Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:43

9-августта нидерланд сүрөткери Иероним Босхтун дүйнө салганына 500 жыл толду. Мааракеге байланыштуу чоң көргөзмө бир нече айдан бери Испаниянын борбору Мадриддеги атактуу Прадо музейинде жүрүүдө.

Кыргыздар «Алтынды чаң баспайт» дешет. Бул лакап 500 жыл мурда дүйнөдөн көчкөн нидерланд сүрөтчүсү Иероним Босхко жана анын сүрөттөрүнө да тиешелүү. Адамдын улуулугун, эмгегин жана талантын мезгил менен аныктачу болсок, анда бу жалганда орден-медалга, ар кандай сыйлыкка умтулуу жана жан кумарын кандыруу менен жашоо куру азгырык экенин Босхонун тагдыры жана эмгектери коңгуроодой эскертип турат.

Маараке өткөргөндү нидерланддардан үйрөн

Болочок сүрөткерди жаш кезинде Иероним ван Ахен же ван Акен деген ысым менен чакырышкан. Сүрөтчүлүктү кесип кылган бул үй-бүлөдө Иеронимдин атасын да, чоң атасын да ван Ахен деп аташкандыктан, Иероним өзүн алардан өзгөчөлөнтүү үчүн туулган шаарынын атына үндөш Босх деген псевдонимди алат. Анын каны тамган Хертогенбоск шаарында 600 жыл мурда 1516-жылы 9-августта көз жумганы чиркөө китебинде катталган. Шаарда Босх тууралуу бул жазуудан башка эч нерсе калган эмес. Бирок Босхтун көп мазмундуу жана табышмактуу чыгармалары сүрөткерди өлбөс кылды. Буга быйыл Голландиянын өзүндө жана башка Европа өлкөлөрүндө тантана менен өтүп жаткан көргөзмөлөр далил. Мааракеге даярдык 16 жыл илгери башталып, Босх тартканы күмөндүү сүрөттөрдү ылгоо үчүн атайын

"Баштан ташты алуу". И. Босх. Прадо музейи, Мадрид

"Баштан ташты алуу". И. Босх. Прадо музейи, Мадрид

комиссия түзүлгөн дейт Бельгиянын падышалык музейинин кызматкери Ирина Донченко:

- Голланддар 2000-жылы эле мааракени кантип татыктуу тосуп алабыз деп суроо коюшкан жана Босхтун көргөзмөсүнө 16 жыл даярдык көрүшкөн. Азыр Хертогенбоскто сүрөткердин бардык эмгектеринин санариптик көчүрмөлөрү бар. Электрондук технология эски устаттын ар бир картинасын бир нече эсе чоңойтуп алып, кыл калеминин ар бир шилтемин кылдат карап, картинасын кылдат үйрөнгөндү мүмкүн кылды. Хертогенбоскко сүрөткердин ага таандык делген 25 же 26 картинасынын 20сы алып келинди. Искусство боюнча жол көрсөткүч (Путеводитель по искусству) деген китепти карап отурам. Ал 1996-жылы Москвада орус тилинде чыккан. Анда бүгүнгө чейин Босхтун 40ка жакын сүрөтү сакталып калган деп айтылат. Азыр биз Босхктун сакталып калган 25 же 26 эмгеги бар экенин так билебиз. АКШнын Канзас шаарындагы музейде сакталган Ыйык Антонийдин азгырылуусу деген эмгек Босхко же өнөрканасына таандыкпы, так билбейбиз. Голландар искусствоведдерден жана изилдөөчүлөрдөн турган комиссия түзүштү. Ошол комиссия дүйнөдөгү Босхтун эмгектери бар музейлерди кыдырып, ал сүрөттөр Босхко таандыкпы же жокпу изилдеп чыгышты. Бул чоң чатак менен коштолду. Себеби Босхко таандык деген эмгектердин бир тобуна анын тиешеси жок болуп чыкты. Ушул комиссиянын ишинин натыйжасында голландиялыктар азыркы көргөзмөнү уюштура алышты.

Босхко арналган мааракелик чоң көргөзмө ушу тапта Испаниянын байтактында өтүүдө. Дүйнөдөгү атактуу Прадо музейиндеги май айында ачылган бул көргөзмөгө кирүү үчүн мага төрт жарым саат кезекте турууга туура келди. Сүрөткердин туулган шаары Хертогенбоскто жыл башында болгон көргөзмө да сүрөт өнөрүн сүйүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун жаратып, шаардык музейге таңкы сегизден кечки сегизге чейин иштөөгө туура келди.

- Хертогенбоск шаарындагы көргөзмө элдин чоң кызыгуусун жаратты. Билеттер адегенде интернет аркылуу сатылды. Көргөзмө обол саат 10дон 17ге чейин иштеди. Каалоочулар көп болгондуктан, обол көргөзмө бир саат кеч, анан эки саат, андан соң үч саат кеч же кечки сегизде жабылды. Бул да жетишпегендиктен, көргөзмө эртең мененки сегизде ачылды. Ошондо да бардык каалоочулар бул көргөзмөнү көрө алышкан жок.

Сүрөттөргө катылган табышмактар

Босхко өз полотнолорунда адамдын адаттан тыш кейпин, чымчыктар менен жырткыч айбандардын табиятта жок кебете-кепширин, башы үч бурчтукка окшоп, тулку эки аяктуу жандыктарды, XVI кылым үчүн абдан эле футуристтик объектерди жана адамдын акылга сыйбас жоруктарын тартат. Ал биз көрүп билип жүргөн айбанаттар менен адамдарды түрдүү бөлүктөргө ажыратат да кайра бириктиргенде жексур фигуралар пайда болот. Бул сүрөттөрдү көрүп жомокпу дейин десең, чындыктай. Чынбы дейин десең, адамдын ички дүйнөсүн жана жаратылыштын сырын аңтарып салган. Бирок да Босх адамдын кылык жоругун ушунчалык юмор менен тарткандыктан, картинанын каармандарын аяп кетесиң, биз да ушундайбызбы деп өзүңө суроо бересиң.

Прадо музейине кирүү үчүн кезек күткөн адамдар. Мадрид, 18-июль 2016

Прадо музейине кирүү үчүн кезек күткөн адамдар. Мадрид, 18-июль 2016

- Босх XV кылымда тарткан сүрөттөр бүгүн аябай заманбап көрүнөт, - дейт И. Донченко. -Ошон үчүн сюреалисттер Босхту өздөрүнүн баштоочусу деп эсептегени бекерден эместир. Босх тарткандай кылып, ага чейин эч ким сүрөт тартпаган. Анын сүрөттөрү мазмуну жактан да абдан кызыктуу. XXI кылымда Босхтун картиналарын жаңыча окулуп, жаңы көз менен көрүлүүдө. Анткени, аларды каалагандай чоңойтуп караганга мүмкүндүк алдык. Сүрөттөр түрдүү персонаждарга толо. Босх кайдагы бир түшүнүксүз шумдуктарды, баш катырган нерселерди ажайып тартат. Босхту адамдар түшүнбөгөндүктөн, ал XVII кылымда динбузар -эретик деп эсептелген жана эмнеге сүрөтчү өрттөлбөдү деп суроо беришкен.

Бейиш же лазаттын жердеги багы

Католик диниятчыларынан айрымаланып, падышалар Босхтун сүрөттөрүнөн динге акаарат келчү эч нерсе көүшпөгөн. Автордун «Жердеги лаззаттын багы» деген сүрөтүн 1517-жылы Бельгиянын королу Генрих III сатып алат. Кийин триптихти жана Босхтун башка картиналарын Испаниянын королу Филип II сатып алат. Ошого бүгүн Испания нидерланд сүрөткеринин эң чоң коллекциясына ээ.

"Лазаттын жердеги багы". И. Босх(1490-1510). Прадо музейи. Мадрид

"Лазаттын жердеги багы". И. Босх(1490-1510). Прадо музейи. Мадрид

Мисалы, Мадриддин Прадо музейинде «Жердеги лаззаттын багы», «Чөп ташуу», «Өлүмгө татыктуу жети күнөө», «Баштан ташты алуу», «Ыйык Антонийдин азгырылуусу» өңдүү сүрөткердин стилин жана чеберчилигин өсүүсүн көрсөткөн сүрөттөрү бар. Береги жана башка ар бир сүрөттө повестке же романга тете сюжеттер катылган. Алардын ичинен Батыш живописинин бурканы деп таанылган «Жердеги лаззаттын багы» триптихине назар салалы. Туурасы 4 м жакын, бийиктиги 2 м 20 см бул үчилтик такта бетине тартылган. Анын композициялык түзүлүшүн Брюсселде жашаган кыргыз художниги Ибрагим Бакиров мындай түшүндүрдү:

- Триптихтин оң бөлүгүндө бейиш багы, сол канатында тозок, ортосунда адам баласынын бул дүйнөдөгү жашоосу тартылган. Солдогу сюжетте бейиштин түрдүү жаныбарларды, ажайып өсүмдүктөр өскөн кооз багын жана Адам менен Еванынын жаралышын көрөбүз. Ортоңку бөлүгү Жер бетиндеги адамдардын рахатка, жандын кумарына болгон мамилеси жана турмушу көрсөтүлгөн.

Иероним Босх береги картинанын сюжетин «Тоораттан» алып, бейишти өз замандаштарынын көз алдына таасын тартып берет. Ошон үчүн 1605-жылы Хосе де Сигуенса деген кечил «адамдар Босхтун сүрөттөрүн көрүп, эсине келип, адептүү болсун десек, аларды көбөйтүп жайылтуу керек» деп сунуш кылат. Ашыкча ыймандуу бул кечил инкивизация кезде католик чиркөөсү тарабынан динбузар деп куугунтукка алынган. «Жердеги лаззаттын багында» биз жашаган дүйнө ошол кездеги түшүнүктөргө ылайык көп кабаттуу.

И. Босхтун "Акылсыздардын кемеси" (1490-1500)

И. Босхтун "Акылсыздардын кемеси" (1490-1500)

- Картинанын вертикалдуу схемасын карасак, ал жогорку, ортоңку жана ылдыйкы кабаттан турат, -деп улантат И. Бакиров. -Эгер горизонталдуу пейзаж сыяктуу карасак, алдыңкы (төмөнкү) планда сезимге, жан кумарына азгырылган жылаңач адамдар фантастикалык сценада тартылган. Ортодогу тегерек көлмөдө ак жуумал жана кара түспөл сулуу адамдардын ажайып бир рахатка батып жатышат. Адамдар жана жаныбарлар ырааттуу бир ритмде көлмөнүн айланып, лазаттын орбитасында жүргөнүн көрөсүз. Үчүнчү планда фантастикалык кубулуштарды, улам асманга көтөрүлүп учуп бараткан адамдар менен айбанаттар тартылган.

Сүрөттүн тозокко арналган оң бөлүгүндөгү алоолонгон отту көргөндө башынан бакты качып, бир аягы көктө, бир аягы жерде турган адамдарды сынагандай карап, күлүмсүрөп турган Босхтун жүзүн да көрөсүз. Ибрагим Бакиров:

- Оңдогу сүрөттө позитивдүү көрүнүштөр негативдүү картиналар менен алмашат. Анда кээ бир музыкалык аспаптар кишини кыйноочу машиналарга айланып кетет. Кара, боз, кысыл түстөр драматикалык кырдаалды жаратат. Бул картинада Жерде жасаган күнөө иштерине жараша адам алчу жазасы фантасмагориялык шартта чагылдырылган. Картинадагы окуялар Тоораттагы (Библия) сюжеттердин өзүндө корсөтүлсө дагы алардын ар биринин жандырылбаган табышмагы бар. Ошон үчүн Босх сюрреализмдин башаты деп эсептелет.

Кубулма сүрөттөр

Босх караңгылык өкүм сүргөн катаал заманда аябагандай популярдуу болгон. Ал живоспистик чыгармаларга катар ысмын атактуу кылган гравюраларды да тарткан. Көзү тирүүсүндө жана өлгөндөн кийин да анын сүрөттөрүн көчүрүп тартышкан. Босхтун деңгээлине 1525-1569-жылдары жашаган нидерланд сүрөтчүсү Питер Брейгель гана жеткен. Босхтун сүрөттөрүн бүгүн да түрдүү изилдөөлөрдүн обьектиси экенин айтат Ирина Донченко.

Иероним Босхтун көргөзмөсүнүн афишасы. Прадо музейи.

Иероним Босхтун көргөзмөсүнүн афишасы. Прадо музейи.

- Босхтун сүрөттөрүн изилдегенди искусствоведдер да, психоаналитиктер да жакшы көрүшөт. Ал наша чегип маң болуп алып тарткан, ооруу болгон үчүн жаннатты тарткан деген жоромолдор да бар. Бирок андай сөздөрдү тана да, ырастай да албайбыз. Анын фантазиясы таң калаарлык. Сүрөттөрүн кунт коюп карасак, фантазиясынын башатын аңдайбыз. Ал бири-бирине кыпталып ашталбаган нерселерди жыгачтай аштап, кирпичтей кынаптаган. Жапайыдан бетер өсүмдүктөрдү эпсиз чоңойтуп тарткан. Ошондой эле жапайы кейиптенген, жарым адам-жарым айбан жандыктарды тарткан. Азыр фотошоп менен жасаганга мүмкүн нерселерди Босх XV кылымда жасаган. Ал бизди ошонусу менен таң калтырат.

XXкылымдын башында сюрреализм агымы кулачын жайып, көркөм өнөрчүлүктө сезим козгогон ойлор маанилүү деп чыгышканда Босхтун фантасмогориялык сүрөттөрү кайра тирилгендей болду. Анын сүрөттөрүндө эки-үч элес жаратып кубулган жана ойдун учун таптырбай, башыңды айланкөчөк аттырган касиети бар экени байкалды. Сюрреализмдин алдына буудан өткөрбөс алтаны Салвадор Дали өзүн Иероним Босхтун өнөрүн улантуучусумун деп жарыялады. Кунт коюп карасаңыз, V кылым мурда Босх тарткан кубулма жана табышмактуу дүйнөнүн сыныктарын же бөлүктөрүн Далинин сүрөттөрүнөн сөзсүз табасыз. Ушундан улам Нукура талантты мезгил каарыта албайт деп ушундан улам айтылса керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG