Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

АКШ: Конгресс Ак үйдү Украинага курал берүүгө чакырды


Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Украинанын чыгышындагы жикчилер танкттарды Орусиядан алып жатат деп эсептешет.
Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Украинанын чыгышындагы жикчилер танкттарды Орусиядан алып жатат деп эсептешет.

АКШда Конгресс президент Барак Обаманын администрациясын Украинага курал берүүгө үндөгөн резолюцияны жактырды.

Резолюция сунуш мүнөзүндө жана америкалык өкмөт аны аткарууга милдеттүү эмес. Ак үй Украинага курал берүү же бербөө маселеси талкуулануу баскычында турганын жана чечим кабыл алына электигин билдирип келет.

АКШ конгрессмендеринин пикиринде, Украинага курал өз суверенитетин коргоосу үчүн берилиши керек.

“Эл өкүлдөр палатасы президентти Конгресс берген ыйгарым укуктан толук жана токтоосуз колдонууга жана Украинага украин элинин өз суверендүү аймагын Орусия федерациясынын агрессиясынан коргоо жөндөмүн жогорулатуу үчүн коргонуу куралдарынын системасын берүүгө чакырат" деп айтылат резоюцияда.

Дүйшөмбү күнү колго салынган резолюцияны 348 конгрессмен колдоп, 48и гана каршы чыкты.

Бул Украинага курал берүү маселесин Конгресстеги көпчүлүктү түзгөн республикачылар, азчылыкты түзгөн демократтар да жактады дегенди билдирет.

Өзү резолюциянын долбоорун кароого демократ конгрессмен Элиот Энгел киргизген. Ал Конгресстеги талкуу учурунда сүйлөп жатып, төмөнкүлөргө токтолду:

Элиот Энгел
Элиот Энгел

- Бул сындуу саясат партиялык болбош керек. Ушундан улам биз бүгүн демократтар да, республикачылар да чындап америкалык катары Украинанын баштан кечиргендери жетишет деп айтып жатабыз. Биз Украинадагы кризисти башка бирөөнүн жаңжалы же көйгөйү деп эсептей албайбыз. Бул согуш миңдеген адамдардын өмүрүн кыйды, он миңдегендери жарадар болду, миллиону жер которду. Ага катар жаңжал Европада кансыз согуш доорунан кийин калыптанган туруктуулукка коркунуч туудура баштады.

Кошмо Штаттар буга чейин украин армиясына бронежилет, байланыш каражаттары, кургак тамак –аш, дары дармек жагынан жардам көргөзгөн.

Ушул айдын башында Украинага дагы 75 миллион доллардык жардам көргөзүлөрү, жардамдын арасында минемотторго каршы радарлар, куралы жок аскерий унаалар, куралы жок жана аралыктан башкарылуучу учуучу аппараттар же дрондор болору айтылган.

Америкалык администрацияда мурда жогорку даражалуу кызматтарды ээлеген сегиз адам өткөн айда Вашингтондо көз карандысыз доклад жарыялашкан эле.

Алар да администрацияны Украинага үч миллиард долларга коргонуу куралдарын, анын ичинде танкттарга каршы ракеталарды, аралыктан башкарылуучу чалгынчы аппараттарды же дрондорду, брондуу унааларды, каршы тараптын минемоттору менен артиллериясынын турумун аныктоочу радарларды берүүгө үндөгөн эле.

Вашингтондо Украинанын өкмөттүк күчтөрүнө курал берилишин жактагандар муну Орусия жикчилерди курал менен жабдууну такай улантып жатканына да байланыштырышат.

Республикачыл конгрессмендердн бири Илиена Рос - Лехтинен талкуу учурунда буларды белгиледи:

Илиена Рос - Лехтинен
Илиена Рос - Лехтинен

- Дүйнө биз Украинаны тикелей кол салуудан коргоо үчүн эмне жардам бере аларыбызды, эмне жасай аларыбызды кылдаттык менен карап турат. Эгер бул жардам абдан эле аз болсо, өтө кечигип кетсе коңшу өлкөдө пландап жаткандар өзүн чечкиндүү сезишет. Украин эли бизден алар үчүн урушуп берүүбүздү суранган жок. Алар өздөрүн коргоо үчүн курал сурашууда.

Ошентип, Конгресстин Украинга курал берүү чакырыгы Ак үйгө багытталды. Бирок Обаманын администрациясы мындай чечим кабыл алуудан карманып келет.

Мамлекеттик департамент буга чейин бул маселе талкуулануу үстүндө экенин, алар ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишими кандай аткарыларынын жыйынтыгын күтүп жатышканын да билдирген.

Алексей Пушков.
Алексей Пушков.

Орусиядан Конгресстин чакырыгына Мамлекеттик думанын эл аралык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Алексей Пушков реакция жасап, кабыл алынган резолюцияны “жоопкерчиликсиз” кадам деп атады.

Ал эми “Адилеттүү Орусия” партиясынан депутат Михаил Емельянов эгер АКШ Украинага курал берсе, орус парламенти президенттин Украинага аскер киргизүү укугун кайра калыбына келтирүүсү зарылдыгын айтып чыкты.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG