Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Т. Исмаилова: өкмөт сот коопсуздугун камсыз кыла албай жатат


7-апрель окуясы боюнча сот учурунан, 17-ноябрь.
7-апрель окуясы боюнча сот учурунан, 17-ноябрь.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова сот коопсуздугун камсыз кылууда өкмөт алсыз болуп жатат деп эсептейт.

“Азаттык”: Сиздин уюм апрель окуялары боюнча башталган сотту сындап, бул процесс эмей эле эл көзүнчө кордоого айланды деген билдирүү таратты. Муну эмнеге таянып айтып жатасыздар?

Т. Исмаилова: Моралдык, коопсуздук, мыйзамдуулук жактан алып караганда бул сот эмес эле, элибиз үчүн дагы бир жолу трагедияга айланып жатат. 87 баланын өмүрү кыйылды. Ар бир адамдын өмүрү баасыз. Муну бир батир, же бир миллион сом берип өкмөт эч качан “биз силерге толук жардам бердик”, - деп моралдык жактан айта албайт.
Төлөйкан Исмаилова

Укуктук жактан алып караганда сот процесси мыйзамсыз, элибизди дагы бир жолу эки тараптуу, үч тараптуу кагылыштырган, саясатчыларга упай топтоп берген сот болуп жатат. Коопсуздук жактан алганда, ошол эле күзөт институнун кызматкерлери, жетекчилери менен сүйлөшкөнүмдө, алар да коопсуздуктан чочулап жатышат. Анткени концерт өтчү Спорт сарайда биздин улуттук таргедиянын сотун толук алып барганга эч мүмкүнчүлүк жок деп кейип отурушат. Коопсуздук жактан алып карагандай бул жай жарабайт жана президенттик администрация муну атайлап жасап атат.

“Азаттык”: Негизи сот жараяны кайсы жерде өтүшү керек? Баары бир сот процесси болушу керек деп ойлойсузбу?

Т. Исмаилова: Элибиз эгемендик алгандан бери канча трагедия болду. Июнь коогалаңынан кийин түштүктө болуп жаткан сот процесстерин көрдүк. Сот процесси сот залында болуп жатабы, же азыркыдай Спорт сарайында болуп жатабы коопсуздук камсыз кылууда азыркы өкмөт ушунчалык алсыз болуп жатат. Коопсуздук деген маселени эч кандай түшүнбөйт, түшүнгүсү да келбейт. Анткени эл бири-бири менен кагылышып, канчалык бири-бирин эзсе ошончолук упай алып жатышат. Кыргыз эли ошону түшүнүшү керек. Кайсы жерде болбосун, мейли ошол Спорт сарайында болсун коопсуздук маселелерди жана чараларды көрүшү керек эле. Эл дагы азыр эмне үчүн телевизордон көрсөтпөйт, эмне үчүн журналисттерди кетирүү тууралуу чечим кабыл алат, үчүнчүдөн эмне үчүн Бишкектеги Спорт сарайындагы сот шоу болуп жатат, деп айтып жатышат.

Жогорку Соттун имараты, дагы башка имараттар бар. Кечээ дагы Улуттук коопсуздук кызматынын да имараты ылайыктуу деп сүйлөшүп жатышат. Ошолордун баарын жакшылап териштирип туруп, шоуга айлантпай, упай топтобой, азыркы өкмөт бюджеттен алып жаткан акчаны элге жарыялап, моралдык жактан баарын даярдап туруп өткөрүш керек болчу сотту.

Президенттин администрациясы сотто өзү менеджмент жасап атат, өзү чакырып атат. Бул деген 7-апрелден улам атайын жасалган шоу. Биз укук коргоочулар мунун арты дагы кайгыга алып келет деп тынбай айтып келе жатабыз. Анткени трагедияга чөккөн адамдарды ого бетер өкмөт чөктүрүп жатат.

“Азаттык”: Апрель окуяларына чекит коюп, Аксы окусындай болуп калбашы үчүн эмне кылуу керек?

Т. Исмаилова: Баарын өкмөт өзүнүн мойнуна алган. Мен өкмөт убактылуу боломбу, транзиттик боломбу, кандай болсом да деп жоопкерчиликти алган. Мына референдумда Конституция кабыл алынып, эл өз ыктыяры менен жоопкерчиликти берди. Бүгүнкү күндө эл укуктук жактан суусап жатат. Өкмөттүн айрым мүчөлөрү бул иштерди атайын жасап жатат. Ушундай сценарийлердин артында өкмөт көзөмөлсүз калып жатат. Өкмөт өзүнүн экономикалык жактан алчу ресурстарынын баарын алып жатат. Парламент да жок. Мына коалиция деп дагы териштирүүлөр болуп жатат. Эч кандай легитимдүү институттар болбой жатат.

Легитимдүү институттар болмоюнча, укуктук жактан акыйкат, таза сот эч качан болбойт. Муну кыргыз эли түшүнүшү керек. Адамдын өмүрү баасыз, аны миллион менен баалоого болбойт. Ошон үчүн ээрчиме эл болбош керек жана сотсуз бири-бирин күнөөлөбөш керек. Армиянын ордуна эч качан элдик кошуундар иштей албайт. Ошон үчүн бүгүнкү күндө коопсуздукту камсыз кылчу институттар жок. Муну президент, өкмөт да билет.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG