Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Хакасиядагы өрттөн кыргызстандыктар да жабыркады


Адамдар өрттү өчүрүүдө
Адамдар өрттү өчүрүүдө

Хакасиядагы өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын саны 50гө жакын болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде Хакасиядагы “Мен - кыргызмын” уюмунун президенти Азиз Чекиров билдирди.

Ал ар бир аймактан үйү, фермасы өрттөнгөн кыргызстандыктар жардам сурап, телефон чалып жатканын айтты.

“Азаттык”: Хакасияда өрт чыккан аймактардагы кыргызстандыктар менен жолугуп келген экенсиздер. Абал кандай?

Азиз Чекиров: Хакасия боюнча абал оор. Мындагы сегиз райондун бешөө күйүп атат. Бул жакта Бейск районунун Новокурск айылында кыргызстандыктар көбүрөөк жашайт. Мен жана орун басарым - Расул деген жигит экөөбүз барып кабар алып келдик. Кыргыздардын тогуз үйү күйгөн.

Өрт чалган кыштактар
Өрт чалган кыштактар

Бул жактагы 37 кыргызстандыктын ичинен үчөө гана Орусиянын жарандыгын алган. Калгандары Кыргызстандын жарандары. Биз бир аз гуманитардык жардам, акча чогултуп алып барып кыргыздардын ал-акыбалын сурап, мурдагы совхоздун администрация бар экен, ошол жакка киргизип кайттык. Бизге Абакандан 160 чакырым алыста жайгашкан Ширин районунан эки, Орджоникидзеден бир, Алтайдан үчөө кайрылды. Шаардын четиндеги Абакандан сегиз киши чалды. Булардын бардыгы телефон аркылуу кайрылышты. Алардын кайсы бири чын экенин билбедик. Биз кыргыздар көбүрөөк жашаган Бейск районунда болуп, көзүбүз менен көрүп келгендерди айтсак, алар үйлөрүнөн эч нерсе алып чыга алган эмес. Эми аларга кийим-кече, тамак-аш, балдарына китеп, окуу куралдары керек. Документсиз калган жети кыргызстандык арыз берди. Азыр аларга да аракет кылып жатабыз.

“Азаттык”: Орусия бийлиги 15тей киши каза таап, ондогон адам жараат алганын айтып жатат. Жараат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок бекен?

Өрттүн айынан миңдеген адамдар үй жайсыз калды
Өрттүн айынан миңдеген адамдар үй жайсыз калды

Азиз Чекиров: Адамдар өздөрү соо, бирине да күйүк сыяктуу зыян келген эмес. Болгону үйлөрүнөн эч нерселерин алып чыга албай калышкан. Эми эртеңден баштап башка аймактарды да кыдырып, кабар алабыз. Бир-эки фермерлер кайрылып, сарай, жемканалары өрттөнүп кеткенин кабарлашты.

“Азаттык”: Сиздер барган Бейск аймагында өрт өчүптүрбү? Анткени азыр да өрт өчүргүчтөр тилсиз жоо менен алышып жатканы айтылууда?

Азиз Чекиров: Ооба, көп жерлерде өчө элек экен. Айыл-кыштарга жакын жерлердин баары өчүптүр. Бирок азыр деле түтөп атат. Карап отурабыз, шаардын чекелери кара түтүн. Азыр өрт өчүргүчтөр жетишпей жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учактары учуп жүрөт. Абакан районунун 13-чакырымында кыргыздар жашайт эле. Кечэээ кечинде 70-80 кыргыз барып алардын үйүн алып калдык. Бир-экөөнүн кашаасы күйдү. Эртеңден баштап дагы гуманитардык жардам чогултуп, аймактарды бүт кыдырабыз.

“Азаттык”: Жалпысынан Хакасияда иштеген кыргызстандыктардын саны канча?

Азиз Чекиров: Орусиянын жарандыгын алган, Кыргызстандын жараны болуп отуруп 12 миңге жетет. Алардын басымдуу бөлүгү соода-сатыкта, курулушта, дыйканчылыкта, токой чарбасында иштейт. Доктурлар, окуу жайларда мугалим болуп иштегендер бар.

Хакасиядагы өрттөн кыргызстандыктар да жабыркады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

XS
SM
MD
LG