Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Ооганстандын түндүгүндө талиптер күчтөндү


Ооганстанда күзөттө отурган немец жоокери. Кундуз, 18-июль, 2006-ж.
Ооганстанда күзөттө отурган немец жоокери. Кундуз, 18-июль, 2006-ж.

Батыштык күчтөр Ооганстандын түштүк жана чыгыш тарабында талиптерге каршы салгылашып жаткан чакта буга чейин тынчыраак саналган түндүктөгү Кундуз вилайетинде кырдаал кескин начарлады.

Аймакта талиптердин саны өсүп, аз сандуу ооган аскерлерине айбат көрсөтүп, ал жердеги кайра куруу иштери менен алек Германиялык контингент куралдуу операцияга катышуудан баш тартты.

Жакында талип согушчандары НАТОнун кара май ташыган эки танкерин уурдай качканда, окуя бардык чет элдик маалымат каражаттарынын баш сабына чыккан. НАТОнун күчтөрү ал эки танкер дарыя жээгине катылганын издеп таап, Кундуз вилайетиндеги немец контингентинин командири анда ал жерди асмандан бомбалоого буйрук берип, чабуулдан катардагы ооган тургундары, кара майды куюп алганы чогулган согушкерлер каза тапкан.

Ага чейин талиптер менен ал-каидачылар Ооганстандын түштүк жана чыгыш тарабын башпааналап, негизги уруштар ошол жакта болуп келсе, эми түндүктөгү Кундуз вилайетинде да тынчтык бузулду. Бул чөлкөмдү НАТО Тажикстан тараптан керектүү буюм-тайым, кара май жана башка заттарды ташып өтчү тилке эсептечү. Кундуздун губернатор орун басары Хамдулла Данеш бирок, аймакта талиптер бир жарым жылдан бери топтолуп-даярдык көрүп келгени көпчүлүктүн көз жаздымында калганын айтат.

- Кундуз бир кездери Талибан кыймылынын маанилүү ордосу саналчу, анын калдыктары дале сезилет. НАТО биздин вилайетти кесип өткөн Шер-Хан жолун башкы камсыздоо маршруту катары тандап алгандыктан Ал-Каида менен Талибан да бул жердеги коопсуздукка кол сала баштады.

Кундузда жашаган элдин 40 пайыздайы пуштундар, калганы тажик, түркмөн, өзбек жана башкалар. Чөлкөмдө 2002-жылдан бери Германиялык контингент кайра куруу иштерине көмөк көрсөтөт, азыр алардын саны 4 жарым миң адамдай. 8 жылдан бери алар Кундузда жолдор менен көпүрөлөр куруп, миңдеген үйлөрдү таза суу менен камсыздап, Берлин ушундай иштер аркылуу бейпилдик орнотууга салым кошуп жатабыз деп сыймыктанат эле. Эми кырдаал өзгөргөнүн жакында ал жерге барып келген немец журналисти, “Дие Велт” журналынын редактору Слеменс Вергин баяндайт:

- Жагдай абдан начарлап, Германиянын өнүгүү министрлигинин офиси Кундуздан көчүп кетүүгө аргасыз болду, далай бейөкмөт уюмдар да кетишти, немец аскерлери айыл-кыштактагы эл менен байланышуу кыйындаганын айтышты. Кырдал 100 пайызга начарлап, аскерлер мурда айылдарды джип, же башка машинесин айдап алып кыдырып, эл менен баарлашып, керектүү маалымат алса, азыр ок өткүс чоң, оор согуштук унаа менен барышат экен.

Июнь айында талиптердин чабуулунан 3 немец аскери курман болгон. Ага удаа Германиялык күчтөр талиптерге каршы ооган армиясынын операцияларына колдоо көрсөткөн. Бирок негизинен алар кайра куруу иштерине жардам көрсөтүп, салгылаштардан оолак болууга аракеттенишет. Азыр эми кырдаал кыйындап, эл турмушун жакшыртуу иштери дээрлик токтоп калгандыктан, немец аскерлери ооган өкмөтүн карап отура бербей талиптерге каршы операцияларга катышабы деген суроо көтөрүлө баштады. Ал тапта Кундузда жашаган эл жакында талиптер кайра бийликти алат экен деген каңшаарды угуп, алдын-ала аларга тымызын жардам көрсөтүп жатканы кабарланууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG