Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Халифат карааны - башкы коркунуч


Архивден алынган сүрөт, 17-сентябрь, 2012-жыл
Архивден алынган сүрөт, 17-сентябрь, 2012-жыл

Жалал-Абад шаарында куралдуу күчтөрдүн "Коопсуздук - 2015" деген аталыштагы машыгуусу өтүүдө.

Машыгуу учурунда Борбор Азиядагы экстремисттик жана террордук коркунучтарга байланыштуу өзгөчө кырдаал учурунда күч түзүмдөрүн даярдыкка келтирүү жана калкты коргоо чаралары иштелип чыгууда.

Иш-чара башталардан мурда Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын өздүк ротасынын курамында болгон запастагы офицерлер чакырылган. Алар шаардагы аскер комиссариатына чогулушуп, аскер кийимдерин алып, катарга тизилишти. Шаардын аскер комиссары Женишбек Жакеев:

- Мында негизинен аскерге милдеттүү запастагы адамдар жыйналган. Мыйзамдын негизинде булар баарына даяр болуп, өзгөчө кырдаал учурунда шаардагы стратегиялык маанидеги объекттерди көзөмөлгө алуу үчүн даярдалган. Азыр кийим-кечектерин алышты. Жата турган жерлерине барышып, 3 күндүк мобилизацияда болушат.

2012-жылдын 13-апрелинде өткөн машыгуу
2012-жылдын 13-апрелинде өткөн машыгуу

Кыргызстан эгемендик жылдардын алгачкы баскычтарында эле терроризм менен бет келишкен өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Анткени эл аралык террорчулукка каршы күрөш жана өлкөнүн коопсуздугун коргоо маселеси 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынан кийин актуалдуу боло баштаган. "Ошол себептүү азыр да өлкөнүн түштүк аймагындагы чек арага байланыштуу окуялар бизди чара көрүүгө түртүүдө" дейт Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев.

- Ооганстан, Сирия, Пакистан бизден алыс эмес, баары Орто Азияда жайгашкан мамлекттер. Азыр ал жакта эмне болуп жатканын билесиңер. Ошол аймактарда эл аралык террорчулардын аракети күч болуп жатат. Алар "халифат түзөбүз, Фергана өрөөнүн өзүнчө чоң мамлекетке айлантабыз" деген максатынан кайта элек. Ошондой коркунучтарды Сирия менен Иракта пайда кылышты. Ошон үчүн бириккен машыгууларды өткөрүү замандын талабы болуп турат. Жашырганда эмне, бул жерде негизги кызыкчылык элдин биримдигин жана жерди сактап калыш болуп жатат.

13-апрель, 2012-жыл, Жалал-Абад
13-апрель, 2012-жыл, Жалал-Абад

Жалал-Абаддагы аэропорттун талаасы Башкы штабдын аскердик техникаларынын жардамы менен өзүнчө штабга айланды. Мында бардык кырдаал боюнча маалыматтар чогултулуп, пландар ушул жерде иштелип чыгат. Чек ара тилкелеринде кандай тактикалар иштелип чыгары журналисттерге ачыкталган жок.

Ички иштер министрлиги берген маалыматка караганда, Кыргызстанда 1200дөн ашуун адам террорчу деп каттоодо турат. Ошондой эле Кыргызстанда 16 диний экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Кубаныч Абакиров Кыргызстан ЖККУ сыяктуу уюмдар менен бирге иш алып барып, өлкөнүн коопсуздугун ушул сыяктуу коркунучтардан камсыз кыла ала тургандыгын билдирди.

- Кыргызстан бир топ эл аралык уюмдардын мүчөсү болуп эсептелинет. Мисалы, Шанхай кызматташтык уюмунун негизги максаттарынын бири терроризмге жана экстремизмге биргелешип күрөшүү болуп саналат. Дүйнөдө болуп жаткан ар кандай террордук жагдайларга Кыргызстан да дүйнөлүк коомчулук менен бирге каршы турарын президент да башка өлкөлөргө барганда айтып келүүдө. Террорчулукка каршы күрөшүү бул ар бир мамлекеттин жалгыз иши эмес, буга эл аралык коомчулук жалпы күрөшүп, мамлекет да ага салым кошуш керек.

"Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулган аялдар
"Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулган аялдар

Президенттин жарлыгына ылайык, ушундай эле машыгуулар өткөн жылдын май айында Ош шаарында өткөрүлгөн. Башкы штабдын башчысы Асанбек Алымкожоев каражаттын тартыштыгына байланыштуу машыгуу жылына бир жолу өткөрүлүп жатканын айтат.

Бирок коопсуздук маселелери боюнча эксперт Талант Раззаков "Азаттыкка" курган маегинде мезгилдин талабына жараша аскердик машыгуулар байма-бай жүргүзүлүп, даярдыктар көрүлүшү керектигин билдирди:

- Маалым болгондой "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү Ооганстанда активдешип жатканы байкалууда. Ошол себептүү өлкөнүн президенти АКШнын аскерлерин дагы калтырууну суранды. Демек кырдаал жакшы эмес. Эгерде экстремисттик топтор ал жерде жок кылынса, балким Кыргызстанга жакын жерден кайра пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан ушул сыяктуу машыгуулар сөзсүз өткөрүлүп, аскердик даярдык, коргонуу чаралары көрүлүшү керек. Азыр калк арасында түшүндүрүү иштери да зарыл болуп турат.

Ал арада “Ислам мамлекети” террордук тобунун ишмердигине да Кыргызстанда тыюу салынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тараткан маалыматында айтылгандай, мындай чечим экстремизм жана терроризмди алдын алуу максатында кабыл алынган.

Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын саны 16. Алар: "Хизб ут-Тахрир", "Түркстанды бошотуу", "Чыгыш Түркстан ислам партиясы", "Түркстан ислам кыймылы", "Өзбекстан ислам кыймылы", "ал-Каида", "Талибан", "Күртстан Элдик Конгресси" жана "Жихад топтору" уюмдары жана башкалар.

XS
SM
MD
LG