Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Йылмаз: "Замандын" сыны бийликке жакпады


Түрк полициясы «Феза газетежилик» компаниясынын имаратынын ичинде, 2016-жыл, 4-март
Түрк полициясы «Феза газетежилик» компаниясынын имаратынын ичинде, 2016-жыл, 4-март

4-март күнү кечинде Стамбулдагы «Феза Газетежилик» компаниясы бийликтин чечими менен өкмөттүн карамагына алынды.

Түркияда эң көп нуска менен чыккан «Заман» гезити, «Жихан» кабар агенттиги жана бир катар журналдарды чыгарган бул компанияны колдоп, тынчтык митингине чыккан миңге чукул адамды полиция суу жана көздөн жаш чыгаруучу газ менен кубалаганын «Азаттыкка» бул гезиттин эл аралык кабарлар боюнча редактору Мустафа Эдип Йылмаз билдирди.

Мустафа Эдип Йылмаз: Прокуратура биздин гезитти мамлекеттин карамагына өткөрүү боюнча чечим чыгарган. Ошол чечимге ылайык, 4-март күнү кечинде полиция биздин эшиктин алдында гезитти колдоп, тынчтык митингине чыккандарды күч менен таркатты. Каршылык акциясына бизде иштеген кызматкерлердин жакындарын кошкондо миңге чукул адам чыккан. Полиция гезиттин имаратына кирип, ишти толугу менен токтотту. Азыр имарат жабылып, бийликтин көзөмөлүнө өттү.

«Азаттык»: Эми гезиттин иши биротоло токтоп, чыкпай калабы?

Мустафа Эдип Йылмаз
Мустафа Эдип Йылмаз

Мустафа Эдип Йылмаз: Гезитти биз кечээ чыгарганга үлгүрүп калдык. Полиция гезит басылгандан кийин келди. Бирок эми мындан ары эмне болору белгисиз. Чыгабы же чыкпайбы аны так айта албайм.

«Азаттык»: Мындан ары бийликтин саясаты кандай болору күтүлүүдө? «Феза газетежилик» компаниясынын медиа тармактары жалаң өкмөттүн айтканын жазып калабы?

Мустафа Эдип Йылмаз: Албетте, сөзсүз түрдө саясатын өзгөртүшөт. Бийликтин башкы максаты - биздин гезиттен чыккан оппозициялык үндү басуу. Өкмөткө каршы маанайда жазган журналисттерди чектөө алардын эң негизги тилеги. Мындан мурда деле ушул сыяктуу окуяларды көрдүк. Мисалы «Бүгүн» гезити менен телерадио компаниясы, «Миллиет» гезитин жана «Канал түрк» телеканалын да 2015-жылдын 1-ноябрындагы шайлоо алдында бийлик басып алып, азыркы «Феза газетежилик» компаниясындагыдай эле иш-аракеттерди кылышты. Анан бул мен санаган медиа каражаттардын бардыгынын саясаты бир күн ичинде оппозициялык маанайдан бийликти колдогон нукка өзгөрдү.

«Азаттык»: Силердин гезитти президент Режеп Тайип Эрдогандын бийлиги ага атаандаш чыккан Фетхуллах Гүленди колдогону үчүн куугунтуктап жатат дешүүдө?

Мустафа Эдип Йылмаз: Бул медиа топко кирген «Заман» гезити, «Аксион» сыяктуу дагы бир катар журналдар, "Жихан" кабар агенттиги 1980-жылдары ачылгандан бери эле эч качан Фетхуллах Гүлендин идеяларын колдогонун жашырган эмес. Эми Фетхуллах Гүлен көмүскөдөгү ишмер эмес да. Анын бардык идеялары ачык-айкын.

Бийликтин башкы максаты - биздин гезиттен чыккан оппозициялык үндү басуу. Өкмөткө каршы маанайда жазган журналисттерди чектөө алардын эң негизги тилеги.

«Азаттык»: Гезитте иштегендердин тагдыры эми кандай болот? Башка жумуш издешеби?

Мустафа Эдип Йылмаз: Бул компания 4 жарым миң кишини иш менен камсыздап жаткан. Алардын ичинен 400дөн ашууну жалаң чыгармачыл, журналистика жаатындагылар эле. Айрымдары 20-30 жылдан ашуун эмгектенген. Гезит күнүнө 650 миң нуска менен чыгып, Түркиядагы эң көп сатылган басылма болчу. Азыр эми ушунча адам жумушсуз калды. Бийлик аларды талаага таштады.

«Феза газетежилик» компаниясы Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганды сындаган Фетхуллах Гүленди колдойт деген таризде бийлик тарабынан кысымга алынып келген. Бул басылманын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 1994-жылдан бери иштейт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG