Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Бүргөндү: "сөөгү" кыргыздыкы, "эти" өзбектики


Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстандын газ ишканасы. Бүргөндү өрөөнү.
Баткен облусунун аймагындагы Өзбекстандын газ ишканасы. Бүргөндү өрөөнү.

Мунай, газ кендери жаткан Бүргөндү аймагын Кыргызстанга кайтаруу маселеси көтөрүлүүдө.

Баткен облусундагы бул аймак Кыргызстанга тиешелүү болсо да, Өзбекстан иштетип, пайдасын көрүп жатат деп, парламент депутаттары өкмөттү сынга алууда. Өкмөт болсо чара көрүлүп жатканын айтат. Ошол эле кезде адистер кыргыз-өзбек чек ара маселеси чечилмейин Бүргөндүнүн кайра кайтаары күмөн дешет.

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Кочкоровдун айтымында, Бүргөндү аймагындагы газ, мунай өндүрүлүүчү жайларды Кыргызстанга өткөрүп берүү эки өлкө башчыларынын деңгээлинде чечилген. Ага карабай Өзбекстан тарап газ менен мунайды өндүрүп, ташып кетип жатат:

- Баткендеги Бүргөндү өрөөнүндө жайгашкан газ жана мунай чыккан жайлар толугу менен бизге өткөрүлүп берилиши керек эле. Тилекке каршы 20 жылдан бери бул маселе чечилбей келе жатат. Муну биз Жогорку Кеңешке алып чыгып, 2011-жылы, майда токтом кабыл алынган эле. Анда биз өкмөткө тезинен бул жайларды өткөрүп берүүнү тапшырганбыз. Бирок бул токтом аткарылбай жатат.

Эл өкүлүнүн айтымында, өкмөт бул маселени тезинен чечпесе, Бүргөндүдө жашаган эл газ жана мунай казып алып жаткан өзбек ишканасын күч менен сүрүп чыгарууга барышы мүмкүн.

Бүргөндү маселеси эки мамлекет ортосунда эгемендикке жеткен жылдардан бери эле көтөрүлүп келе жатат. Эгемендиктин алгачкы жылдарында Өзбекстан Бүргөндүдөгү газ жана мунай чыгуучу 7 жайды Кыргызстанга өткөрүп берүүгө макул болгон. 2002-жылы бул 7 жайдан төртөөнү гана өткөрүп берген. Бирок бул төрт жайды Кыргызстанга өткөрүп алууда андагы 194 кудуктун 190у жараксыз абалда болгон.

Иштеп турган эки кен бургулоочу жайды жана Өзбекстан мунай сактоочу кампаны Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси болсо кийинкиге калтырылып, ошол бойдон чечилбей келет.
2010-жылы ошол кездеги президент Роза Отунбаева убагында өткөрүлбөй калган “Түндүк Сох” жана “Чоңгара-Галча” мунай бургулоочу жайларын өткөрүп алуу тууралуу буйрук чыгарган. Бирок бул жайлар азыркыга чейин кайтарыла элек.

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Төралиевдин айтымында, учурда аталган жайларды Өзбекстан толук кандуу иштетип, Кыргызстан аймагындагы “кара алтынды” каалагандай ташып жатышат. Бул үчүн Кыргызстанга бир да тыйын төлөнбөйт:

- 1948-жылдан бери Бүргөндүдө ушул жерде 1,5 млрд. мунай газды камашат. Ошондуктан Фергана өрөөнүнүн жана Ош облусунун тургундары газ менен ушул кампанын эсебинен камсыздалат. Бул үчун Кыргызстанга бир сом да салык, ижара акысын төлөбөйт. Мындан улам мен кат менен Ташкентке, “Өзбектрансгаз" ишканасынын башкы директору жана Кыргызстандын салык инспекциясына кайрылгам. Бирок чек арадагы делимитация жана демаркация бүтпөгөндүктөн жооп бербей жатат. Негизинен делимитация жана демаркация болуп, ал биздин айыл өкмөттүн аймагынан ичкери 6 км. бери жайгашкан.

Чек ара чечилсе, Бүргөндү да чечилет

Кыргыз өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Курбанбай Искандаровдун билдиргенине караганда, Бүргөндү өрөөнүндөгү талаштуу жерлердин башы ачыла элек. Анын айтымында, бул маселе февраль айына болжолдонуп жаткан эки тараптуу комиссия отурумунда каралганы жатат.

Газ менен мунайы бар, 262 гектар аянтты ээлеп жаткан бул аймактын Кыргызстанга таандык экенин Өзбекстан деле тааныган. Бирок “ар кандай шылтоону карманып, эки кен бургулоочу жайды жана мунай сактаган кампаны өткөрүп берүүнү атайлап эле создуктуруп жатышат” дейт өкмөттүн өкүлү.

Көз карандысыз адистер эки мамлекет ортосундагы делимитация жана демаркация иштери толук аяктамайынча Бүргөндүнү кайтарып алуу тууралуу бир тараптуу аракеттерден кандайдыр бир майнап чыгаарына ишенишпейт.

Бүргөндү өрөөнүндөгү газ менен мунай чыккан жайларга байланыштуу бир катар сырдуу жагдайлардын арбын экени айтылууда. Бүргөндүдөгү кендерди иликтөөгө алган “Эр айдоочу” бейөкмөт уюмунун төрагасы Качкын Булатов бул иштерге жогорку бийлик төбөлдөрүнүн катышы бар деген ишенимде:

- Бул жерде эки жүзгө жакын мунай газ чыккан бургу орношкон, анын баары Өзбекстанга карайт. Бүргөндүнүн тегерегиндеги айылга берилип жаткан газдын акчасын Кыргызстан албайт. Кен чыккан жайларда күчтүү мафия отургандыктан эч ким кире албайт, эмне болуп жатканы тууралуу да маалыматтарды алууга мүмкүн эмес. Мен муну изилдөөгө аракет жасагам. Менин баамымда, биздин мамлекеттин газ өндүрүш жаатындагы жетекчилеринен айрымдар өзүнчө акча алып коюшуп, унчукпай бардык маселени көмүскөдө калтырып жатышат.

Өлкөнүн Геология жана жаратылыш ресурстары агенттигинин берген маалыматы боюнча, Кыргызстан өткөрүлгөн төрт газ мунай чыгуучу жайдын бирөөнүн гана запасы аныкталган. Калган үч жайда чалгындоо иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми Өзбекстан иштетип жаткан эки кенде канча мунай-газдын запасы топтолгону тууралуу маалымат жок.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG