Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Парламент күзгү ишин кайым айтыш менен ачты


Парламент имараты алдындагы 15-августтагы митинг. Бүгүнкү жыйын ушул митингден улам үзгүлтүккө учураган кезексиз жыйынга байланыштуу кайым айтышуулар менен коштолду
Парламент имараты алдындагы 15-августтагы митинг. Бүгүнкү жыйын ушул митингден улам үзгүлтүккө учураган кезексиз жыйынга байланыштуу кайым айтышуулар менен коштолду

Жогорку Кеңештин күзгү ишинин алгачкы олтуруму кызуу талаш-тартыштар менен башталды.

Жогорку Соттун мүчөлөрүн тандоо маселеси саясий кызыкчылыктардын кагылышына айланып, парламенттеги саясий күчтөр ар кимиси өздөрүнүн ыңгайына жараша бирин-бири айыптап кайым айтышты.


Тирешүүлөр сааты


Парламенттин сот иштери боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаров 15-августтагы Жогорку Кеңештин кезексиз олтурумун үзгүлтүккө учуратуунун себептери боюнча билдирүү жасады. Аталган кезексиз олтурумда Жогорку Соттун мүчөлүгүнө талапкерлердин толук курамы парламенттин кароосуна коюлмак. Бирок парламент түзгөн сотторду тандоо кеңешинин чечимдерине каршы нааразылык акциясынан улам, аны толук курамда кароо кийинкиге калтырылган.

Садыр Жапаров отурумду үзгүлтүккө учуратуу менен депутаттарды коомчулукка жаманатты кылып көрсөтүү максаты болгондугуна басым жасады:


Кезексиз жыйын митинг менен коштолду

x
Кезексиз жыйын митинг менен коштолду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00
- Мунун бардыгынын атайылап даярдалгандыгы боюнча бизде далилдер бар. Мени сотторду тандоо кеңешинин ишин толугу менен көзөмөлдөп, кимдин судья болоорун алдын-ала чечип жатат деген сөз таратышыптыр. Аталган кеңеште биздин фракциядан көрсөтүлгөн эки гана мүчөсү бар болсо, анын ишин мен кандайча мен жалгыз эле көзөмөлдөй алат элем? Анан дагы алардын чыгарган имиштери боюнча биз мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевди камактан бошотуу боюнча сотторго басым жасап жаткан экенбиз. Мен мына ошол митингдегилерге анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч катка кол койбогондугумду тастыктагандан кийин алар буга таң калышып, алар мына ушуга окшогон жалган маалыматтарга ишенип келишкендигин мага кийин айтып беришти.

Сынчынын “сыңар өтүгү” майрыкпы?


Садыр Жапаровдун саясий билдирүүсү анын айрым кесиптештеринин нааразылыгын жаратты. Алар бул билдирүүнү Садыр Жапаровдун комитет төрагалыгына татыктуулугу боюнча маселе палатага коюлганга чейин жандалбастап жасалган саясий жүрүшү катары баалашты. Өткөнкү каршылык акциясы сотторду тандоо кеңешинин ишине нааразылыктан улам чыккандыгын айтышкан эл өкүлдөрү Жапаровго өз эрки менен кызматтан чегинүүнү сунушташты.

Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков Садыр Жапаровдун сотторду тандоо ишине кийилигишкендигин тастыктоочу фактылар бар экендигинин четин чыгарды:

- Зоотбек Кудайбергенов деген атактуу кыргыз бар. Мына ошол адам
Садыр Жапаров жетектеген комитетке келгенде эле “мына ошол аты булганып калган адамды комитетке жакындатпай эле койбойсузбу, сиздин атыңыздан сотторго буйрук берип жатыптыр” деген өтүнүч болгондо сиз өзүңүз аны калкаладыңыз эле. Кийин мен сизге ошол адам сотторду тандоо кеңешине барып, фракция жетекчилери менен макулдашылган деп сотко өтө тургандардын тизмесин киргизип жүргөндүгүн айткамын. Ал эми кеңешке төрага болуп келген Замирбек Базарбеков менен кандайча байланышыңыз болгондугун айтпай эле койойун. Сиз бирөөгө сын айтуудан мурун өзүңүздүн айланаңызды карабайсызбы. Бизде да мына ошол сотторду тандоо иштери кандайча жүргүзүлгөндүгү боюнча жана ага силердин кандайча аралашкандыгыңарды ырастай турган фактылар бар.



Тартылган тасма кыркылган беле?


Саясий билдирүүнүн автору мунун бардыгын шайлоонун алдындагы саясий оюн катары баалап, бийлик өздөрүнө ыңгайлуу сотторду бекитүүгө кызыкдар болгондугун кошумчалады. Ошол эле учурда Садыр Жапаров телекөрсөтүү аркылуу президенттин соттукка талапкерлерди сынакка чакыруусу моралдык жана мыйзамдык эрежелерге сыйган жок деп айыптады. Анын айтымында, парламенттин жана сотторду тандоо кеңешинин сотторду тандоо ишин жокко чыгаруу телевизиондук монтаждын жардамы менен ишке ашкан:

- Эгерде аларга ыңгайсыз соттукка талапкер он суроонун тогузуна жооп берип, бирөөнөн такалып калса, дал мына ошол жерин кесип алып теледен беришиптир. Бул эмне деген пастык. Президенттин өкүлү Данияр Нарынбаев бул ишке катуу аралашып, ынтызар болгондугу байкалган. Анын себеби соттор кеңеши Нарынбаевдин аялынын соттордун беделине шек келтире турган жоругу үчүн аны кызматтан кетирүү боюнча президентке сунушу киргизгендигинде болуп жатат. Данияр Ильич сиз, мына ошол жагдайлардан кийин президенттин жанына олтуруп алып, соттукка талапкерлерге суроо берип, аларды тандоого моралдык акыңыз бар беле?


Аялы үчүн күйөөсү жооп бербейт


Бирок телекөрсөтүү аркылуу сотторду сынаган тасма кыркылган деген айыптоону президенттин өкүлү Данияр Нарынбаев четке какты. Ал аңгемелешүүнүн баштан аягына чейин камтылган аудио жана видео материалдар сакталып тургандыгын белгиледи. Ошол эле учурда Нарынбаев "Бета-Сторесте" иштеген кызды ур-токмокко алды деп шектелип, камакка алынган түрк жаранын бошоткон деген кине менен кызматынан четтетилген өзүнүн жубайы үчүн жооп бербей тургандыгын ачыктады:

- Менин жубайым кеңештин сунушу менен президенттин буйругуна ылайык кызматтан четтетилгендигин танбайм. Бул мен президенттин өкүлү болуп дайындалганга чейинки окуя. Президент бул маселенин кандайча болгондугун жакшы билет. Ошондуктан президент мени дайындоо боюнча ушундай чечимге келген. Аялы менен күйөөсү - бул эки башка адам. Кимиси кандай иштегендиги үчүн экинчиси жооп берүүгө милдеттүү эмес.

Садыр Жапаровдун билдирүүсү боюнча парламент комитеттерде карап, иликтөө чечимине келди. Анткен менен серепчилер бул окуяны башкаруучу коалициядагы социал-демократтар жана “Ата-Журт” фракцияларынын ортосундагы ажырымга алып келиши мүмкүн деп божомолдошууда.

XS
SM
MD
LG