Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

Хакасия өрт менен күрөшүүдө


Өрттөн аман калган адам. Шыра кыштагы. Хакасия. 13-апрель 2015
Өрттөн аман калган адам. Шыра кыштагы. Хакасия. 13-апрель 2015

Хакасияда катуу өрттөн улам чукул кырдаал абалы жарыяланды. Сибирдин түштүгүндөгү республикада эки күн илгери башталган өрттөн 23 адам апаат кетип, бир миңге жакын киши жарадар болду.

12-апрелде башталган өрт жайылып кетпес үчүн Орусиянын чукул кырдаалдар министри Сибирдин бардык региондорунда өрткө каршы күрөшүүнүн өзгөчө режимин киргизди. Өрттөн 23 киши каза тапты. Орусиянын чукул кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, ондогон шаар кыштактарда бир миңге жакын киши жарадар болду. Бир жарым миңдей турак жай өрттөнүп, кеминде 5 миң киши үйсүз калды.

Үч чөлкөмдү тополоңго салып, жүздөгөн турак-жайларды күлгө айланткан өрттүн чыгышына жергиликтүү адамдардын талаадагы кургак чөптөргө ширеңке чагып, от коюусу себеп болгон. Бул жөнүндө Орусия Федерациясынын Чукул кырдаалдар министринин орун басары Александр Чуприянов 13-апрелде НТВ телеканалынан сүйлөгөндө айтты:

- Эгер биз ширеңке менен ойногонду токтотсок, өрт болмок эмес. Ширеңке менен балдар гана ойнобойт. Акыл-эстүү, эрезеге жектен адамдар да атайылап өрт коюшат. Талаадагы кургаган чөптөрдү уруксатсыз өрттөөнүн кесепетинен ар жыл сайын ондогон, атүгүл жүздөгөн турак жайлар жексен болот.

үйсүз калган үй-бүлө. Шыра кыштагы. Хакасия. 13-апрель 2015
үйсүз калган үй-бүлө. Шыра кыштагы. Хакасия. 13-апрель 2015

Хакасияда талаа-кырлардагы кургак чөптөрдү жок кылуу үчүн ширеңке чагып таштоонун натыйжасында пайда болгон тилсиз жоо 3000дей койду, 700дөй бодо малды тирүүлөй жалмап,ондогон короо-сайраларды кыйраткан.

Жалпы чыгымдар айтпаганда эле, там-жайсыз калган 5 миңдей адамды үй менен камсыздоо үчүн Хакасиянын өкмөт башчысы Виктор Зиминдин айтымында, аз дегенде 5 миллиард рубль же 98 миллион доллар керек болот. Ал эми өрттөн дагы канчалаган дан сактоочу кампалар, комбайн жана башка техникалар иштен чыкканы али такталууда.

Куткаруучулардын айтымында, өрттүн тез жайылуусуна ылдамдыгы секундасына 30 метрге чейин жеткен шамал да кошумча болгон. Андыктан, өрт өчүрүүчү машиналар турак үйлөргө жакын бара албай жатканын билдирди Хакасиянын чукул кырдаалдар кызматы.

Там-жайсыз калган жана атын атабаган хакасиялык жаран НТВ телеканалына сүйлөп, өрттү токтотууга ачуу истүү коюу түтүн менен бирге шамал да тоскоолдук кылып жатканына даттанды:

- Бир саат бою өрт болуп жаткан тараптан калың түтүн келип жатты. Шамал айдаган жалын мына бул жерге жетип, үйлөрдү жана кашааларды өрт каптады.

13-апрелде Орусиянын коргоо министрлиги Хакасиядагы өрт менен күрөшүү үчүн жардамга 700дөн ашык аскерди жөнөттү.

Чыгыш Сибирдеги Забайкалск крайында жана Ыраакы Чыгыштын Амур областында да токойлор күйүүдө.

Хакасиядагы өрттөн 15 адам каза болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:45 0:00

XS
SM
MD
LG