Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

Апрелдин этегинде "Sony" компаниясынын фотосүрөт боюнча студенттер арасындагы быйылкы дүйнөлүк сынагын Лондондо окуган ооган студент утуп алды. Британиядагы Middlesex университетинин сүрөт факультетинде окуган Асеф Али Мухаммад “Дүйнөдөгү эң мыкты фотосүрөтчү-студент” деп табылды.

Төрөкул Дооров: Бул сыйлык сиз үчүн эмнени билдирет: акчабы, популярдуулукпу же чыгармачылыгыңызды көрсөтүүнүн жолубу?

Асеф Али Мухаммад: Мен үчүн бул өзүмдүн эмгектеримди көрармандардын калың катмарына көрсөтүп, аны профессионалдардын сынына коюу мүмкүнчүлүгү десем болот го. Мен негизинен Жакынкы Чыгышка адистешкен сүрөтчүмүн, азыр өзүм жашап жаткан дүйнөгө жер шарындагы башка бир дагы турмушту көрсөткүм келет.

Асеф Али Мухаммаддын "Кабул сүрөтчүлөрү" фото отчетунан алынды

Асеф Али Мухаммаддын "Кабул сүрөтчүлөрү" фото отчетунан алынды

Төрөкул Дооров: Асеф, сиз өзүңүз Ооганстандан болооруңузду, бирок азыр Лондондо жашап окуп жатканыңызды билем. Ооганстандагы турмуш жөнүндө сүрөттөрдү тартып келатасыз. Өзүңүздү көбүрөөк кайсыл тараптан болом деп эсептейсиз? Айтайын дегеним, сиздин кайсыл бөлүгүңүз Ооганстанда жана кайсыл бөлүгүңүз Британияда?

Асеф Али Мухаммад: (күлүп) Мага негизи бул суроону көп беришет. Мен Ооганстанда төрөлгөм, бирок бала кезимде биз коңшулаш Пакистанга көчүп кеткенбиз. Ал учурда Ооганстанда советтик армия менен согуш жүрүп жаткан учур эле. Мен Пакистандын Куетта шаарында мектепке барып, 2002-жылы 17 жашка чыкканымда Британияга көчүп келдик. Ошондон бери бул өлкөдө жашап, азыр окуумду аяктап калдым.

Төрөкул Дооров: Ошондон бери сиз Ооганстанга тез-тез эле каттап турсаңыз керек?

Асеф Али Мухаммаддын "Кабул сүрөтчүлөрү" фото отчетунан алынды

Асеф Али Мухаммаддын "Кабул сүрөтчүлөрү" фото отчетунан алынды

Асеф Али Мухаммад: Мен Ооганстандан чыгып кеткенден кийин алгачкы жолу 2009-жылы кичинекей долбоорумду ишке киргизиш үчүн баргам. Ошондон бери эки жолу болдум. Көп барам деп деле айта албайм. Бирок азыр эми ишим көбөйдү, Кабулга мурдагыдан көбүрөөк барышым керек болот.

Төрөкул Дооров: Сиздин соңку фото сынактагы жеңишиңизден кийин иш көбөйсө керек?

Асеф Али Мухаммад: Ооба, ошентсем да болот. Мен бул ирет сыйлыкты Ооганстанда дале иштеп жаткан долбоорумдун бир бөлүгү үчүн алдым. Ал боюнча иш дале уланып жатат. Ушул жылдын этегине чейин дагы бир топ темаларда сүрөттөрдү тартыш үчүн Кабулга барганы жатам.

Асеф Али Мухаммаддын "Кабул сүрөтчүлөрү" фото отчетунан алынды

Асеф Али Мухаммаддын "Кабул сүрөтчүлөрү" фото отчетунан алынды

Төрөкул Дооров: Асеф, сиз Sony Сүрөт сынагын Кабулдагы жаш сүрөтчү-скульпторлор жөнүндө тарткан эмгектериңиз үчүн алдыңыз да. Талиптердин тушунда сүрөтпү, кинобу, музыкабы, айтор, искусствонун бардык түрүнө тыюу салынып келбеди беле? Эми 2014-жылы өлкөдөн чет-өлкөлүк аскерлер толугу менен чыгып кетишет. Ал арада талиптер менен элдешүү жөнүндө да сөз көп. Ушундай учурда азыркы ооган жаштарынын абалы жөнүндө эмне айта аласыз? Аларды кандай келечек күтүп турат?

Асеф Али Мухаммад: Мен Ооганстанда ар кайсыл тармактарда иштеген жаштарды, инженерлерди, сүрөтчү-дизайнерлерди көрө алдым. Алардын көздөрүнөн өз ишине, кесибине болгон чоң кызыгууну байкайм. Өзгөчө узакка созулган согушту баштан кечирген элдин жаштарында мунун байкалганынын өзү сүйүнтөт.

Асеф Али Мухаммаддын "Кабул сүрөтчүлөрү" фото отчетунан алынды

Асеф Али Мухаммаддын "Кабул сүрөтчүлөрү" фото отчетунан алынды

2014-жылдан кийин (өлкөдөн чет өлкөлүк аскерлер чыгып кеткенден кийин) өлкө кандай жашайт деген суроо көп айтылат. Муну мен билбейм. Бирок азыркы муун, жаштардын арасында эркиндикке болгон умтулуу, керек болсо, алар кантип сүйлөп, кандай кийингенинен, өзүн коомдо кандай алышканынан да байкалат. Университеттердеги жыйындарда алар канчалык эркин сүйлөп жатышканынан көрүнөт. Өлкө ушул багытта өнүгөт го деп ишенгим келет.

Төрөкул Дооров: Сиз чыгармачылык менен алектенип, сүрөт тарткан ооган жаштарын тасмага түшүрүпсүз. Муну менен кандай белги, кандай ойду айтайын дедиңиз эле?

Асеф Али Мухаммаддын "Кабул сүрөтчүлөрү" фото отчетунан алынды

Асеф Али Мухаммаддын "Кабул сүрөтчүлөрү" фото отчетунан алынды

Асеф Али Мухаммад: Бул фото-сүрөттөрдүн сериясы тууралуу идея бир-эки эски сүрөттөрдү көргөндө пайда болгон. Мен 1960-70-жылдарда Кабулда тартылган сүрөттөрдү көрүп калдым. Аларда Ооганстан канчалык жакшы өнүгүп, бул өлкөдө искусство да кеңири өнүгүп жатканы байкалат. Бирок кайсыл бир учурда мунун баары өзгөрдү, өлкө ондогон жылдарга артка кетти. Биз ошол моментти, ошондогу өлкөнү кантип жоготуп алдык?

Мен өзүм да ушул эле жердин кулуну болом, ушул элден чыккам. Бирок менин элесимде Ооганстан ошол эски сүрөттөрдө тартылган өлкө боюнча калган эле. Азыр Батыштагы медиада менин мекеним тууралуу дайыма бир түрдүү эле сүрөттөр көрсөтүлөт: көчөдөгү өлүктөр, кайыр сураган жаш балдар... Бул сүрөттөрдүн көбү автор кайсыл ойду айткысы келгенине жараша графикалык түрдө көбүртүлүп, өзгөртүлүп берилет. Мен мындай мааниде эмес, Ооганстандын элесин жумшартылган, жагымдуураак маанайда көрсөткүм келди. Ошол эле маалда бул өлкөдө да искусство такыр өлүп калбаганын, өздөрүн өнөр аркылуу ачып көрсөткүсү келген жаштар бар экенин көрсөтөйүн дедим.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG