Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:13

Арслан Капай уулу: Калемгердин замандашка айтчу кеби арбын


Жазуучу, публицист жана тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев. 02.03.2011.

Жазуучу, публицист жана тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев. 02.03.2011.

Постсоветтик жаңылануу доору көркөм адабияттын кризиске капталган учуру катары сыпатталып келатат. Калемгерлер коммунисттик цензурадан биротоло бошонгон бул доорду акыл-ой чабыт эркиндигинин жаңы сереси катары караса деле болор? Айтар кеби бар бабалардын сөзүн азыр элге дурустап жеткире баштадык окшойт. Эр ортону элүүгө жеткен калемгер Арслан Капай уулу Койчиевдин чыгармачылыгы – буга өрнөк.

Калемгер эмне үчүн калемин жорголотот?

Те совет доорунда бир тамашалуу окуя бар эле. “Эмне үчүн үч-төрт сап менен бүтүрчү ырыңды түбүнө жеткис поэмага айландырдың?” деген суроого бир акын жооп берген экен:

- Антип көлөмүн көбөйтпөсөм, жубайыма жүнү кулпурган териден тигилген тон алып бере албай калып жатам.

Тамашаны азыркы калемгерлерге жакшылап түшүндүрбөсө, жылмайып да коюшпайт. Жазган ырыңыздын калем акысы анын мазмуну, деңгээли үчүн гана эмес, ыр саптарынын саны үчүн да төлөнчү.

Бирок ошол совет доорунда Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов сыяктуу кыргыз адабиятынын алптары чыккан. Хан Теңирди өзгөчө баалаш үчүн анын тегерегиндеги жапызыраак башка да жүздөгөн чокуларды да сересеп кылып айта кетпесек болбойт. Бардыгы тең эле ыр саптарынын санын тирмийип санап отурчу эмес.

Ошол доордо да, азыр да нагыз калемгердин башкы түйшүгү – жаңыча из менен басып, калайыкты жаңыча ойго жетелөө далалаты.

Бирок азыр мурдагыдай цензура жок кезде, калемгердин жүгү ого бетер оорлой түштү. Себеби мурда Чыңгыз Айтматовдун эзоп тили менен цензорго байкатпастан өз тарыхыңды бил деген “маңкурт” тууралуу уламышын окуп, сап артында катылган тымызын маанини ээрчип, маашырланар элек. Ачыгыраак жазып койгондор “улутчул” катары куугунтук жешкен учурлар деле арбын болду.

Бүгүнкү калемгердин түйшүгү доордун жогорку денгээлинен төмөн түшпөй, илгерилеп кетүү үчүн жазуу, экинчи чети, жаңы доордо, өткөөл доордо, мындан да жаңы жана татаал боло турган доор үчүн көркөм каражат менен өз замандаштары үчүн ойготкуч жол чабуу...

Тарыхчы Арслан Капай уулу

Оболу тарыхчы, булак таануучу катары таанылган Арслан Капай уулу Койчиев дал ушул өткөөл кезеңге тарыхый доорлорду үңүлө караган жаш романчы катары суурулуп чыга келди.

Анын буга чейинки илимий иликтөөлөрү он тогузунчу кылымдагы кыргыз элчилеринин жана төбөлдөрүнүн арап жазмасындагы дипломатиялык каттарын түп нускасында жаңыча изилдөө, оторчулук доорундагы жана совет доорунун алгачкы мезгилиндеги чек ара маселелери, тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулунун чапкан жолу, Борбордук Азиядагы жумурияттардын этностук-аймактык жиктелиш тарыхынын көйгөйлөрү сыяктуу маселелерди өзүнө камтыган.

Бул эмгектер деле Ата Журтубуздагы тарых илиминде жаңычыл мүнөзү, бир катар саамалыктары менен айырмаланган. Илимий иштин өзүнчө супсак тили, айырмалуу, кайсы бир деңгээлде чектелүү окурманы бардыгын эске алсак, илимпоздун кийинчерээк көркөм адабиятка калемгер катары сүңгүшүнүн канчалык оор экендигин билүү кыйын эмес.

Замандаш калемгердин өмүр жолуна кыскача кылчайсак, ал 1965-жылы аяк оона (сентябр) айынын 29унда Кыргызстандын азыркы Жалал-Абат облусуна караштуу Токтогул районунда, айтылуу Кетмен-Төбө өрөөнүндө, айылдык тарыхчы мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Анын ата-бабаларынын айылы Токтогул суу сактагычынын алдында калган. Атасы толук изилденбестен жок болгон бабалар мурасы жөнүндө көп айтар эле. Өзү да куйма кулак болуп, бардык тарыхый уламыштарды өзгөчө кызыгып, жакшылап эстеп калчу.

Элет жеринде, Токтогул айлында орто мектепти аяктап, Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн соң, азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин, андан соң аталган факультетте аспирантураны аяктап, диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Ал азыр - тарых илимдеринин кандидаты.

Арслан мырза Лондондо Би-Би-Сиде иштеп жүргөн чагында Лондон Университетинин Чыгыш таануу жана Африка таануу мектебин (School of Oriental and African Studies, University of London) аяктап, магистрдик диссертациясын англис тилинде жазып, диплом алган. Нечендеген илимий-публицисттик макалаларын кыргыз, орус, англис тилдеринде жарыялаган илимпоз катары маалым.

“Сынган кылычты” аздектеген шакирт

Арслан Капай уулун кыргыздын тарыхый роман жазуу салтында айтылуу жазуучу Төлөгөн Касымбековдун окуучусу катары кабыл алса да болот.

Бир кызыктуу окуя да эсимде. Арсландын Лондондо чогуу иштеп жүргөн Давлет ысымдуу казак досу бар эле. Ага Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романын берет да, ар бир бабын бүтүргөн сайын сыра ичүүгө ресторанга конокко чакырып турат.

Өзү сүйгөн романды казак досу да жакшылап окуса экен, деп базар экономикасынын шартына ылайык аны шыктандырган тамашалуу усулу ушундай болду. Романды жатка билген Арслан мырза кээде досу капкаякты айтып, “окудум” деп келсе, анын калпын кармап, сырага алып барбай койчу. Акыры досу романды аяктайт да, көчмөн кыргыздар менен кыпчактар Кокон хандыгынын доорунда маанилүү саясий ролду ойногонун алгачкы жолу аңдайт.

“Мисмилдирик” романы

2010-жылы Арслан Капай уулу Түндүк Кыргызстандагы падышалык Орусияга каршы 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүш жана андан кийинки Улуу Үркүндүн кайгылуу окуялары сыпатталган "Мисмилдирик" деген романды жарыялады. Бул романды жазуу түйшүгүн ал мурдатан эле тартып жүрчү.

Адистердин айтуусунда, бул жаңы роман азыркы кылымыбыздын башында кыргыз калемгерлери жараткан жаңыча сөз камтылган тарыхый-көркөм чыгармалардын бараандууларынан болуп калды.

Белгилүү тарыхчы, ыраматылык профессор Бектемир Жумабаев бул көркөм чыгармада жалаң гана 1916-жылкы окуялар сыпатталып чектелбегендигин 2010-жылы жалган куран (март) айында баса белгилеген:

“...1916-жылкы көтөрүлүштө да, 1937-жылкы репрессияда да кыргыздын каймагы кеткен, бейкүнөө адамдар жок кылынган. 1916-жылкы көтөрүлүштүн башында кыргыздын саясий элитасы - Мөкүштөр, Канаат хандар башында турган. А.Койчиевден мурда да 1916-жылдагы көтөрүлүш боюнча “Канаат хан” деген роман жазылган. 1916-жылга арналган чыгармалар көп. Бирок аны 1937-жылкы кыргын менен бирге кошо көрсөткөн чыгарма жок болчу”.

Таанымал адабият таануучу жана философ, профессор Жамгырбек Бөкөшов мырза бул романга өзүнүн жылуу баасын берип, эмне үчүн тарыхчы көркөм адабият тили менен 1916-жылкы окуяларды сыпаттагысы келгенин мындайча жоромолдогону бар:

- 1916-жылды тарыхчылардын изилдегени, илимий эмгектерди жазганы бир жөн. Ал эми сүрөткер катары ошол окуяларды көркөм образдар аркылуу жаратуу башка кеп. Арслан Койчиев тарыхчы катары тарыхый булактарды казып көрүп, анан ага ичи чыкпай, ошондон көркөм чыгармачылыкка ооп кеткен болуш керек. Ал мезгилди азыркы доорго чейин алып келип, анан ошол улут башчылары, алдыңкы сапта тургандардын кайгылуу тарыхын көркөм чыгармачылыкка алып чыгыш логикалык жактан да, тарыхый жактан да өзүн-өзү актай алат.

Белгилүү этнограф жана фольклор таануучу, профессор Сулайман Кайыпов агай бир ирет бул роман тууралуу мени менен баарлашып жатып, тили бай экенин белгилеп, анын бир жериндеги “Сынган кылыч” менен үстүрт параллелди айтып калды. Калемгер Арслан Капай уулу болсо дал ушул параллелди атайылап киргизгенин айтты. Демек, муну тарыхый романистикадагы ырааттуу өнүгүүнү жүзөгө ашыруучулар - өзүнүн башатын да жерибеши керек деп түшүнүү керектир.

“Айта бар менин кебимди...”

2012-жылдын башында Арслан Капай уулу 20-кылымдагы кыргыз элинин тарыхындагы бурулуш окуяларды чагылдырылган дагы бир тарыхый романды интернет аркылуу жарыкка чыгарды. Мында сталиндик тоталитардык доордун азап-тозоктору жана мындай тозоктон өтүп да, мекен сүйөр инсан болуп калуу зарылдыгы таасын чагылдырылган.

"Айта бар менин кебимди" аттуу бул тарыхый роман айтматовдук "Ысык-Көл" шеринеси, "Жаңы Ала Тоо" журналы жана "Турар" басмасы тарабынан уюштурулуп, 2012-жылдын жалган куран (март) айында жыйынтыкталган "Арча" адабий сынагынын жеңүүчүлөрүнөн деп табылып, экинчи даражадагы адабий сыйлыкка татыды.

2012-жылдын 23-жалган куранында Арслан Капай уулуна ”Айта бар менин кебимди” чыгармасы үчүн “Арча” сыйлыгынын белгисин тапшырып жатып, Кыргыз Эл жазуучусу, маркум Казат Акматов (1941-2015) жаш автор тууралуу төмөнкүдөй жылуу пикирин билдирген болчу:

- Сыртта иштеп жүргөн балдардан кыргызча ушундай роман жазат деп эч убакта күткөн эмеспиз. Анан эле Арсландын романы колума тийип калып, окуп чыгып, жактырган пикир жазып жибердим... Бул - биздин адабиятка кошулган чоң салым. Ушундай чыгармалар жарала берсе, кыргыз адабияты эч убакта түшпөйт, өркүндөөнүн үстүндө болот. Муну соңку он жылда жаралган мыкты чыгармалардын бири деп эсептейм.

Бул чыгарма кийинчерээк “биздин.кг” интернет барагы аркылуу дүйнөдөгү кыргыз окурмандарына бекер сунушталды. Кытайга илимий сапарга барганымда, бул романды Теңир-Тоонун чыгышындагы боордоштор да дүйнөлүк интернеттик желеден чыгарып алып, окуп жаткандыгына өзүм күбө болдум.

Чынында да, азыркы калемгердин бир милдети – интернет аркылуу өз чыгармасын жалпы калайыкка бекер жеткирүү.

Албетте, айрым калемгерлер автордук укукту сактоо аркылуу китептеринин каржылык чыгымдарын “актоого” умтулуп жаткандыгын түшүнүүгө болот. Мурдагы совет доорундагыдай калем акы системасы жок. Болгону 1-2 миң же кээде 500 нуска менен чыккан китептерден анчейин киреше деле көрө албайсың, алардын көбүн бекер таркатасың.

Бирок мурда деле баары акча менен эсептелчү эмес. Маселен, кээ бир көркөм чыгармалар (асыресе, ырлар) цензурадан өтпөй калганда, кол менен көчүрүлүп жазылып таркатылчу эмес беле. Алардын авторлору жана таркатуучулары тек гана карапайым окурмандардын дурус баасына арзуу үчүн алпурушкан эмеспи. Казыбек казалчы, Мидин Алыбаев, Какен Алмазбеков сыяктуу акындардын бир катар чыгармалары өткөн кылымда эл арасында гана ооздон оозго өтүп сакталып жүргөн. Түгөлбай Сыдыкбек уулунун тарыхты бурмалоого каршы каяша каты да 1982-85-жылдары кагазга көчүрүлүп, колдон колго өткөн.

Азыркы тапта да бүт дүйнөдөгү кыргыз тилинде окуган окурманга тезирээк жетүү үчүн эң изги жол – калем акыны карап отурбастан, интернетке ачык жарыялоо. Калемгердин эмгеги – коомдук кызыкчылыкта ой толгоо аркылуу коомчулукка кызмат кылуу. Анын баасы дароо алган калем акы же каржылык сыйлык аркылуу өлчөнбөйт. Анын баасын татыктуу чыгарма катары болочок муундарга ыктыярдуу жеткирүү жүрүмү аркылуу гана чындап аныктай алабыз. Кээде чоң сүрөткерлердин чыгармалары кылымдар өтүп гана нагыз баасын тапкан учурлар деле тарыхта арбын эмеспи. Кээде учурунда мактоого алынган китептер чаң басып кала берет.

Демек, Арслан мырзанын өз чыгармасын жалпы окурмандын коомдук элегине, көз карандысыз таразасына салуу үчүн интернетте ачык жана бекер жарыялагандыгы - башка да калемгер замандаштардын кулагына күмүш сырга болуп калды.

Элүү жаш эрге кеп эмес

Мурдагы доорлордо “эр ортону” катары каралып, азыркы тапта кыйла жаш кез катары аңдалып калган элүүгө эми гана келип жаткан калемгер Арслан Капай уулу азыр да тарыхый доорлорду роман тилинде баяндоо жаатында талбай өзүнүн айырмалуу жолун чаап келет.

Анын жаңы гана бүткөрүлгөн көлөмдүү чыгармасынын тексти азыр да наабайдан жаңы алган ысык нандай колумду күйгүзүп турат. Сөз бергенимден улам гана анын мазмунун ачыктай албай келем. Бирок ал тууралуу узун сөз – келерки макалабыздын түйшүгү болсун.

Бир кезде “Азаттык” үналгысынын да мектебинен өткөн, “Азамат Алтай” эл аралык коомдук фондунун сыйлыгына (2013) татыган калемгерге бекем ден соолук, узак өмүр, мындан аркы байсалдуу чыгармачыл түйшүктөн тапкан руханий ыракат кааламакчыбыз.

Калемиңди тыбыратып, калдайган калкыңдын жүрөгүнө улам жаңы жол чаба бер, Арслан мырза!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG