Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

Балыкчыда кармап-камоолор башталды


Балыкчыда СДПК депутаттык фракциясынын мүчөлөрү М. Асанакунов менен К. Кадыровду баш кылып ондогон адамды милиция кармап кетти.

Балыкчы шаарындагы шайлоо участкаларында добуш берүү өтө одоно мыйзам бузуу менен өтүп атканын белгилеген байкоочулар шайлоого каршылыгын билдирди. “Демократия үчүн” коалициясынын Балыкчы шаарындагы жетекчиси Мамбетемин Өмүракунов шаардык мэриянын алдына эл ошон үчүн чогулганын айтты.

Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү өкүлү Гүлмира Жамгырчиева тизмеде жок шайлоочуларга баракча берип атканына каршы чыкса, аны прокуратура кармап кеткенин айтты:

-№3 участкада эртең мененден баштап одоно мыйзам бузуу боло баштады. Шайлоо участкага саат жетиден беш мүнөт өткөндө элди киргизе баштады, ага чейин жарым саат “Ак жол” партиясынын адамдары ичинде ким кайсы жакка отурат, эмне кылат деп атышты. Бир байкоочу кирип ошол сөздөрдү угуп калды, аны чыгарып жиберишиптир. Участка ачылгандан баштап мен окружкомго арыз киргизгем, участокто жайгашуу шайлоо кодексине туура келбейт деп. Урна ортодо турат, кабиналар көрүнбөйт. Урналар комиссиянын көзүндө болуш керек. Мен кирип отургам. Ошол отурган кезде бир каруселди кармадык. Ал бир Бусик менен мугалимдерди, медиктерди салып жүргөн. Кирген келинди кайра чыгарган кезде кармап алсак, 5-6 аял келип сүйрөп кетип калышты.

Балыкчы шаарындагы Манас, Бөкөнбаев атындагы мектептери жана кинотеатр, маданият үйүндө жайгашкан шайлоо участкаларында мекеме жетекчилери кичи автобус менен киши алып келип добуш берип атканына көпчүлүк байкоочулар күбө болгону менен, шайлоо комиссиялары алар боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

Мына ушул өңдүү көрүнүштөрдөн улам эл шайлоого каршылык акциясына чыкканда аны укук коргоо органдары бийликти басып алуу аракети деп баалады.

Балыкчы шаардык мэриясынын алдына чогулган элдин арасында Жогорку Кеңештин депутаты Мирбек Асанакунов да бар эле. Мына ошол баштаган бир топ адамдын камакка алынганын Алмаз Атамбаевдин ишенимдүү адамы Турдаалы Көлбаев маалымдады:

- Координатору Сопуев Канат, Балыкчы шаарынын штаб жетекчиси Бообеков Мирландар азыр камалып кетишти. Бул жерде өтө эле чоң калысыздык болду. Азыр сурасак эч ким жок деп атат, телефондору өчүк болуп атат. Үч киши камакта деп айтып атат, бирок алардын дайынын таппай атабыз.

Тирешкен тараптан: оң жакта Балыкчы милициясынын начальниги К. Дегенбаев жана сол жакта ортодо депутат К. Кадыров.
Бул окуяны угуп Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Кадыров жүздөй киши менен ички иштер бөлүмүнүн алдына келгенде суроо бердик:

- Жогорку Кеңештин депутаты бийликти басып алууга аракет кылды деген негиз коюп атат го?

- Мына көрбөйсүзбү, бийликтин кылып аткан бүгүнкү күндөгү кысымы ушундай, - деп Кубанычбек Кадыров жооп бергиче куралданган атайын топ элди курчоого алып, сабоого алды.

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Кандыбек Дегенбаев элди сезгентүүчү жардыргыч зат колдонууга уруксат бар экенин белгиледи.

Камалган Жогорку Кеңештин эки депутаты жана жүздөй киши качан чыгаары азырынча белгисиз болуп турат. Элдер дагы эле ички иштер бөлүмүнүн алдында турат.

P.S. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Балыкчыдагы окуялар боюнча өзүнүн версиясын таркатты. Андагы маалымат боюнча СДПК фракциясынын эки депутаты эки жүздөй киши менен шайлоо участокторун эээлеп алууга аракет кылганда милиция токтотуп калган. Ошондон кийин алар 20-30 адам менен Балыкчы шаарынын мэриясын ээлеп алууга аракет кылышкан. Милиция аларга ышкырган гранаталарды ыргытып токтотуп, активдүү он чакты адамды бөлүмүнө кармап кеткен. Аларга кылмыш иши козголуп, прокуратура суракка алууда.

XS
SM
MD
LG