Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

Каннда жалаң артисттер менен режиссерлор чогулду


Канн фестивалынын ырасмий жарнамасы француз актрисасы Жюльет Биноштун сүрөтү менен.
Канн фестивалынын ырасмий жарнамасы француз актрисасы Жюльет Биноштун сүрөтү менен.

12-майда дүйнөдөгү эң атактуу Канн кинофестивалы башталды. Франциянын түштүгүндөгү Канн шаарындагы эл аралык киносынак 63-жолу өтүүдө.

Фестивалга кино дүйнөсүндөгү атак-даңктуу режиссерлор менен артисттерди көрүүгө кызыкккан көптөгөн күйөрмандар да келишет. Эки жумалык киномайрам америкалык Ридли Скоттун “Робин Гуд” тасмасы менен ачылды. Тасмада башкы ролдорду Рассел Кроу жана Кейт Бланшет ойнойт.

Канн фестивалынын баш байгеси "Пальма бутагынын" көрүнүшү.

Атактуу француз жазуучусу Моппасан 1888-жылы Франциянын түштүк жээгинде курорттуу Канн жөнүндө “Канзаадалар, канзаадалар, кайда барба канзаадалар” деп жазган экен. Анын сыңарындай эки жума бою шаарга кербезденген атактуу кинорежиссерлер менен актерлер, жана Жюльет Бинош, Кейт Бланшет сыяктуу назданган актрисалар көрк кошот, аларды көргөнгө куштар туристтерди тартат.

Дүйнөдөгү эң атактуу жана кадыр барктуу фестивалдын конкурстук программасында Ридли Скоттун “Робин Гуд” тасмасынан башка да 15 өлкөдөн келген эң мыкты деген 18 фильм көрсөтүлөт.

Баш байгени же “Пальма бутагын” алат деген бул тасмалардын ичинде Оливер Стоун, Вудди Аллен, Никита Михалков сыяктуу алптардын эмгектери бар.

Никита Михалковдун “Күндөн талыкшыгандар-2. Көч” көркөм фильминин көркөмдүк стили, киносынчылардын айтышынча, Россиядагы Путин доорунун идеологиясын чагылдырат. Бу тасма Сталиндик режимдин тушандагы саясый туткундар отурчу лагерден качып, нацисттер менен согушканы кеткен адамдын тагдыры тууралуу. Михалковдун “Күндөн талыкшыгандар-1и” 1994-жылы Каннда баш байгени алып, АКШда “Оскар” сыйлыгына татыктуу болгон.

Канн жайгашкан жээк.

Жылдызы Каннда жанып, атагы чыккан Аббас Киаростаминин “Күбөлүктүн көчүрмөсү” фильми Италияда тартылып, франциялык арт-диллер же сүрөт саткан далдалчы менен англиялык жазуучунун сүйүүсүнө арналат. Ага карбай, Ирандагы жаңы толкундун ана башы саналган Киаростаминин тасмасын мекенинде көрсөтүүгө тыйуу салынды. Атактуу кинорежиссердун мурдакы жардамчысы Жафар Панахи мартта Иранда камакка алынып, азыр кайда экени белгисиз. Панахини камакка алууга Киносынчылардын эл аралык федерациясы нааразылык билдирген.

Иран киномотографиясындагы "жаңы толкундун" ана башы Аббас Киаростаминин "Күбөлүктүн көчүрмөсү" фильми. Башкармандар Жюльет Бинош (оңдо) жана Жан-Клод Каррьер(солдо).

Бийликтердин каарына калган дагы бир фильм - Сабина Гунццанти тарткан жана былтыр Италиянын Аквилла шаарында болгон зилзалага арналган даректүү тасма. Италиянын маданият министри Сандро Бонди фильмде өкмөт башчы Сильвио Берлускони жөнсүз сындалат деп, аны Каннда көрсөтүүгө бойкот жарыялаган.

Каннда көрсөтүлчү теги алжирлик француз режиссеру Рашид Бушаребтин “Мыйзам жок” деген тасмасын өлкөдөгү сынчылар тарыхты бурмалады деп күнөөлөштү. Тасмада француз оторчуларына каршы күрөшкөн алжирдиктердин 1945-жылы Сетиф шаарында француздарды кырганы көрсөтөт. Фильм Франция-Алжир ортосундагы эми айыккан жараны тырмайт дешет сынчылар.

Киноталдоочулар бул ирет Каннга бир кездеги жаш жана тайманбас Квентин Тарантино жана Ларс фон Триер сыяктуу жаңы жана мурда белгисиз таланттуулар келбегенин айтышат.

Былтыркы фестивалдын шаанисин америкалык Тарантинонун “Кадырсыз салпаяктары” менен даниялык фон Триердин Антихристи” ачкан.

XS
SM
MD
LG