Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Президент Илхам Алиевдин аялы менен таякеси депутаттыкка шайланды


Эларалык байкоочулар Азербайжандагы шайлоого өз баасын берүүдө. Баку. 8-ноябрь, 2010-ж.
Эларалык байкоочулар Азербайжандагы шайлоого өз баасын берүүдө. Баку. 8-ноябрь, 2010-ж.

Азербайжандагы парламенттик шайлоодо бийликтеги “Жаңы Азербайжан” партиясы саясаттагы үстөмдүгүн ого бетер бекемдешти.

БШК добуштардын 90 пайыздан көбүн эсептеп, президент Илхам Алиев башындагы “Жаңы Азербайжан” партиясы парламенттеги 125 орундун 70тен көбүнө ээ болгонун маалымдады.

Калган орундар өкмөткө жакын партияларга тийет окшойт деп боолгонууда.

Саясый эркиндикке кеңири жол берилип, өлкөнү демократияга барганда гана кырдаал андан бетер туруктуу болот.
Аннели Яаттенмаки



БШК шайлоону калыс жана эркин өттү деп жар салды.

Бирок Европадагы Коопсуздук жана Кызматташуу уюму
Азербайжандагы шайлоонун байкоочулары иш үстүндө. 7-ноябрь 2010
(ЕККУ) башындагы батыштык байкоочулар “бийликтин бардык аракетине карабай, плюралисттик демократияны өнүктүрүүдө прогресске жетүү үчүн өлкөдө дале көп иштер жасалышы зарыл”, - деп эсептейт.

ЕККУнун байкоочулар миссиясынын башчысы Вольфганг Гроссрук дүйшөмбү күнү Бакыдагы маалымат жыйынында шайлоогө төмөкүдөй баа берди:

- Азербайжан Республикасында 2010-жылдын 7-ноябрында болгон шайлоо тынч жагдайда өттү, саясый жараянга оппозиция түгөл катышты. Бул шайлоо өлкөдөгү демократиялык өнүгүүгө салым кошчу жол менен өткөн жок.

Оппозициячыл Элдик Майдан/”Мусават” блогу шайлоо булганч өткөнүн, бийликтеги “Жаңы Азербайжан” өлкө саясатын каалагандай калчачу күчкө ээ болгонун айтууда. “Мусаваттын” ("Теңдик") лидери Иса Гамбар:

- Биздин жалпы пикирибизче, шайлоо эркин жана адилет,ачык айкын жана демократиялуу болбоду. Мунун баарын эске алганда, Элдик майдан/”Мусават”блогу шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт жана жаңы түзүлчү парламентти мыйзамсыз деп санайт. Биз бүтүндөй шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, мыйзамдуу парламент түзүү үчүн жаңы, эркин жана калыс шайлоо өткөрүүнү талап кылабыз.

Ал эми Азербайжан элдик майданы партиясынын төрагасы Али Керимли Азербайжанда “Орто кылымдарга мүнөздүү монархия түзүлүп”,” феодалдарча ойлонгон” төбөлдөр “чексиз бийликке ээ болду” деп билдирди.

Илхам Алиев
7-ноябрдагы шайлоодо мурдакы парламенттин 81 мүчөсү кайра шайланды.

Андан тышкары президент Алиевдин аялы - Мехрибан Алиева, таякеси Жалал Алиев жана таяжесинин күйөөсү Васиф Талибов да депутат болуп калышты.

ЕККУнун, Европа Кеңешинин жана Европарламенттин байкоочулары сөз эркиндигин жана чогулуу эркиндигин чектөөлөр, талапкерлерди каттоодогу кемчиликтер Азербайжан оппозициясын ого бетер алсыратканын билдиришти.

Алар ар бир үчүнчү шайлооканада добуштар эптеп-септеп саналганын белгилеп, ошол эле кезде Батыш байкоочулары кыдырып көргөн шайлооканалардын 10 процентинде гана олуттуу кемчиликтер болгонун белгилешти.

Европарламенттин байкоочулар миссиясынын башчысы Аннели Яаттенмаки айым Азербайжан саясый эркиндикке жол койбосо, өлкөнүн экономикалык өсүүсү туруктуу болбой турганын эскертти:

- Силердин өлкөдө экономикалык өсүш жана туруктуулук бар экени талашсыз. Саясый эркиндикке кеңири жол берилип, өлкө демократияга барганда гана кырдаал андан бетер туруктуу болот.

Ырасмий малымат боюнча, добуш берүүгө Азербайжандагы шайлоочулардын теңинен көбү катышты.

XS
SM
MD
LG