Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Ахмадинежад оппозиция лидерлерин соттоого чакырды


Талаштуу президенттик шайлоодон кийинки толкундоолорго катышкан адамдарды соттоо жүрүүдө. Залда оппозициянын тарапкерлери деп шектелген адамдар да отурат, 25-август.
Талаштуу президенттик шайлоодон кийинки толкундоолорго катышкан адамдарды соттоо жүрүүдө. Залда оппозициянын тарапкерлери деп шектелген адамдар да отурат, 25-август.

Иран президенти оппозиция лидерлерин талаштуу шайлоодон кийинки толкундоолорду уюштурганы үчүн жазалоого чакырды.

Президент Ахмадинежад сот бийликтерин “кой терисин жамынып”, Иран элине жана жетекчилигине зыян тийгизген “досторду” айоосуз жоопкерчиликке тартууга чакырды. 12-июндагы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акцияларына байланыштуу
Иран жетекчилигиндеги чечим чыгаруучу негизги адамдар Мусавини камакка алуу абалды азыркыдан начарлатпайт деп табышса, алар Мусавини токтоосуз камашат.
Саед Реза Фагхи
Президент Ахмадинежад 28-августта намазгөйлөр алдында сүйлөөдө.
камалган активисттерге мусулманчасынан ырайым көрсөтүлүп, бирок тополоңдун башында турган жетекчилер жазаланбай калбаш керек, деди Ахмадинежад эч кимдин ысмын атабастан.

Акыркы жумаларда өлкө жетекчилигиндеги жана парламенттеги консерваторлор оппозиция лидери, мурдакы премьер-министр Мир Хусейн Мусавини камакка алууга чакырышкан. Ыңкылапчыл гвардиянын командири Эдолла Явани болсо “баркыт ыңкылабын уюштурмак болгону үчүн” Мусави, экс-президент Мохаммад Хатами жана экс-спикер Мехди Каруби соттолууга тийиш деп чыккан.

Ирандык журналист Саед Резави Фагхинин ай башында “Фарда”радиосуна айтышынча, бийликтер оппозиция лидерлерин камоо дагы чоң баш аламандыкка алып барат деп корккондуктан гана катаал чарага барбай турат:

- Иран жетекчилигиндеги чечим чыгаруучу негизги адамдар Мусавини камакка алуу абалды азыркыдан начарлатпайт деп табышса, алар Мусавини токтоосуз камашат. Бул чара (мурдакы президент) Акбар Хашеми Рафсанжаниге, Хатамиге же Каррубиге да колдонулат. Ислам Республикасынын башчылыгы береги социалдык кыймылдын алдында өзүн алсыз көрсөтпөө үчүн ушундай кадам жасашат.

Шайлоодон кийинки Тегеранды солкулдаткан көчө жүрүштөрүнө тийешеси бар деген жалаа менен 100дөн ашуун адам, анын ичинде көрүнүктүү реформачыл саясатчылар соттолууда. Сот жараянын Мусави, Карруби жана Хатами Иран жетекчилигине сөз тийгизет дешип сындашкан. Ал эми Ирандык белгилүү укук коргоочу, Нобель сыйылыгынын лауреаты Ширин Эбади өткөн жумада “Азаттыкка” берген интервьюда сот жараянын - ”Иран сотуна пародия” деп атады:

Ширин Эбади Брюсселде Европарламенттин алдында сүйлөөдө. 24-июнь 2009-ж.
- Бул соттун көздөгөнү президенттик шайлоо мыйзамдуу экенин шарданалоо. Президент 22 миллион добуш алган мурдакы президент Мохаммад Хатамиге караганда көп добуш алды. Бүттү. Ачыгын айтсам, бул жөнөкөй нерсени далилдөө үчүн мына бул тамаша башталган.

Ахмадинежад жума күнкү сөзүндө кайрадан эле президенттик шайлоо - дүйнөдөгү эң таза шайлоо жана Ислам ыңкылабындагы бурулуш учур болгонун айтып, Британияны Ирандагы ислам системасын кулатууну пландаштырды деп айыптады. Ал шайлоодон соңку калабада кармалган адамдар абакта уруп- кыйналганын биринчи ирет мойнуна алып, бирок мыйзамсыз иштерди Ирандын душмандары жана оппозиция жасаган деди.

26-августта Ирандын башкөсөмү аятолла Али Хаменейи Тегерандык студенттер менен болгон кездешүүдө шайлоодон кийинки толкундоолорду оппозиция лидерлери тыш өлкөлөрдүн көрсөтмөсү менен уюштурду деген мурдакы сөзүн төгүнгө чыгарган эле.

XS
SM
MD
LG