Линктер

Айтматов, тарыхый аң-сезим жана Арслан Койчиевдин мифологемасы


"Арча" адабий сыйлыгынын 2014-жылкы баш байгесинин ээси Арслан Капай уулу Койчиевге берилген диплом. 29.9.2015.

"Арча" адабий сыйлыгынын 2014-жылкы баш байгесинин ээси Арслан Капай уулу Койчиевге берилген диплом. 29.9.2015.

Кыргыз жазуучусу Арслан Капай уулу Койчиевдин жакында жарык көргөн «Бакшы менен Чынгыс хан» аттуу жаңы романы тууралуу журналист, саясат таануучу жана адабиятчы Уран Ботобеков ой бөлүшөт.

Жазуучу Арслан Койчиевдин жакында жарык көргөн «Бакшы менен Чынгыс хан» аттуу жаны романын бир дем менен окуп чыккан соң, Чыңгыз Айтматовдон айрылып, эгемендик жылдары ээнсирей түшкөн улуттук адабият айдынына улуу көчтүн учугун улачу, көрөңгөсү бийик таланттуу калемгердин ишенимдүү киргенине дагы бир ирет ынанып отурам.

Жазуучу жана тарыхчы Арслан Капай уулу. 02.3.2011.

Жазуучу жана тарыхчы Арслан Капай уулу. 02.3.2011.

Буга чейин «Мисмилдирик», «Айта бар менин кебимди» аттуу чыгармалары аркылуу кыргыз журтчулугуна таанылган калемгердин бул ирет Чыңгыз хан темасына кайрылып, тарыхый чындык менен мифологиялык көркөм дүйнөнү жогорку деңгээлде синтездөөгө жетишкенин баса белгилеп кетүү лаазым.

Борбор Азиядагы түрк тилдүү калктардын адабиятында Чыңгыз хан темасына кайрылган калемгерлер сейрек эмес. Алардын көч башында, албетте, Чыңгыз Айтматовдун «Ак булуту» турат. Эки калемгердин чыгармачылыгындагы окшоштук, же жалпылуулук тууралуу кеп кылсак, Айтматовдун «Ак булуту» менен Арслан Койчиевдин «Бакшысындагы» Чыңгыс хандын образы тикелей тарыхый окуялар аркылуу эмес, автордун көркөм фантазиясынан жаралган мифологиялык уламыштар менен мифологемалар аркылуу ачылганында жатат.

Кезегинде Айтматов Улуу Сүйүү, адамзаттын арзуусу жана ички дүйнөнүн эркиндиги кылычынан кан тамган Чыңгыз хандын буйругу менен компартиянын идеологиялык басымына да баш ийбеген кудуреттүү күчкө ээ экенин чыгарманын башкы каарманы Эрдене менен өз энесин өлтүргөн маңкурт Жоломанга байланышкан мифологиялык уламыштар аркылуу жогорку денгээлде ачып берсе, Арслан Койчиев жаңы романында авторитардык бийликтин тарыхый аң-сезимди өчүрүүгө болгон далалаты эгерим ишке ашпас түмөн-түйшүктүү куру аракет экенин Элбасар хан менен Кара Ногойдун, Теңиз Бука менен КГБнын «баканоозу» Хайруллоевдин көркөм образдары, Чыңгыз хандын жан адамга көрүнбөс сыйкырлуу карааны, асман-жердин арасында каалгып учкан мистикалык бейнеси аркылуу даана көрсөткөн.

“Жети кылым артты караган, жети кылым алга караган” Чыңгыз хан анын атын жер менен жексен кылууга ашыккан, улуу Кагандын өтмүшү менен болмушун тарых барагынан сызып салгысы келген өз урпактарын кулдук аң-сезиминден кутултууга аракет жасап, аларды “Алга жетелейм” деген илме кайып образы чыгарманын көп кырдуу сюжетин түзөт.

Ушул өңүттөн алганда А.Капай уулунун «Бакшы менен Чынгыс хан» чыгармасын кыргыз адабиятындагы салттуу тарыхый романдардын жанрына автоматтык түрдө кошо койуу жаңылыштык болор. Тескерисинче, Арслан Койчиев тарыхый инсан Чыңгыз ханды өзүнүн көркөм дүйнөсү аркылуу жаныдан жаратып, мифологиялык жана метафоралык адабий ыкмаларды ийкем колдонуу менен байыркы моңгол жапырыгына жуурулушкан кеңири Евразия аймагындагы түркий, фарсы, славян калктарынын тарыхый аң-сезим агымын автордук призма аркылуу так ачып берген. Орус сынчысы Н.Чернышевскийдин “турмуш чындыгынын адабиятта чагылышы” тууралуу белгилүү теориясына таянсак, автор канчалык реалист болгон күндө дагы тарыхый окуяларды, башкы каарман Чынгыс ханды (Чыңгыз ханды) өзүнүн жеке көркөм дүйнөсүндө жарыкка алып келип, жеке фантазиясы жана автордук сезим туюмунда камырдай ийлеп, анан гана окурмандарга тартуулаган.

Ар бир жаңы чыгарма жараткан сайын жөнөкөйдөн татаалга умтулган автор акыркы романында үч мезгил мейкиндигин өтө чебер камтый билгени анын адабияттын татаал ыкмаларын ийгиликтүү өздөштүрүп калганынан кабар берет. Асыресе, 12-кылымдын акыры - 13-кылымдагы Чыңгыз хандын доору, советтик идеологиянын “өткөн тарыхты жерип, тарыхый аң-сезимди өчүрүүгө болгон маңкуртчул аракети”, анын натыйжасында ааламдашкан бүгүнкү учурдагы баш-аламан коомдук процесстердин адамзаттын руханий казынасын жайдакташы үч-төрт сюжеттик линияда жеткилең жана кызыктуу баяндалган.

Ар башка доордогу мезгил мерчемин, түрдүү сюжеттик линияларды бир чыгарманын тулкусуна батыра билүүдө автор каармандардын психологиялык абалын, кулк-мүнөзүн, багыттуу ыргагын ар кайсы тарапка чачыратып жоготуп жибербей, тескерисинче, аларды романдын өзөктүк идеясына байлап, бир эстетикалык сызыкка кынаптай тизе алганы көзгө даана учурайт.

Ал эми Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романындагы Чыңгыз хан, Найман Эне, Жоломан тууралуу мифологиялык уламыштар менен Арслан Койчиевдин «Бакшы менен Чынгыс хан» чыгармасындагы мифологемалардын колдонулуш өзгөчөлүгү тууралуу сөз кылсак чакан макалабызды узун адабий анализге айлантып аларыбыз бышык. Кыскача белгилеп койчу нерсе, улуу сүрөткер Ч.Айтматов “Чыңгыс хандын ак булуту”, “Найман эне” тууралуу мифологиялык уламыштарды романдын Казангап, Эдигей тууралуу негизги өзөктүк конструкциясына кошумча элемент катары киргизсе, калемгер А.Койчиев болсо Чыңгыс хандын мифологемалык сыйкырдуу образын чыгарманын башкы өзөгү катары иштеп чыгып, сюжеттик линияны мифтик-фольклордук каармандын тегерегинде өнүктүрүп отурат.

Айтор, Арслан Койчиев алп жазуучу Чыңгыз Айтматов адабий прозада ийгиликтүү колдонуп, ал аркылуу чыгарманын мазмундук жана көркөмдүк деңгээлин дүйнөлүк даражага көтөргөн мифологиялык жана фольклордук мазмундагы мотивдерди салттуу сюжет менен эриш-аркак айкалыштыруу ыкмасын андан ары улантып, өнүктүргөнүн баса белгилеп кетким келет.

Мистикалуу кармандын психологиялык портретин ачып берүүдө автор дүйнөлүк адабияттын бай тажрыйбасына таянганы, чыгарма жазып жатып өзү да Чыңгыс хандын “арбак образына” сүнгүп киргени, анын кубаныч менен кайгы-касыретин калемгерлик жүрөгү аркылуу сыбызгыта өткөзүп, жазуучулук фантазиясы аркылуу мифологиянын миң кырдуу дүйнөсүндө жашаганы ачык көрүнүп турат.

А.Койчиев жараткан Чыңгыс хандын сыйкырдуу образынан белгилүү жапон жазуучусу Харуки Муракаминин, немис тилдүү калемгер Франц Кафканын, орус тилдүү чебер стилист Михаил Булгаковдун жана испан тилдүү адабияттын көрүнүктүү өкүлү Габриел Гарсиа Маркестин мистикалуу каармандары баштан кечирген “психологиялык агымды”, фантастикалуу татаал сюжеттердин ыргактуу баяндалышын жана мифология менен терең жуурулушкан философиялык притчалардын сүртүмдөрүн жолуктурууга болот.

Аталган калемгерлер эч качан тарыхый окуянын фактологиялык туткунунда калган эмес, алар жаратмандык бай фантазиясы аркылуу өтмүш доордун миң кырдуу табышмагын мифологеманын күчү менен ачууга аракеттенген. Алар жараткан таланттуу чыгармалардын өзгөчөлүгү, көркөм баалуулугу жана индивидуалдуулугу дал ушунда жатат.

Эгерде Арслан Койчиев дүйнөлүк адабияттын мифологиялык жана мистикалык элементтерин, көп кырдуу жана көп катмарлуу сюжет куроо боюнча бай тажрыйбасын өзүнүн жаратмандык жеке көрөңгөсүнө ийгиликтүү сиңире албаганда анда ал бүгүн «Бакшы менен Чынгыс хан» жеткен бийик интеллектуалдуу прозанын сересине эч качан жете алмак эмес. Чыгармада автор чеберчилик менен колдонгон метафоралык ыкмалар, бир нече доорду камтыган “тарыхый акыл-эс агымынын” бир нукка салынышы, эпикалык стиль менен интеллектуалдуу адабий усулдун синтези келечекте адабиятчылар менен сынчылар изилдечү өзүнчө олуттуу тема экени белгилүү.

Стиль демекчи, Арслан Койчиев алгачкы “Мисмилдирик” чыгармасы аркылуу кыргыз адабиятынын каалгасын чебер стилист, көркөм сөздү куюлуштура кынай билген ажайып сүрөткер катары ишенимдүү ачып кирди. Анын көркөм баяндоо өзгөчөлүгүндө биздин улутка гана таандык болгон поэтикалык уйкаштыктарды, “Манас” баш болгон эпикалык чыгармалардагы үндөштүк ыргактарды ыгы менен чебер пайдалана билгени сөз барктап, сөз баккан кыргыз окурмандарынын көзүнө дароо урунат.

Автордун Чыңгыз хан тууралуу акыркы романында көркөм адабияттагы параллеллизм ыкмасы, бир сөздү бир канча ирет күчөтүп кайталоо усулу эң ийгиликтүү колдонулган.

Маселен, чыгармадагы “Ай-асманды аңтарып, көк менен жердин ортосунда чабыттап учуп, чарк айланат бу караан, Ай менен Жердин арасында түндү кезе чапкылап учат бу караан, Күн менен Жердин арасында күндүздү кезе чабыттап учат бу караан, күндүү жер менен күн тийбес жерди аралап учат бу караан...” деген саптар автордун улуттук эпикалык дөөлөттөрдү кастарлап окуганын, элдик оозеки чыгармалардын баяндоо стилин канжанына сиңиргенин кашкайта айгинелеп турат.

Же болбосо: “Сол колу менен мөрүнхүүрдүн узун мойнун кыска кармап, оң колуна таягын чактап кармап, адегенде кең жайыктын бетин бербей топ жылкынын күтүрөп сызганын ойноп, биринен бири моюнча озуп, жал-куйруктары жайыла желдей сызганын ойноп, оң кулачын керип узун тартаарда бүгүлө түшүп ойноп, кыска тартаарда түзөлө түшүп ойноп, анан эле төрт аягын тыбыратып күүсү менен келаткан сайкүлүктүн жалгыз бөлүнүп, капталдап чуркаганын келтиргенде өзү кошо мөрүн болуп кеткенсип салаңдаган башын чулгуп-чулгуп ийип, мөгдөп ойноп, анан кыл алды болуп жүргөн ошол жаныбардын аягы талыгандай тык токтоп кең талааны жаңырта бир кишенегенин, ай-талаа менен коштошо азынаганын келтиргени өзүнүн ичер суусу, көрөр күнү түгөнүп баратканын келтиргендегиси болучу” – деген сүйлөмдөн эле Арслан Койчиевдин эпикалык стиль менен профессионалдык адабияттын баяндоо усулун мыкты өздөштүргөнүн көрөбүз. Айтор, автор, чыгармасында архаикалык сөздөрдү кеңири, бирок ыктуу колдонуп, ал аркылуу адабий тилибизди байытып жатканы тилчи-лингвисттер изилдечү ири тема болору айдан-ачык.

Ошондой эле автор каармандардын психологиялык мүнөзүн, ой-кыялын, алардын жан дүйнөсүндөгү кубаныч менен кайгысын, ой чабыты менен ички арманын ачып берүүдө англис адабиятындагы “аң-сезим агымынын” (Stream of consciousness) дүйнөлүк ыкмаларын ийгиликтүү колдонгону ачык жана так көрүнүп турат. Адабияттагы “психологиялык агымдын” көрүнүктүү өкүлү Жеймс Жойстун "Улисс" романы көптөгөн калемгерлерге шык, дем бергени белгилүү. Эгерде Арслан Койчиев дүйнөлүк адабияттын мындай алдыңкы өрнөктөрүн өз жүрөгү аркылуу өткөрбөгөндө, анын чыгармасы кадыресе эле эпикалык жанрдагы жөө жомоктун деңгээлинде калмак.

Уран Ботобеков. 2014.

Уран Ботобеков. 2014.

Кебибиздин соңунда сын иретинде айтарым, кээ бир сюжеттик линиялардын толук кандуу аягына чейин иштелбей калышы да көзгө урунат. Окурманды табышмактуу көркөм дүйнө, мифологиянын сыйкырдуу күчү менен азгырып, бирок анын эпилогу окурман күткөндөй курч жандырмакка ээ болбой калгандай туюлат.

Бирок бул сын чыгарманын жалпы көркөмдүк жогорку деңгээлине жана идеялык көрөңгөсүнө көлөкө түшүрө албайт. Анткени Арслан Койчиевдин «Бакшы менен Чынгыс хан» романы кыргыз адабиятына жаңылык алып келген таланттуу чыгарма экенинен эч бир шегим жок.

Уран Ботобеков,

адабиятчы, саясат таануучу окумуштуу, саясат таануу илимдеринин кандидаты.

АКШ.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG