Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Иранга санкциялар салынды. Майнап чыгабы?


Нью-Йорк -- Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде резолюция колго салынууда.
Нью-Йорк -- Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде резолюция колго салынууда.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Иранга каршы санкциялардын жаңы топтомун жактырды. Жазаналар Иран менен финансы чөйрөсүндө карым-катнаш жасаганга бир катар чектөөлөрдү киргизет, курал-жарак соодасына салынган тыйылгынын мөөнөтүн узартат.

Айрым эксперттер төртүнчү ирет жарыяланган бул жазаналардан деле майнап чыгарына ишенич жок дешет.

Кошумча санкцияларды Кеңештин он эки мүчөсү жактады, алардын ичинде кеңештин туруктуу беш мүчөсү – АКШ, Россия ,Кытай, Франция жана Британия бар. Түркия менен Бразилия каршы добуш берди, Ливан калыс калды.

Жаңы санкциялар Иранга баллистикалык ракеталарды,танктарды,аскер кемелери менен учактарын жана курал-жарактардын башка оор түрлөрүн сатканга тыюу салат. Мындан тышкары кырк чакты иран ишмерлерине жана мекемелерине адрестүү санкцияларды киргизгенге уруксат берет. Ошондой эле ирандыктардын атом программасына байланышы бар финансы акцияларына, банктарга дүйнөлүк өлкөлөр өз аймагында камал салганга укук алышты. Иран уран өндүргөн башка өлкөлөрдөгү ишканаларга жарнакчы боло албайт.

Резолюциянын кабыл алынышын батыш лидерлери кубатташты. АКШ президенти Барак Обама жаңы санкцияларды массалык кыргын куралдарына каршы күрөшкөнгө дүйнөлүк коомчулуктун чечкиндүүлүгүн көрсөткөн кадам катары баалады.

"Иран өкмөтү өз саясатын дароо эле өзгөртө койбосун биз түшүнөбүз,- деп айтты Обама. – Бирок санкциялардын кабыл алынышы Тегерандын келишкис позициясы иран өкмөтүнө мындан оор экономикалык жазанага турарын көрсөттү".

Ошону менен бирге Обама дүйнөлүк коомчулук проблеманы дипломатиялык жолдор менен чечүүдөн баш тартпай турганын да ырастады. "Жагдайды өзгөрткөнгө Ирандын дале мүмкүнчүлүгү бар, -деп кошумчалады Обама.- Тегеран терроризмди колдоп, массалык апаат куралдарын жайылтпоо режимин гана эмес, өз жарандарынын укуктарын да бузуп, коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтирип жатканын түшүнүүгө тийиш".

Россиянын элчиси Виталий Чуркин бул жолку санкциялар аргасыз кадам болгонун белгиледи, Кытай болсо кечээги чечим Иранды сүйлөшүүлөр үстөлүнө кайтарат деген ишенимин билдирди. Бразилиянын элчиси Мария-Луиза Рибейро Виотти санкциялар баарыдан мурда карапайым ирандыктарга капшабын тийгизерин жана сүйлөшүүлөрдү каалабаган күчтөрдүн чырагына май тамызарын болжолдоп, Ирактагы тажрыйба опуза менен жазаналардын арты кайгылуу натыйжаларга алып келерин көрсөттү деп белгиледи.

Түркиянын тышкы иштер министрлиги таркаткан билдирүүдө кошумча санкциялар иран проблемасынын саясий чечимин тапканга багытталган бардык аракеттерди жокко чыгарышы ыктымал деген кооптонуу айтылды.

Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын Иран "натуура кадам" деп айыптады жана "кырдаалды ого бетер курчута турганын" эскертти. Президент Махмуд Ахмединежад "атом бомбасын түзүп, аны колдонуп көргөндөр жана анын ири запастарын камдап алгандар" өздөрү Иран келечекте ушундай курал түзөт деп коркуп жатканын белгилеп, санкцияларды "кол аарчып туруп ыргытып салчу кагазга салыштырды".

"Иран адилеттикке, теңчиликке жана ымандык жогорку сапаттарга негизденген жаңы дүйнө курууну көздөйт. Азыр Иранга таптакыр башка принциптерге таянган дүйнө каршылык көрсөтүүдө. Мунун мисалын Ооганстандан көрсө болот", - деп айтты ал. Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү санкцияларга карабай Тегеран уран байытуу ишин токтотпой турганын тастыктады. Иран атүгүл МАГАТЭ менен түзүлгөн мамилелерин кайра карап чыкканы жатат.

Бир катар эксперттер да санкциялардан тийиштүү натыйжа чыгарына күмөнсүнүү билдиришти. Алардын бири - Жорж Буш университетинин илимий кызматкери Мохсен Сазегара учурунда Иранда ислам революциясынын сакчылар корпусун түптөгөнгө катышкан, атүгүл премьер-министрлик кызматта турган. "Президент Ахмединежад менен жогорку лидер аятолла Хаменеи санкциялар салынган күндө да саясатын өзгөртпөй турганын бир нече ирет айтышкан. Менимче, жакынкы келечекте Иран Тегеран өзүнүн атом программасын токтотпойт", -дейт ал.

XS
SM
MD
LG