Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Саясатчы, депутат Марат Султанов “Интернет эрөөлдүн” коногу болду


Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган жана алдыдагы президенттик шайлоого талапкер катары катышууга ниеттенип жаткан Марат Султанов “Азаттык” үналгысынын окурмандарынын суроолоруна интернеттик түз жыйында жооп берип жаткан учур. Би
Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган жана алдыдагы президенттик шайлоого талапкер катары катышууга ниеттенип жаткан Марат Султанов “Азаттык” үналгысынын окурмандарынын суроолоруна интернеттик түз жыйында жооп берип жаткан учур. Би

Бүгүн Ата-Журт” партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган жана алдыдагы президенттик шайлоого талапкер катары катышууга ниеттенип жаткан Марат Султанов “Азаттыктын” окурмандарынын интернеттик түз жыйындагы суроолоруна жооп берди. "Интернет эрөөл" Бишкек убакыты боюнча саат 15:00тен 17:00ге чейин өттү.

Суроолор көп болгондуктан коногубуз эки саатта анын баарына жооп берүүгө үлгүргөн жок. Бирок Марат Султанов түшкөн суроолордун баарына эртеңден (30-июндан) калбай жооп берүүгө убада берди.

Марат Султанов мурдагы президент А.Акаевдин тушунда каржы министри, Улуттук банк төрагасы болуп турган, кийин президент К.Бакиевдин тушунда парламент төрагасы болуп шайланган.

Жалпы эрежебизге сыйбаган пикирлер жана суроолор дээрлик түшкөн жок.

"Азаттык" үналгысынын "Интернет эрөөл" аталган түз жыйынына буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, кинорежиссер Нурбек Эген конок болушкан.



"Интернет эрөөлдө" - Марат Султанов
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00
XS
SM
MD
LG