Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Айрым партиялар тизмесин өзгөртүүдө


Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Кээ бир саясый партиялар талапкерлердин тизмесин БШКга өткөрөөр алдында кайрадан тактоого киришти. Бул шайлоо мыйзамына туура келеби?

Тизмедеги бир катар талапкерлер арасында түрдүү маселелер жаралып, айрымдарынын кош жарандыгы болсо, дагы бирине кылмыш иштери себеп болууда.

Алгачкылардан болуп курултай өткөргөн “Ар-намыс” партиясынан талапкерлеринин тизмесине киргизилген Эркин Тентишев бир эле учурда “Кыргызстан” партиясы менен дагы шайлоого баратат. “Ар-намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, партияда талапкерлердин тизмеси кайрадан каралууда. Себеби дагы бир талапкер ден-соолугуна байланыштуу тизмеден алып салууну чукулунан өтүндү.

Эмил Алиев
Эмил Алиев

- Тентишевдин документтери толук эмес болуп, биз аны тизмеден чыгарып салдык. Тизмеде көп деле өзгөрүү болбойт, бирок дагы бир талапкерибиз катуу ооруп жатканына байланыштуу ал дагы арызымды жазып чыгам деп атат. Азырынча сүйлөшүп, кеңешип атабыз.

Эки партиянын тизмегине кирип калган Эркин Тентишев “Ар-намыс” партиясынын курамында эч качан болбогонун айтып, “Кыргызстан” менен шайлоого баратканын билдирди.

- Мен бир нече партиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөм. Анын ичинде “Ар-намыс” дагы бар. Бирок бир дагы партияга арыз жазып мүчөлүккө кирген эмесмин. Акыры “Кыргызстанга” арыз жазып кирип, ушул жакка токтолдум. “Ар-намыс” мени шашылыш эле киргизип алды окшойт.

"Азаттыкка" адашып баргандар

Партиядагы талапкерлер арасындагы түшүнбөстүктөр муну менен гана чектелбейт. “Азаттык” партиясында 31-орундагы Камила Талиева партия анын макулдугу жок эле кошуп алганына нааразычылыгын айтса, 33-орунда тизмеге кирген Адилет Айтикеев, депутат болууну каалабай турганын билдирүүдө.

- Өздөрү кошуп коюптур, мени жөн эле 120-орунга койсо болмок деп айттым. Негизи бул партиянын платформасын жактырам, бирок шайлоо кампаниясына катышпайм. Өзүмдүн кесибим менен эле жардам берем, себеби менин депутат болоюн деген максатым жок. Мен өзүм өндүрүштө иштеп, бир нерсе өндүргөндү жакшы көрөм, - деди Айтикеев.

Ал эми мурдагы маданият министри Камила Талиева “Азаттык” партиясы тизмеге киргизип жатканы боюнча ага эч ким кабарлап койбогонун айтып чыкты.

Айтикеев менен Талиеванын арызы
Айтикеев менен Талиеванын арызы

Бирок “Азаттык” партиясы Талиева менен Айтикеевдин айткандарын төгүндөдү. Партиянын штаб жетекчиси Мамбетжунус Абыловдун айтымында, Талиева 17-августта, Айтикеев 8-августта партияга кошулууга арыз жазган.

Мырзакматовду жолотпоо аракетиби?

Коомчулуктун көңүлүн бурдурган дагы бир талапкер – “Ата Мекендин” тизмесиндеги Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов. Экс-мэр партия тизмегине киргени менен депутат болбой калуу алдында турат. Анын адвокаты Чолпон Жакупбекова Ош облустук сотуна ишеним көрсөтпөө тууралуу Жогорку сотко арыз жазганы менен иш атайын создуктурулуп, каралбай жатканын айтты.

- Жогорку сотко арыз жазган күндө дагы, иш ал жака жеткенче шайлоо башталып кеткени жатат. Биздин мыйзамда ишти кароо мөөнөтү чектелген эмес. Ошондуктан алар атайылап арызды кармап, Жогорку сотко жөнөтпөй тура беришет.

Мырзакматовду Ош шаардык соту жети жылга кескенине карабай, “Ата Мекен” партиясы ал "тизмеден чыгарылбайт, партия айткан сөзүнөн өмүрү кайткан эмес" деп билдирүү таратты.

Мындай билдирүүгө БШК дагы так кесе жообун айта элек. Боршайкомдун мүчөсү Канатбек Азиз билдиргендей, Мырзакматов партияда талапкер катары кала берсе дагы соттолгону жоюлмайынча колуна мандат ала албайт. Ошентсе дагы БШК алдыдагы жыйындарында бул маселени кабыргасынан койгону турат.

- Конституциялык мыйзамда соттолгон адам депутат боло албайт деп жазылган. Бирок шайлоодо талапкер боло албайт деген норма жок. Ошондуктан “Ата Мекен” ушул жагын карманып атат болуш керек. Эгерде түрмөдө отурса, же акыл эси ордунда эмес деп табылса, ал талапкер боло албайт. Эки шарт тең дал келбей жатат. Ошондуктан БШКнын мүчөлөрү отурумда добуш берип чечебиз.

БШК партиялардын тизмесин тийиштүү органдар менен биргеликте андагы талапкерлердин соттолбогондугун, жарандыгын жана башка мыйзам талап калган беренелер боюнча 10 күндүн ичинде текшерип чыгат.

Борбордук шайлоо комиссиясына азыркы тапта "Ата Мекен" партиясы гана талапкерлердин тизмесин берди.

XS
SM
MD
LG