Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

11-сентябрь жана Кыргызстан


Транзиттик борбордогу эскерүү жөрөлгөсүнөн, 2011-жылдын 11-сентябры.
Транзиттик борбордогу эскерүү жөрөлгөсүнөн, 2011-жылдын 11-сентябры.

11-сентябрда "Манас" Транзиттик борборунда он жыл мурда АКШда болгон террор чабуулунун курмандыктары эскерилди.

Эскерүү жөрөлгөсүнө Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева, АКШнын Кыргызстандыгы ишенимдүү өкүлү Ларри Меммот баштаган расмий адамдар катышты. Кыгыз президенти бул иш-чарада сүйлөп жатып, “Манас” Транзиттик борборунун Кыргызстанда жайгашуусу өлкөнүн эл аралык терроризм менен күрөшүүгө кошкон салымын көрсөтөөрүн белгиледи. Коалициялык күчтөрдүн бул аскерий базасы Кыргызстанга 2001-жылы АКШдагы болгон террордук чабуулдардан кийин жайгашкан.

Террордук чабуулдан жабыркаган күн

Президент Роза Отунбаеванын айтымында, Кыргызстан дүйнөлүк терроризм менен күрөшүүдө жана аймактагы, ошондой эле Ооганстандагы коопсуздукту бекемдөөгө транзиттик борбор аркылуу өз салымын кошо алды.

- АКШнын аскер базасы, кийинчерээк Транзиттик жүк ташуучу борбордун "Манас" аба майданында жайгаштырылышы, дүйнөлүк коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшүнө Кыргызстан кошкон маанилүү салым болуп саналат. Эл аралык террорчулук, диний экстремизм өңдүү глобалдык коркунучтар келбейт деп планетадагы эч бир мамлекет так кесе айта албайт.

Президент Роза Отунбаева 2001-жылы 11-сентябрдагы АКШда болгон террактын курмандыктарын эскерип, Кыргызстан башка өлкөлөрдөй эле Америка элинин бул кайгысын тең бөлүшөрүн белгиледи.

Эскерүүдө президент Роза Отунбаева, АКШнын ишенимдүү өкүлү Лари Меммот, “Манас”жүк ташуучу транзиттик борборунун деректири Жейк Жейкобсон аскерий база атын алып келген Питер Гансинин мемориалдык жайына гүлчамбар коюшту. Питер Ганси 11-сентябрда Нью-Йорктогу соода борборундагы куткаруу иштерин жүргүзүп жатып каза тапкан өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси эле. 2009-жылга чейин “Манас” транзиттик борбору анын ысмы менен аталып келген.

Транзиттик борбордогу эскерүү жөрөлгөсүнөн, 2011-жылдын 11-сентябры.
АКШнын өкүлү, дипломат Лари Меммот өз сөзүндө буларды белгиледи:

-Урматтуу коноктор, мен сиздердин баарыңыздардын биздин жалпы тарыхыбыздагы кайгылуу жана маанилүү дүйнөлүк кырсыкты эскерүүгө келгениңиздерге көрүп кубанып турам.Террористтер дүйнөлүк коомчулуктун эркин сындыра алган жок, тескерисинче, буга каршы бүткүл дүйнө бирикти.

Борбордун чөлкөмдөгү салмагы кандай?

11-сентябрдагы террордук чабуулдардан кийин Кошмо Штаттар “ал-Каида” уюмунун жетекчиси Усама бин Ладенге каршы Ооганстанда антитеррордук операцияны баштаган. “Ганси” аскерий базасы ошондо ачылган.

Коомдук ишмер жана дипломат Ишенбай Абдразаков анын Кыргызстанда жайгашып калгандыгы боюнча мындай пикирин билдирди.

- Биз ошол кезде башка өлкөлөргө караганда ачыгыраак, ички акыбалыбыз да тынчыраак болгон. Ошондуктан, алар мүмкүн болушунча Кыргызстан дурус, ушул өлкө ылайыктуу деген пикирге келишсе керек. Ошону менен бул жерге келишим түзүлгөн.

Ооганстандагы опурталдуу кырдаалда бул базанын Кыргызстанда турушу жалпы эле чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн пайдалуу экендиги айтылып келүүдө. Ошол эле кезде базанын чыгарылышын жактагандар да арбын.

XS
SM
MD
LG