Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Дарыгерлер чарчаган ымыркай үчүн кечирим сурашты


Бишкектеги №2 төрөтканада жардам көрсөтүлбөй чарчап калды делген ымыркайдын окуясы иликтенүүдө. Баланын атасы дарыгерлерди айыптап, укук коргоо органдарына кайрылган.

Окуя мындан бир апта мурда болгон. Эрмек Нургазиев келинчегинин чыдатпаган ич оорусунан улам Бишкектеги 2-төрөтканага алып келген. Үй-бүлөнүн алты баласы бар. Буга чейин алар бул жакка кайрылып тургандыктан, төрөткана тандоодо эч кандай шек болгон эмес.

Келинчегинин көз жарганга айы жакындабаганынан Эрмек да, жубайы да ал күнү бала төрөлөрүн билишкен эмес. Бирок көп өтпөй дарыгерлер аялы төрөгөнүн, бирок ымыркай чарчап калганын айтышат:

- Аялымдан кан кете баштаганда сактанууга жаткырат деп ойлогом. Бирок алар операциялык жол менен төрөтүштү. Саат кечки жетиде келгенбиз, жети жарымда баланы алып чыгышты. Дарыгерлер аялымды сүйрөп келип эле мага бала чарчап калганын айтышты. Башында аялымдын жанында отуруп, анан дарыгерлерге "балам менен коштошуп алайын" деп айттым. Бир бөлмөгө кирсем эки ымыркай бар экен. Бири дем алуучу аппаратта жатыптыр, экинчиси столдун үсүтүндө эле чүпүрөккө оролуп жаткан. Бетинен өпсөм эле кыймылдады. Жанымдагы дарыгерлерге “балам тирүү экен, сактап калгыла” деп кыйкырып жибердим. Дарыгерлер “балаң баары бир дем ала албайт, чарчап калат, же майып болуп калышы мүмкүн”,- деп жатышты. “Майып болсо да өзүм карайм”, - деп отуруп акыры дарыгердин биринин чөнтөгүнө миң сом салдым. Ал чуркап барып, дем алуучу аппаратты алып келди. Мени болсо сыртка чыгарып салышты. Азыркыга чейин жаман ойлор келип жатат, балким ошондо чыкпаганда баламды сактап калмак белем... Балким мен чыгып кеткенден кийин аппараттан алып салыштыбы...

1-июлда окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн Бишкектеги №2 төрөт үйүнө саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев барган. Ал дарыгерлердин негизги милдети адамга жардам көрсөтүп, акыркы мүнөткө чейин жашоо үчүн күрөшүү экенин белгилеп, төрөтканадагы окуяны өтө кооптуу факт деп атады.

Эрмек Нургазиев окуя боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, №2 төрөткананын дарыгерлери менен бетме-бет жолуккан:

- Төрөткө катышкан дарыгерлердин баары келишти. Бетме-бет жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин дарыгерлер өз күнөөсүн мойнуна алып, менден кечирим сурай башташты. Бирок мен арызымды артка алган жокмун, Саламаттыкты сактоо министрлигине да жаздым. Министр “окуя тыкыр иликтенет, сотко чейин жеткиребиз”, - деп убадасын берди.

Жетекчилик үн ката элек

№2 төрөткананын дарыгерлери менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Төрөткананын башкы дарыгерин сураганбызда, ал окуя болгон күндүн эртеси эле эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенин айтышты.

Ал эми Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин башкы акушери Раиса Асылбашева бул окуя боюнча комиссия түзүлүп, текшерүү башталганын, анын жыйынтыгы менен тийиштүү дарыгерлерге чара көрүлөрүн айтты:

- Окуя тууралуу социалдык тармактардан, журналисттерден уккандан кийин эле ошол замат комиссия түзгөнбүз. Ал комиссиянын тизмесине тажрыйбалуу дарыгерлер киришкен. Ушул тапта иш боюнча толук документтер бизде бар. Анын жыйынтыгы менен дарыгерлерге кандай чара көрүлөрү айтылат.

Ал арада укук коргоочулар дарыгерлер тараптан бейтаптарга болгон шалаакылык мамиле биринчи жолу эмес экенин айтып кабатыр. Укук коргоочу Назгүл Турдубекова ооруканаларда атайын бейтаптардын укугун коргогон кыймыл түзүү керек деген пикирде:

- Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ооруканаларда бейтаптардын укугун коргоо, алардын өмүрүн сактап калуу үчүн атайын кыймыл түзүү керек. Ал кыймылдын катарын коомчулук өкүлдөрү, тажрыйбалуу дарыгерлер да толукташы керек.

Төрөтканага байланыштуу чуулгандуу окуялар маал-маалы менен болуп турат. Буга чейин шаардагы №4 төрөтканадагы дарыгерлерди "баламды алмаштырып салды" деп бир ата-эне айыптаган. Сөз болуп жаткан төрөтканада буга дейре ушуга окшогон чырлар, ымыркайлар жоголуп кеткен учурлар катталып келген.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG