Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

“Дождь” телеканалынын башкы продюсерин сабап кетишти


Москвада белгилүү оппозициялык “Дождь” телеканалынын башкы продюсери Ксения Батанованы сабап кетишти. Телеканалдын 14-сентябрда тараткан маалыматына ылайык, Батанованы кечке жуук өз үйүнүн жанында эки белгисиз киши токмоктогон. Журналист эс-учун жоготкон учурда анын сөйкөсүн жана уюлдук телефонун алып кетишкен. Учурда ал ооруканада жатат.

Ксения Москванын Мещанский районундагы шайлоо комиссиясынын мүчөсү. Аталган аймактан алынган добуштар жергиликтүү шайлоолордо чечүүчү ролду ойнойт. 14-сентябрь күнү өткөн шаардык думаны шайлоодо журналист добуш берүү участкасында иштеши керек болчу.

XS
SM
MD
LG