Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Акелеев: Ишкерлерди саясий туруксуздук жүдөттү


Азамат Акелеев
Азамат Акелеев

Ишкердиктин дүйнөлүк жумалыгы башталды. “Азаттык” буга байланыштуу "Промотанк" компаниясынын жетекчиси, көз карандысыз экономист Азамат Акелеевди кепке тартты.

"Азаттык": 2010-жылдын апрелинде бийлик алмашкандан берки ишкерлик жааттагы кырдаалды кандай баалайсыз, бир топ убадалар берилди эле?

Азамат Акелеев: Өткөн он айды карап көрсөк, Ички дүң продукцияда бир топ өсүш болуптур. Бул ишкерлер ишенимдүү иштей баштаганын белгилейт. Биз ишкерлердин арасында бир нече ай мурун сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Алардын чоң көйгөйү эле саясий туруксуздук болгон. Эми президенттик шайлоо өткөндөн кийин, демек булар инвестицияларын ишке ашырып жаткандыгын жана ишенимдүү иштей баштаганын белгилейт.
Албетте ишкерлердин көбү ачык иштегенди каалашат. Анткени аларга жаңы инвестицияларды алып келет жана өсүүгө да жардам берет.

"Азаттык": Doing Business иликтөөсүндө Кыргызстан бир канча позиция артка кетти. Биздин кабарчылар атайын иликтеп көрүшкөн, бизнес ачуу мурдагыдай эле кыйын, оңой эмес экенин аныкташты. "Бир терезе", документтерди азайтуу деген чаралар көп деле байкалбайт. Айрыкча энергетика жаатында бир топ убара бар деп айтышты.

Акелеев: Бул туура. Биздин да изилдөөнүн натыйжасында бул маселелер белгиленген. Экинчи орунда коррупция, эффективсиз мамлекеттик башкаруу болуп чыкты, анын ичинде салык, бажы администрациясы боюнча кыйын болгонун ишкерлер белгилеп турушат.

Салык боюнча Соцфонд менен салык инспекциясынын кээ бир иштери бири-бирин кайталаганын, инфраструктуралык маселелер, жолдор, электр энергиянын начар болгонун ишкерлер айтышты.

Дагы бир маселе, финансылык жагынан насыялардын аз жана кымбат болушун да айтышты. Ишкерлер биринчи кезекте саясий туруксуздугун белгилешкен, ага себеп катары эффективдүү эмес мамлекеттик башкаруу, анын ичинде бюрократтардын начар иштегендигин, көп мезгилде өз кызыкчылыгын көздөгөндүгү айтылган.
Айыл чарбаны кайра иштетүү, кийим тигүү, соода тармактарында көп эле мүмкүнчүлүктөр бар.

Ишкерлер бардыгына бирдей эреже болгонун каалашат. Мурдагы режимдерде кээ бир ишкерлер монополиялык укуктарга ээ болушкан, калган ишкерлерди рынокко койо беришкен эмес.

"Азаттык": Июнь коогалаңынан жабыркаган ишкерлерге жардам берели дешсе, алардын дээрлик 90 пайызы көмүскөдө иштеп келишкен экен. Азыр президент болуп катталган Алмазбек Атамбаев бизге маек курганда да "экономиканын жарымы көмүскөдө" деп айткан. Кыргызстан көмүскө экономиканы качан азайта алат, арылта алабы?

Акелеев: Албетте ишкерлердин көбү ачык иштегенди каалашат. Анткени аларга жаңы инвестицияларды алып келет жана өсүүгө да жардам берет. Бирок аларда мамлекеттик аппаратка ишенич жок. Эгерде биз эртең чыксак, бизге көбүрөк салык, штраф салып койот деп көбү дагы эле көмүскөдө иштеп жүрүшөт.

"Азаттык": Бүгүн жаштарды ишкердикке тартуу боюнча бир катар иш-чаралар өтөт экен. Жаштардын ишкердиктин кайсы тармактарында көбүрөк мүмкүнчүлүктөрү бар?

Акелеев: Айыл чарбаны кайра иштетүү, кийим тигүү, соода тармактарында көп эле мүмкүнчүлүктөр бар. Кичинеден баштап аз-аздан иштесе, ал жердеги мүмкүнчүлүктөрдү жаштар колдоно алышат.

XS
SM
MD
LG