Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Орусия: коррупция өндүрүштү муунтуп салды


Орусияда Дмитрий Медведев паракорлукка каршы күрөштү өзүнүн президенттик башкы милдеттеринин бири деп жарыялаган. Бирок коррупция бизнестин жана саясатттын кыймылдаткыч күчүнө айланып калгандыктан, мамлекет башчысы өз сөзүнүн өтөөсүнө чыга алаарына ишенгендер аз.

Азаттыктын коррупция боюнча үч бөлүмдөн турган түрмөгүнүн алгачкы бөлүмүндө Грегори Файфер Москвадагы жемсөөлүктүн канчалык тамыр жайгандыгын иликтейт, баяндаманы обого Жаңыл Жусубжан даярдады.

Москвада ар бир айдоочу жол полициясынын эңсегени бир тутам акча экенин жакшы билет. Асмандаган штраф менен коркуткан гаишник адатта 20 долларды чөнтөгүнө кымыргандан кийин сени жайыңда калтырат. Шаар көчөлөрүнүн биринде машинасында отурган Владимир Малтсев кадыресе көрүнүш болуп калгандыгын айтат:

Айдоочу катары жол полициясы менен такай алакам бар. Баары коррупцияга малынган. Бири да калбай паракор.

Мальцевдин айтымында, полиция көп учурда жасалма тосмо кое коюп, же дагы башка жолдор менен мыйзамды бузууга мажбурлайт да, каалаганча кишини торуна түшүрөт. Ал эми жакында салык полициясы «керектүү документти тапшырган эмессиң» деген кине менен анын банк эсебин жаап салган. Мальцев ал документти тапшырганын далилдеген кагаз менен келсе, эч ким аны кабыл албайт, көрсө бул үчүн да пара бериш керек экен:

– Мен үч жума салык полициясынын эшигин жырттым, бирөө келип, пара берсең, ишиң тез бүтөт деди. Чын эле ошондон кийин баары ордуна келди да калды.

Мальцевдин айтымында, мындай коррупция ишкердүүлүктү муунтуп салат. «Ишкерлер банк эсебин ачтырыш үчүн баарына даяр» дейт ал.

Сурамжылоо орусиялыктардын 60 пайызы пара берээрин көрсөткөн. Ушул жылдын башында президент Дмитрий Медведев коррупция өлкөнүн байдубалын солкулдатып жаткандыгын айтып, ага каршы күрөштө жылыш бар деп ырастаган. Ал былтыр ишке жаңы киришкенде коррупцияга каршы өнөктүк баштаган. Аны менен кошо бир канча мамлекеттик кызматкерлер биринчи жолу канча мал-мүлкү бар экенин жарыялаган. Бирок ак сарайда жашап туруп, «чакан батиримен башка эчтемем жок» деп оозун куу чөп менен аарчыган чечен президенти Рамзан Кадыровдун билдирүүсүнөн кийин бул демилгеге болгон ишеним жоголгон.

Ишкер Мальцевдин ишениминде, Медведевдин соңку өнөктүгү буга чейинкилериндей эле өзгөрүш алып келбейт. «Коррупция мамлекеттик түзүлүштүн ажырагыс бөлүгү болуп калган» дейт ал.

Өлкөнүн мурдагы вице-премьери Борис Немцов Москванын акими Юрий Лужковду аялы Елена Батурина экөө инвестициялар менен чайкоочулук кылаарын айтып чыккан. Азыр Лужков аны менен «абийириме шек келтирдиң» деп соттошуп жаткан чагы. Ири курулуш компаниясы бар Батурина Орусиядагы эң бай аял деп саналат. Ага же Лужковго соттун күчү жетээрине эч ким деле ишенбейт. Былтыр Анти-коррупциялык комитет деп аталган көзөмөлдөөчү уюм паракорчулук боюнча иштей турган телефон кызматын ачкан эле, уюмдун жетекчиси Евгений Архипов жана башка мүчөлөр изилдөөсүн жарыялай турган болгондо, өздөрүн текшергени жаткандыгы эскертилгенден кийин Украинага качып кетишкен. Эки ай ошол жакта жашырынып жүрүп, отчетун жарыялашкан.

Архипов ал изилдөөдөн көп кишилер коррупциянын курмандыгы болуп калса, өз укуктарын коргоп кала алаарына көзү жетпей тургандыгын аныкташкандыгын айтат.

Иля Хадриков
Корруцияга каршы түздөн-түз күрөш баштагандар да бар. Иля Хадриков чет элдик фирмалар үчүн форма тиккен ишкананы иштетет. Өрт өчүрүүчүлөр, салык инспекциясы улам кайра келип, жок күнөөсү үчүн пара үмтөтө бергенден жаны ачыганда бизнесмендерге жардам берүү үчүн анти-коррупциялык уюм түзгөн:

Өндүрүш иш жүзүндө токтоп калды, Салык, монополисттер, саясий кландар муунткан майда, орто ишкерлер кантип жаңы идеяаларды чыгара алат? Чыгара албайт, анткени алардын бардык күчү эптеп аман калышка жумшалат.

XS
SM
MD
LG