Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Түлеев кармалып, коё берилди


Нариман Түлеев түнкү саат он жарымдар чамасында Башкы прокуратуранын башкармалыгынын имаратынан чыгып жатканда, 22-июнь 2012-жыл.
Нариман Түлеев түнкү саат он жарымдар чамасында Башкы прокуратуранын башкармалыгынын имаратынан чыгып жатканда, 22-июнь 2012-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев кечээ кечки саат тогуздар чамасында кармалып, түн оогондон кийин кайра коё берилди.

Аны бошотууга барган оппозициячыл депутаттар бул окуяны саясий себептерге байланыштырып жатышат. Башкы прокуратурнын бул боюнча өз жүйөөсү бар.

Нариман Түлеевдин камалышы тууралуу окуяны социалдык түйүндөр жазаар замат "Азаттыктын" кабарчылары Бишкектин Түштүк-2 кичи районунда жайгашкан Башкы прокуратуранын коррупция менен күрөшүү башкармалыгына жетип барды. Ал жерде депутаттын туугандары чогулуп турган экен. Алар кечки саат тогуздар чамасында күч органдарынын атайын даярдыктагы кызматкерлери Бишкектеги үйүнөн кармап кеткенин айтып жатышты.

Депутаттын бир тууган агасы Бексултан Түлеев окуяны мындайча сүрөттөп берди:

- Ушул окуяга мен күбө болдум. Биз үйдө иним экөөбүз отурганбыз, алар короого, үйгө мыйзамсыз түрдө кирип келишти. Келип эч нерсе түшүндүргөн жок, орой түрдө күч колдонушту. Нариманды жыга түртүп, кол көтөрүштү. Мен бара калып эмне кылып жатасыңар десем мени уруп киришти. Кыскасы 30-35тей киши баарыбызга кол көтөрдү.

Ошентип, саат он бирлерге чукул Түлеевдин тарапкерлери жана он чакты депутат кесиптешин бошотууну талап кылып, башкармалыктын имаратына киришти.

Депутатты бошотууну талап кылып кеминде 100-130 адам чогулду. Милиция кызматкерлери имараттын короосуна кирген жерди тосуп турушту.

Түнкү саат он эки жарым чамасында Түлеев бошотулуп, депутаттар Феликс Кулов, Камчыбек Ташиевдин коштоосунда сыртка чыкты. Нариман Түлеев имараттын ичинде эч нерсе тууралуу сүйлөшпөгөндүгүн айтты. Бирок кол тийбестик укугуна шек келгенин белгилеп, бул окуя боюнча сотко, керек болсо Европа комиссиясына кайрыла тургандыгын билдирди:

- Буга чейин бир да жолу тергөө иштерине чакырышкан эмес. Алардын артынан 3 ай жүрдүм, жактоочум да жүрдү, бизге эмне сурооңор бар деп. Эч кандай маалымат жок. Белгилүү болгондой азыр эки маселе көтөрүлүүдө: эртеңки Кумтөр маселеси жана өкмөттү отставкага кетирүү демилгеси. Менин оюмча, ушуларга байланыштуу бул иш ушундай бат чыгып кетти.

2010-жылы апрель окуясынан кийин Башкы прокуратура Нариман Түлеевге Бишкек шаарынын мэри болуп иштеп турган кезде кызматтык укуктарынан аша чапты дегене берене боюнча кылмыш ишин козгогон болучу. Бирок ошол жылдын күзүндөгү парламенттик шайлооодо “Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Натыйжада ага козголгон иш токтоп калган.

Эми Түлеевдин кармалышын оппозиция өкүлдөрү кескин сынга алууда. Маселен, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев соңку жагдайды саясий себептер менен байланыштырды:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев
- Мындай нерселердин баары кечээки бийликтин тушунда болуп келген, ошол нерсенин баары биздин Кыргызстанда бүгүн да кайталанып жатат. Ошондуктан бүгүнкү жетекчилер бул нерсеге жол бербеши керек эле. Биз болсо мыйзам бузууну жоюп, депутаттардын тобу келип Нариман Түлеевди тергөө органынын имаратынан алып чыгып кетип жатабыз. Мындан аркы аракетибизди, бул маселени бүгүн парламентте айтабыз.

Бул окуя боюнча Башкы прокуратуранын өз позициясы бар. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Нариман Түлеевге олутуу айып тагылгандыктан мындай кадамга барышканын белгиледи:

- Түлеевди камоо үчүн эмес, суракка алуу үчүн алып келишкен. Анткени анын үстүнөн 303-берененин биринчи пункту менен кылмыш иши козголгон. Бул коррупция деген өтө оор кылмыш болуп саналат. Бул кылмышка шектүү болсо депутат болобу, же башкабы алардын макулдугунун кереги жок. Ошондуктан Түлеевди сурайбыз деп алап келгенде депутаттардын тобу келип ызы-чуу чыгарып, тергөөгө тоскоолдук кылышып, алып чыгып кетишти.

Нариман Түлеевдин кармалып чыгарылышы парламенттин бүгүнкү жыйынында каралыш мүмкүндүгү айтылууда.


Баш прокуратура: Түлеевдин ишин кароо улана берет
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG