Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Кара тумоодон “кара пиар”...


Ак-Суу районундагы карантин жарыяланган аймак. 26-август, 2013-жыл
Ак-Суу районундагы карантин жарыяланган аймак. 26-август, 2013-жыл

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө кара тумоо коркунучу жоюлганын, курулай дүрбөлөң салууга негиз жоктугун билдирүүдө.

Ысык-Көлдө кара тумоого шектелип ооруканага жаткырылгандардын көбү чыкканын саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева “Азаттыкка” маегинде билдирди. Министр айрым чет өлкөлүк маалымат каражаттары курулай дүрбөлөң салып жатканын, коркунуч толук жоюлганын айтты. Анын алдында кыргыз өкмөтү кара тумоого байланыштуу бузуку мүнөздөгү макалалар боюнча атайын билдирүү жасаган эле. Талдоочулар болсо азыркыга чейин негизинен Орусиянын маалымат каражаттары Кыргызстандагы кара тумоо фактысын апыртып берүү аракеттерин токтото электигин белгилешет.


Туристтерди чочуткан кабарлар


Учурда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы бул илдет чыккан Ичке-Жергез айылы менен райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө гана карантин калды. Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева карантин толугу менен 4-сентябрда алынарын жана ооруканага текшерүү үчүн жаткырылган он кишиден башка 150дөй адам үйүнө чыкканын белгиледи:

- Ал он киши ар кандай маалда келип түшкөн. Баары тең бир мезгилде ооруканага келген эмес. Ошондуктан алардын карантин маалы өтө элек. Маалы келгенде, дагы бир сыйра анализ алынып, тыянагы чыккандан кийин алар да чыгарылат.

Буга карабастан чет өлкөлүк маалымат каражаттары бул теманы апырта сүрөттөмөй аракетин улантууда. Жакында эле Орусиянын НТВ телеканалы Кыргызстанда кара тумоодон бир өспүрүм каза болгондон кийин ондогон адам ооруп жатат деген репортаж көрсөттү.

Чуулгандуу кабардан улам айрым чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга белгилеген сапарынан баш тартканы маалым болууда. Мисалы даректүү тасма тартуу үчүн Чехиядан келгени жаткан эки топ сапарын белгисиз мөөнөткө жылдырды.

"Евроньюс" жана жергиликтүү телерадио каналдар кара тумоо тууралуу чукул кабар бергенин Чехиянын Прага шаарынын тургуну Итка аттуу айым айтып берди:

- Бир канча күн мурда теледен жана радиодон Чехиянын саламаттык сактоо министрлиги чех туристтерин Кыргызстанга барбагыла деп эскерткенин уккам. Чума деген оору пайда болгонун, 15 жаштагы бала өлгөнүн, дагы бир топтору карантинде жатканын айткан. Бул өтө коркунучтуу, жугуштуу, а түгүл өлүп калышы ыктымал экенин билдирген. Мындан улам туристтердин көбү Кыргызстанга баруудан баш тартты. Менин да досторум кыргыз тоолоруна барабыз деп жатты эле. Эми быйыл алар барбай калышты го, анткени жакында суук түшөт. Биз Кыргызстандагы бул кабар тууралуу бардык сайттардан окудук, а түгүл жанагы оору жугушу мүмкүн деген суурдун да сүрөтүн көрсөтүштү. Менимче, азыр бир топ чех туристтер Кыргызстанга баргандан коркуп калды.

Буга чейин интернеттеги социалдык түйүндөрдө айрым колдонуучулар казак-кыргыз чек арасында кара тумоонун айынан өтүү кыйындаганы тууралуу жазып чыгышкан. “Ак жол” өтмө бекетиндеги Чек ара көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Абдыш Дүйшеев мындай дейт:

- Эч кандай унаалар, элдер тыгылган жок. Көзөмөл күчөтүлгөн жок, Казакстанда деле күчөтүлгөн жок. Элди мурда кандай өткөрсө ошондой эле өткөрүп жатат. Күнүнө 20-25 миңге чейин адам, 1,5-1,7 миңдей унаа өтүп жатат.


"Орто кылымдагы оорудан сактана албайбыз"


Талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин баамында, Орусия менен Казакстан Кыргызстандагы терс окуяларды баса калып жарыялоонун кыныгын алган:

- Алар башынан эле кыргыздарды, айрыкча ортоазиялыктарды жамандап көнүп алган. Сыртта, айрыкча Батышта Кыргызстандын репутациясы Орусияныкына караганда өйдө. Ал эми казактар болсо кыргыздарды “коркутуучу” нерсеге айландырып алды.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов болсо кара тумоо окуясын кылдат иликтеп, кайталанбашы үчүн өкмөт бардык күчүн үрөшү керек деп эсептейт:

- Өкмөт, мамлекет башчысынын деңгээлинде тез арада тергөө жүргүзүлүшү керек. Өспүрүмдүн өмүрүн сактап калууга толук мүмкүнчүлүк бар болчу. Анткени ошол жерде, ошол райондо жанагындай оору боло турганын ал жерде бардык саламаттыкты сактоо кызматкерлери билиши керек эле. Жергиликтүү калкка эмне үчүн алдын ала маалымат берилген жок. Эмне себептен акыркы жылдары бул боюнча иштер аксап калган. Бизди азыр Кыргызстан орто кылымдагы оорудан сактана албайт деп шылдыңдап, уят кылып жатышат.

Байсалов өкмөт маалымат кармашында мажестик кылууда деген пикирин да кошумчалады:

- Саламатык сактоо министрлигинин маалымат кызматы жана башкалар мактангансып маалымат таратып, сенсация издеп жер жүзүнө жарыялап жиберип, анан кайра душмандарды сырттан издейбиз.

Ал арада Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Елена Баялинова кара тумоо тууралуу “ашкере” маалымат таратканы үчүн өкмөт кысмакка алганын айтып чыкты. Өкмөт өткөн апта этегинде оору тууралуу чет өлкөлүк журналисттер бузуку маалымат таратып жатканы боюнча атайын билдирүү жасаган эле.

XS
SM
MD
LG