Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Суталинов каяктан суурулуп чыкты?


Мурат Суталинов сот залынан чыккандан кийин, 14-декабрь.
Мурат Суталинов сот залынан чыккандан кийин, 14-декабрь.

Бир жарым жыл качып жүрүп, сотко келген УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов сот залынан үй камагына чыгарылды.

Ошол эле учурда кызматын таштап качып кетпей тергөө менен кызматташкан башка аскер кызматкерлери саламаттыгына карабастан абакта отурушат.


“Бирөөлөргө кор дүйнө, бирөөлөргө зор дүйнө”

Качып жүрүп келсе деле баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып коюшту. Бул киши жөн келген жок.
Бактыгүл Дунганова

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, сот аны үй камагына чыгаруу чечимине келди. Мындай чечим чыгарууга сот айыпталуучунун сотко өз ыктыяры менен келишин, анын буга чейинки мамлекет алдында өтөгөн эмгеги эске алынгандыгын негиз катары көрсөттү.

Мурат Суталинов сот залында (солдо).
Мурат Суталинов сот залында (солдо).
Бирок 7-апрель окуясынан бери өлкөдөн качып кетпей, тергөө менен кызматташкан аскер кызматкерлери абакта отурушат. Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы штаб башчысы Данияр Дунгановдун саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сот бир нече жолу четке кагып келген.

Анын жубайы Бактыгүл Дуңганова бир эле иш боюнча айыпталып жаткан эки адамга карата эки ача мамилени акыйкатсыздык катары баалады:

- Жанатан бери үй-бүлөбүз менен ыйлап отурабыз. Мындайча айтканда акчасы барлар кутулуп, акчасы жоктор тутулат турбайбы. Мына ал киши канча убакыт качып жүрүп келсе деле баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып коюшту. Менин жолдошум эч кайда качпай, тергөөгө болгонун болгондой айтып бергендиги үчүн оор абалына карабастан абакта отурат. Бул киши жөн келген жок. Жогору жак менен сүйлөшүп алып анан келип отурат. Ушул акыйкаттыкпы?


Каяктан келди?..


Мурат Суталиновдун 7-апрель окуясы боюнча сот отурумунда күтүүсүз пайда болушу да көпчүлүктү таң калтырды. Буга чейин эл аралык издөө жарыяланган Суталиновдун качан, каяктан жана кандайча Кыргызстандын аймагында болуп калганы туурасында расмий маалымат жок.

Сотто мамлекеттик айыптоочу катары катышып жаткан башкы прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаев анын сот залында пайда болушу күтүүсүз болгондугуна токтолду:

Рыскул Бактыбаев
Рыскул Бактыбаев
- Аны сот отурумуна адвокаты алып келди. Ага чейин бизде эч кандай маалымат болгон эмес. Биз аны сот залынан гана көрдүк. Ага эл аралык издөө жарыяланган болчу.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети жана Ички иштер министрлиги Суталиновдун күтүүсүз пайда болушу боюнча расмий комментарий бере элек.

Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкынай Абдыкарыева Суталиновдун чек арадан өтүп келгендиги тастыктала электигин айтты:

- Бул маалыматты текшерип жатабыз. Бирок азыркы убакытка карата аталган адамдын чек арадан өткөндүгүн ырастаган маалымат жок. Анын чек ара көзөмөлүнөн расмий түрдө өткөндүгү каттоого алынган эмес.


Бийликтин кепилдиги болгонбу?

Мунун бардыгы алдын-ала сүйлөшүлгөн. Кепилдик жок болсо ал киши мында келбейт болчу.
Артур Медетбеков

Ошол эле учурда Суталиновдун адвокаты ал Кыргызстандын аймагында эле жүргөн деген ойдо. Бирок бир жарым жылдан ашуун убакыттан бери издөөдө жүргөн адамдын сот отурумунда күтүүсүз пайда болушу бийлик менен болгон соодалашуунун жыйынтыгы катары каралууда.

“Альфа-Антитеррор” коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков Суталиновдун күтүүсүз пайда болушун жана анын токтоосуз камака алынбастан үй камагына чыгарылышын бийликтин эки жүздүүлүгү катары баалады:

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков
- Мунун бардыгы алдын-ала сүйлөшүлгөн. Кепилдик жок болсо ал киши мында келбейт болчу. Анын чек арадан өткөндүгү, же кайда жүргөндүгү буга чейин белгисиз болгондугу - бул биздин укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгы. Болбосо ал өз ыктыяры менен келген учурда деле мына ошол чек арадан эле кармалып, камакка алынышы керек болчу да.

Тергөө материалдарында 7-апрелдеги кандуу окуядан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Суталинов өзүнүн кызмат ордун Кеңешбек Дүйшөбаевге өткөрүп берип, анын айдоочусунун жардамы менен белгисиз тарапка жөнөп кеткендиги көрсөтүлгөн. Буга окшогон дооматтарга улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин буга чейинки жетекчиси Дүйшөбаев расмий жооп берген эмес.

XS
SM
MD
LG