Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Бельгия жанкечтилерди аныктады


Бир туугандар Халид жана Ибрагим эл-Бакрауилер.
Бир туугандар Халид жана Ибрагим эл-Бакрауилер.

Аза күтүп жаткан Бельгияда бийликтер кечээги жардырууларды жасады деп шектелип жаткан эки жанкечтинин тек-жайын аныктады. Теракттар үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды.

Брюсселдеги теракттын курмандыктары үчүн үч күнгө аза күтүү жарыяланды. Шаршембиде борбордун башкы аянтына брюсселдиктер жардыруунун курмандыктарын бир мүнөткө унчукпай эскеришти.

Расмий өкүлдөр берген соңку маалыматтар боюнча жардыруулардан кеминде 31 кишинин өмүрү кыйылды, 270тей киши жараат алды.

Учурда аныктала баштагандай, шейшемби күнү Брюсселдин Завентум аэропортунун учуу залында жана метронун бекетинде жардыруу жасаган эки жанкечти полиция мурдатан эле билген Ибрагим жана Халид эл- Бакрауилер болуп чыкты.

Өлкөнүн федералдык прокурору Фредерик Ван Лёвдун айтымында, Брюсселдин борбордук «Малбек» метробекетиндеги жардырууну 27 жаштагы Халид Бакрауи жасаган.

Жанкечтилер аэропортко келген учур. 22-март, 2016-жыл.
Жанкечтилер аэропортко келген учур. 22-март, 2016-жыл.

Ал эми Ибрагим эл-Бакрауи керээзин жазып кеткен компьютер да табылды. Федералдык прокурор белгилегендей, Ибрагим эл-Бакрауи менен аэропортко чогуу барган эки адамдын ким экендиги али аныктала элек.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашкандай, бир тууган Бакрауилер полицияга башка кылмыш иштери боюнча белгилүү болчу, бирок алардын терроризмге тиешеси бардыгы азыркы күнгө чейин анык эмес эле.

- Мен Брюсселдеги жана Париждеги чабуулдардын тикелей байланышы бар деп айта албайм. Азыр түрдүү жоромолдорду жасоого болот, бирок бизде бул экөөнүн ортосундагы түз байланыш бардыгы тууралуу реалдуу маалымат жок, - деди Бельгиянын ички иштер министри Ян Жанбон Брюсселден 22-марттын кечинде.

Бельгия бийликтеринин Брюссель менен Париждеги чабуулдардын байланышы бар-жогун да карап жатканы бекеринен эмес.

Маалыматтарга караганда, жанкечтилердин бири Халид Бакрауи Брюсселдин өткөн аптада полиция менен атышуудан бир адам мерт болгон Форе районунда батирди жашыруун ат менен ижарага алып турган.

Ал эми Парижде былтыр 13-ноябрдагы теракттардын башкы уюштуруучусу деп шектелген Салех Абдесламдын бармактарынын изи Брюсселдин дал ушул районунда жүргүзүлгөн рейд учурунда табылып, ал өзү өткөн жума күнү камакка алынган болчу.

Шаршемби күнү Брюсселдеги жардырууларды уюштурууга катышы бар деп шектелген бир адам кармалды, бирок анын аты-жөнү айтыла элек.

Бельгиянын бийликтери Брюсселдеги жардырууларга байланыштуу 25 жаштагы Нажим Лашрауини издөөдө.

Изделип жаткан Нажим Лашрауи.
Изделип жаткан Нажим Лашрауи.

Бельгиялык медиада Лашраунин Салех Абдеслам менен тикелей байланышы бардыгы айтылып жатат:

- Бүткүл Европада, анын ичинде Францияда биз экстремизмдин, салафизмдин күчөп кетишине көз жуумп салыптырбыз. Четки конуштарда мыйзамсыз маңзат аткезчилиги жана радикал ислам кошул-ташыл болуп, мен бул сөздү дагы бир жолу колдоном, жаштарды бузду. Бирок мен булардын баарын айтып, бельгиялыктарга акыл үйрөткүм келбейт, менин ишенимимде алар муну жакшы билишет, - деди Франциянын премьер-министри Мануэль Вальс Парижден "Европа 1" радиосу менен маегинде.

Париж сыяктуу эле Брюсселдеги жардырууларды да “Ислам мамлекети” тобу жасаганын моюнга алды.

Алардын интернет аркылуу тараткан билдирүүсүндө Завентум аэропортуна жана "Малбек" метро станциясына “халифаттын жоокерлери жанкечтилердин курун тагынуу, жардыруучу заттарды жана автоматтарды алып жүрүү” менен кол салганы айтылган.

Брюсселдеги аза күтүү. 23-март, 2016-жыл.
Брюсселдеги аза күтүү. 23-март, 2016-жыл.

Бирок аэропортто жардыруу жасагандар жанкечтинин курун колдонгону да анык эмес. Видеого тартылып алынган тасмада жанкечти деп шектелгендер жүктөрүн аэропортто араба менен сүйрөп бара жатат. Мындан сырткары аэропортто жардырууда өмүрү кыйылгандар менен жаракат алгандардын көбү бутунан сокку жегенин эске алган эксперттер, жардыруу аэропорттун тактайында болгонбу деп да болжошууда.

"Ислам мамлекети” тобуна каршы коалицияга Бельгия да өз учактарын жөнөткөн. Ал эми Сирияда жихадчылардын катарында согушуп жүргөндөрдүн санын өлкө бийликтери 300дөй деп эсептешкен. Бельгияда азыр 700 миңге жакын мусулман жашайт же алар өлкө калкынын 6% түзөт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG