Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Казакстандыктар Жириновскийге каршы кол топтоодо


Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Либерал-демократтар партиясынын жетекчиси Владимир Жириновскийдин айткандары боюнча нааразылыгын билдирди. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы орус депутатына каршы “дипломатиялык чаралар" көрүлөрүн билдирди.

23-февралда Владимир Жириновский Украина боюнча сүйлөп жатып, Борбор Азиядагы көз карандысыз өлкөлөрдүн макамы боюнча пикирин айткан. Жириновский Орусия "бир гана Украинаны эмес, Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдү да катуу кармаш керек" деген оюн айткан. Ал Борбор Азияны Орусияга федерация катары кошуп, борбор калаасы Верный болушу керектигин кошумчалаган.

Алматынын мурдагы аталышы – Верный. Жириновский өзү Алматыда туулуп, ушул шаарда чоңойгон. Жириновскийдин жоопко тартылышын талап кылып, казакстандыктар онлайн-петицияга кол топтоодо. (AiK)

XS
SM
MD
LG