Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Үңкүр-Тоодон өзбек чек арачылары чыгарылат


Үңкүр-Тоонун Кербен шаары тараптан көрүнүшү. (Сүрөттү "Азаттыкка" аксылык блогер Адылжан Шамшиев сунуштады.)
Үңкүр-Тоонун Кербен шаары тараптан көрүнүшү. (Сүрөттү "Азаттыкка" аксылык блогер Адылжан Шамшиев сунуштады.)

Аксыдагы талашка түшкөн жер боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында ушундай чечим кабыл алынды.

30-сентябрда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын башчылары Курманакун Матенов менен Рустам Эминжанов Кара-Суу районундагы “Достук” көзөмөл-өткөрмө жайында жолугушту. Бул жолугушууда бүгүн, 1-октябрдан тарта Үңкүр-Тоо аймагында орнотулган бекеттеги өзбек чек арачылары чыгарыла турган болгонун "Азаттыкка" вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди.

Аскерлер чыгарылмак болгону менен Үңкүр-Тоодогу чек ара маселеси али чечиле элек жана ал аймактагы чек араны тактоо иштери кийинки сүйлөшүүлөрдө улана берет.

Вице-премьер-министр Токон Мамытов кечээ "Азаттыкка" эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы сүйлөшүүлөр толук аяктагандан кийин гана жарыяланарын билдирген эле. Анын айтымында, эки тараптуу жолугушуулар үч баскычта өтөт:

- Биз мындай тактиканы атайын тандап алдык. Биринчи чек ара башчылары, андан кийин чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын төрагалары жолугат. Мына ушул жолугушуулар бүткөндөн кийин гана вице-премьер-министрлердин эки тараптуу сүйлөшүүсү болот. Эгер биринчи эле биз жолукканда, комиссия иликтесин деп эч кандай маселе чечилмек эмес.

Ал ортодо Аксы эли Үңкүр-Тоодо кыйчалыш абал түзүлүп калганына тынчсызданууда. Жергиликтүү тургундар эгер чек ара маселеси тезинен чечилбесе 2-октябрда митингге чыгып, бийликке бир катар талаптарды коёорун айтышкан.

Аксы райондук кеңешинин төрагасынын орун басары Жанарбек Надырбеков “Азаттыкка” чек арадагы соңку абал боюнча буларды билдирди:

- Биз жаңы эле Үңкүр-Тоодогу талаш делген аймакка 4-5 киши болуп барып келдик (18:00, 30-октябрь). Станция турган жерде өзбек аскерлери чатырларды тигип алышыптыр. Окопторду казып, автомат-пулеметторунун баштарын чыгарып алышыптыр. Иттерди жетелеп жүргөн 50-60 аскерди көрүүгө болот. Тоонун башында дагы деле Өзбекстандын желеги турат.

Надырбековдун айтымында, аталган жердеги Кыргызстандын телерадио толкундарын таратуучу станция азыр толугу менен өзбек чек арачыларынын курчоосунда калган. Кыргыз чек арачылары болсо тоонун ылдый тарабында. Тоонун чокусундагы станцияда азыр анын үч кызматкери - Кыргызстандын үч жараны кызматын аткарып жатат. Алар ылдыйдагы кесиптештерине абалы жакшы экенин, станциядан тышка чыкпай иштеп жатышканын телефон аркылуу билдирген.

Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев болсо кооптонууга негиз жоктугун айтууда:

- Мен мурда күнү ошол жерге өзүм барып келдим. Азыр абал тынч, чуу салууга негиз жок. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Эл менен жолугушуп, маселе өкмөттүк деңгээлде чечилерин айттым.

Жергиликтүү кеңештин дагы бир депутаты элге маалымат жетпей жаткандыктан ар кандай айың кептер тарап жатат деген пикирде:

- Бизге чек ара башчылары маалымат берсе жакшы болмок. Болбосо эл чочулап жатат. Телерадиодон деле абалды жашырбай ачык айтса болот эле да. Эгер чек араны мамлекет коргобосо өзүбүз коргойбуз дегендер чыгып жатат. "Жерибизди тарттырып коюп жата беребизби, Үзөңгү-Кууш, Каркыра кетип жатканда аксылыктар бүт жабыла туруп бердик эле. Азыр болсо өзүбүздү жалгыз сезип жатабыз", - дегендер да бар.

Сөз болуп жаткан Үңкүр-Тоо Аксы районунун борбору Кербен шаарынан 10 чакырымдан алысыраак түштүк тарапта жайгашкан. Жергиликтүү калк бул жерди Унгар-Тоо, же жөн эле Унгар деп да айтышат. Бул тоодо он чакты майда үңкүрчөлөр болгондуктан Үңкүр-Тоо аталып, кийинчерээк ал Унгар сөзүнө алмашып кеткенин айткандар да бар.

Үңкүр-Тоого тээ Совет заманында эле Кыргызстандын ретранслятору жайгашкан. Ал Жалал-Абаддын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондоруна телерадио толкундарды таратып турат. Мындан сырткары ошол эле толкундарды Баткен облусундагы станцияга алып берет. Чек ара тактала элек болгону менен Кыргызстан бул жерди өз аймагы деп билет. Бирок Өзбекстан эми түшүнөн чочугандай бул жерди талаштуу, Кыргызстандын станциясы мыйзамсыз жайгашкан деп чыгышы көпчүлүктү таң калтырууда.

Эч ким деле элес албаган мына ушул тоо мындан он күн мурда өзбек чек арачыларынын келиши менен коомчулуктун көңүл чордонуна чыкты. 20-сентябрда Үңкүр-Тоого тик учак менен келген өзбек чек арачылары станциядагы кызматкерлерди бир сыйра текшерүүгө алып, Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияга жакын жерге бекет орнотуп алышкан.

Коңшу өлкөнүн чек арачылары бул аймакка кирип келгенине кооптонгон Аксы районунун тургундары 26-сентябрда жыйын өткөрүп, бийликтерге маселени тезинен чечүү талабын коюшкан. Бирок андан бери да маселе чечилбей, эки тарап 30-сентябрда гана сүйлөшүүгө отурган.

XS
SM
MD
LG