Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

ТАЛАНТТУУ КУУДУЛ АСАНКУЛ ШАРШЕНОВ


Кээ бир элдик таланттарга көзү тирүүсүндө туура баа бербей, көзү өткөндөн кийин гана «ыраматылык андай эле, мындай эле» деп тобобузга жанып калган жаман адатыбыз дале илээшкен илдет болуп жан-дүйнөбүздө жүрөт. Так ушундай алакчы тагдыр таланттуу куудул Асанкул Шаршеновго да буюрган экен. Айтылуу кесиптеши тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы менен куудул Келдибек Ниязов ой бөлүшөт.

Таланттуу артист сахнада ырдап атса, ага суктанасың, жан-дүйнөң сергип, аны аздектеп каласың. «Артисттиги го жакшы экен, а бирок ал көшөгө артында кандай адам болду экен?» деген ойго келесиң. Бир эле артисттер эмес, мисалы ошол эле акын-жазуучуларды алалы. Акын-жазуучу катары кээлери сөз жок таланттуу, чыгармаларында дүйнөлүк проблеманы козгогону менен, бирок көшөгө артында өз кара башынын проблемасын гана козгоп, элдин проблемасын ным ойлоп койбогон, атүгүл «эл жазуучулары» бар. Ошондой эле окуу жайын «кызыл диплом» менен бүтүп, тили чечен саясатчылар да бар, бирок эл менен эч иштеше албай, кайра элдин каргышына калгандар айрыкча азыр азбы?

- Келдибек мырза, биз билген Асанкул Шаршенов сөз жок таланттуу куудул эле, бирок сиз жакындан билген Асанкул Шаршенов көшөгө артында кандай адам эле?

- Кандай сөз айтса да жарашкан киши болчу. Чындап айтсак, кийинки куудул болуп жүргөн инилер таарынбас, накта куудул деп ошол кишини айтыш керек да. Бул киши «куудул» деген сөздү афишага да жаздырчу эмес. «Ой, куудул деген киши башкача болот, эки сөздү айтып эле анан «суперкуудул» болуп алышат, бул уят», - деп, афишасына «Асанкул Шаршенов» деп гана жаздырып, анан кийин-кийин гана «куудул» деген сөздү жаздырды. Өзүңүз билесиз, бул кишиге наам 60 жашында, кеч берилди, эки бөлмөлүү эски үй 63 жашында берилди да, 65 жашында кете берди. Кыскасы бул кишини тирүүсүндө баалай албай койдук. Бул киши өтө шайыр, чукугандай сөз тапкан адам эле да. Асекем ооруй калып, анын ордуна концертине мен убактылуу жетекчи болуп калдым. Бул ирет үч күн жоголуп кетип анан келди. «Ой, эмне болду, кайда жүрөсүң?» - десем: «Ооруп калдым», - дейт. «Эмнең ооруду?» - десем: «Аллергия болуп», - дейт. Ошондо Асакемдин айтып турганы: «Тү, атаңдын оозун урайын, аллергиянын жыты иттей сасык болот тура», - деп. Пластикасы, мимикасы укмуш болчу. Кыскасы, бул кишиге жакшы режиссер туш келбей калды.

- Албетте, бул киши өтө таланттуу киши болгон. Ал көшөгө артында досторуна, үй-бүлөгө мамилеси кандай эле?

- Адамкерчилиги өтө күчтүү болчу. Баласындай кишини да атынан айтпай, мисалы мени «Келдиш», Замирбекти «Замиш» дечү. Кенен киши болчу. Үйүнө барып калсаң, аялына: «Эй, байбиче, бул биринчи келип отурат, баягы менин костюмум кичине келип калбады беле, ошону кийгиз», - деп эле тураар эле.

- Бул чоң адамкерчилик да. Эми сиз менен гастролго чыкканда ал жөнүндө эсте калаарлык эпизоддор барбы?

- Бир нерсесин айтып кетейин. Апасы урушуп калбайбы. «Ай, талпактап эле талаада жүрөсүң, балдарым бүт ак сүтүмдү актады, сен актай элексиң», - десе, Асакем бир туугандарынын алдында айтыптыр: «Ай, апаке, сенин сүтүңдү көп болсо бир жыл ичкендирмин. Эшикке чыгып тиги уйдан уялып атам», - деп. «Эмне болду?» - десе: «Өмүр бою ошонун сүтүн ичип келатам», - дептир. Бир ирет Таласта жүргөнбүз. Кой кыркынга концерт коюп калдык. Ал киши жетекчи болчу. Эртеси келип документ тапшырсак, бухгалтерия бүт күлөт. «Эмне болду?» - десек, мындай болуптур. Концерт койгон жерди документке толтуруш керек да. «Место проведения концерта» дегенде «бараний парикмахерский» деп жазып коюптур.

– Шаршен Термечиковго тууганчылыгы жокпу?

- Жок. Бирок жанаша айылдан. Бул кишинин апасы Шаршен Термечиковдун уруусунан. Булар таяке-бөлө болуп калышат.

Асанкул Шаршенов 1927-жылы Сокулук районундагы Жал айылында жарык дүйнөгө келген. Бишкектеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн.

Айтмакчы, Асанкул Шаршеновдун бул окуу жайына келип кирип калышына айтылуу артист Ашыралы Боталиев себепчи болгон. Ал эл ичинен талант издеп жүрүп, Асанкул Шаршенов жашаган айылга барып калат. Боталиев: «Шалта айылына кайсы жол менен барса болот?» - деп, айылдын башкармасынан сурап калат. Ошондо Асанкул Шаршенов башкармадан озунуп: «Эгер бат барам десеңер – мобул тоону айланып түшкүлө», - деп бет алдынан аркайган тоону көрсөтө берет. «Эгер алыс жол менен барабыз десеңер, анда тетиги казактын талаасы менен баргыла», - дейт.

Асанкулдун бура сүйлөгөн куйкум сөзүнө көңүлү түшкөн А. Боталиев: «Келчи бери, жигитим, ырдайсыңбы?» - дейт. «Жок, агай, тилимде сөөк бар», - дейт. «Комуз чертесиңби?» - дейт. «Жок, агай, ар кимдин мээсин чертким келбейт», - дейт.

«Мунуңар жөн бала эмес, мага бергиле», - деп аны шаарга алып кетет.

Асанкулдун куудулдук жолу мына ошондон башталат.

Мына ошол нукура талант жөнүндө «Асанкул куудул» аттуу али боегу кургай элек жаңы китеп жарык көрдү. Авторлору - Бактыгүл Чотурова жана Келдибек Ниязов.

Аттын кашкасындай, жамы журтка таанымал Асанкул Шаршенов жөнүндө жарык көргөн бул китептин чыгышына демөөрчүлүк кылууга Сокулук районунун акими убада кылган, бирок урматтуу акимден эмгиче оң жооп жок. Ийгиликтин эрте-кечи жок дейт. Дале болсо кеч эмес.

Көчкөн Сактанов, Бишкек
XS
SM
MD
LG