу Үркүндүн 100 жылдык мааракесин расмий деңгээлде татыктуу белгилөө, эстеликтер орнотуу, архивдик маалыматтарды тереңдеп иликтөө, көркөм жана даректүү тасмалар даярдоо ж.б. тууралуу ар кыл пикирлер ортого салынды. 02.8.2014.

16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

XS
SM
MD
LG