Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Генерал Кулов "Азаттыктын" үч окурманына белек берет


Кыргызстандын мурдагы вице-президент, мурдагы өкмөт башчысы, “Ар-Намыс” партиясынын лидери, депутат Феликс Кулов окурмандарыбыз менен 2011-жылдын 9-мартында саат 16:00дан 17:15ке чейин “Интернет эрөөл” түз жыйынында баарлашты.
Кыргызстандын мурдагы вице-президент, мурдагы өкмөт башчысы, “Ар-Намыс” партиясынын лидери, депутат Феликс Кулов окурмандарыбыз менен 2011-жылдын 9-мартында саат 16:00дан 17:15ке чейин “Интернет эрөөл” түз жыйынында баарлашты.

9-мартта "Азаттыктын" окурмандары менен түз байланышка чыккан "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов мыкты суроо берген үч окурманга өзү жазган китебин кол тамгасы менен белекке берээрин убада кылган эле. Натыйжада Феликс Кулов Оштон Рома, Москвадан Данбагар жана Бишкектен Муратбек деген ат менен катталган үч окурмандын суроосун мыкты деп тапканын бизге билдирди. Ушул аты аталган окурмандар Webeditor@bureaumail.rferl.org дареги аркылуу биз менен байланышып койсоңуздар.

“Интернет эрөөлгө” генерал Кулов чыкты

Кыргызстандын белгилүү саясатчысы, мурдагы вице-президент, мурдагы өкмөт башчысы, “Ар-Намыс” партиясынын лидери, депутат Феликс Кулов интернет окурмандарыбыз менен 9-мартта түз жыйында баарлашты.


“Интернет эрөөл” түз жыйыны шаршемби күнү (9-мартта) Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дан 17:15ке чейин өткөрүлдү.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министр​и Феликс Кулов "Азаттыкка" маек куруп, 2005-жылкы март ыңкылабы жана андан кийинки саясий окуялар боюнча суроолорго жооп берди. 2009-жылдын 18-марты.

Феликс Кулов мырзага 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийинки өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү, азыркы парламенттик оппозициянын туруму, өзүнүн жеке саясий тагдыры жана башкалар тууралуу суроолор берилди.

Алгачкы суроолордун жообун окуу үчүн акыркы бетти ачуу керектигин эскерте кетмекчибиз.



Шеринелик эрежебизге ылайык келбеген суроолор кат куржунубузга түшкөн жок.

"Интернет эрөөлдүн" буга чейинки коноктору - Кыргызстандын Калкты социалдык коргоо министри Айгүл Рыскулова, ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев жана "Ата Мекен" Социалисттик партиясынын жетекчиси, депутат Өмүрбек Текебаев болгон.

“Интернет эрөөлдө” - генерал Феликс Кулов
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG