Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Үңкүр-Тоодогу станциянын мааниси канчалык?


Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү.(Сүрөттү "Азаттыкка" аксылык блогер Адылжан Шамшиев сунуштады.)
Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү.(Сүрөттү "Азаттыкка" аксылык блогер Адылжан Шамшиев сунуштады.)

Аксынын Үңкүр-Тоо аймагындагы станция алынса Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору байланышсыз калышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалымат катчысы Нуркамал Турсунбекова “Азаттыкка” маегинде эскертти.

"Азаттык": Нуркамал айым, акыркы күндөрү Аксынын Үңкүр-Тоо аймагындагы телерадио сигналдарды таратуучу станцияга байланыштуу талаш чыгып жатат. Бул станция качан орнотулду эле? Азыр ал жерде кандай антенналар бар?

Турсунбекова: Үңкүр-Тоо аймагында РРС-24 «Кербен» станциясы 40 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Станцияда телекөрсөтүү жана радиоуктуруу программалары берилет. Мындан улам Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорун байланыш менен камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле уюлдук операторлорунун радиоэлектрондук каражаттары ушул станцияга орнотулган жана алар Жалал-Абад облусунун айылдарын мобилдик байланыш менен камсыз кылат.

"Азаттык": Бул станцияда канча адам иштейт?

Турсунбекова: Станцияда 3 адам вахта ыкмасында иштейт. Алар “Кыргызтелекомдун” курамындагы Телерадио релейкалык магистралдык уктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси түзгөн график боюнча иштешет.

"Азаттык": Эмне себептен Өзбекстан Кыргызстанга радиотолкундарды колдонуу тууралуу 2007-жылы түзүлгөн эки тараптуу келишимди бузду деген доомат коюп жатат?

Турсунбекова: Ар бир жыштык, эксплуатацияга берилерден мурда чектеш мамлекеттер менен координациялоо боюнча сүйлөшүүлөр, кеңешүүлөр жүргүзүлөт. Эл аралык ченемдерге жана келишимдерге ылайык, сөз болуп жаткан 106,3 МГц жыштыгы Эл аралык электр байланыш уюмунун жыштыктар тизмесинде "Кыргызстанга тиешелүү" деп каттоодо турат жана кошумча макулдашуу талап кылынбайт. Чектеш өлкөлөрдүн ортосундагы техникалык маселелерди, анын ичинен жыштыктар боюнча маселелерди жөнгө салуу боюнча бардык коңшулаш мамлекеттер менен, ошондой эле Өзбекстан менен өз ара кат алышууларды дайыма жумушчу тартипте Байланыш агенттиги жүргүзөт.

"Азаттык": Эгер ал жердеги антенналар алынса кесепети кандай болот?

Турсунбекова: «Кербен» станциясы иштебей калса, аталган райондордо телерадиоберүү программалары берилбей калат жана уюлдук байланыш токтойт. Ошондой эле ушул станция аркылуу өткөн шаар аралык, эл аралык байланыш каналдары үзүлөт.

"Азаттык": Өзбекстан тарап, бул станция алар тарапка багытталганын айтып, доомат коюп жатканы айтылууда. Станциядагы телерадио толкундар Өзбекстандын аймагына да тарайбы?

Турсунбекова: Ооба, бирок телерадиоберүү сигналдары Өзбекстанга атайын багытталган эмес. Бирок радиотолкундардын таралышынын өзгөчөлүгүнө жараша сигналдар Фергана өрөөнү аркылуу өтөт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG