Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

Орусия Илимдер академиясы өткөн ноябрь айында Аскар Акаевди Н. Кондратьев атындагы сыйлыгынын алтын медалы менен сыйлады.

А. Акаев Кыргызстандын 1990-2005-жылдардагы президенти. ИАнын билдирүүсүндө дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуунун ысмындагы сыйлык А. Акаевге “Й. Шумпетер жана Н. Кондратьевдин экономикалык өсүү жөнүндөгү классикалык теориясынын математикалык негиздерин өнүктүрүүгө кошкон салымы, ошондой эле Орусия экономикасын модернизациялоонун инновациялык жана технологиялык стратегиясын иштеп чыкканы үчүн” берилгени айтылат.

Николай Дмитриевич Кондратьев (1892-1938) орус совет экономисти. Экономикалык циклдер теориясынын негиздөөчүсү. Йозеф Алоиз Шумпетер (1833-1950) австриялык жана америкалык экономист, социолог.

Орусиянын табигый илимдер академиясы жана Н. Кондратьев атындагы эл аралык фонд Н. Кондратьев атындагы сыйлыкты үч жылда бир жолу 1993-жылдан бери ыйгарат. Анын лауреттары арасында орусиялык жана чет элдик белгилүү илимпоз - экономисттер бар.

“Азаттык” А. Акаевди оболу ага Н. Кондратьев атындагы алтын медалды ыйгаруу жөнүндөгү билдирүүдөгү “Й. Шумпетер жана Н. Кондратьевдин экономикалык өсүү жөнүндөгү классикалык теориясынын математикалык негиздерин өнүктүрүүгө кошкон салымы” тууралуу түшүндүрүп берүүсүн өтүндү.

Аскар Акаев: Дүйнөлүк экономика, ошондой эле улуттук экономика толкун-толкун болуп өнүгөт. Өткөн кылымдын 20-30-жылдары Америкада, Европада, дүйнөлүк экономикада улуу депрессия болгон. 70-жылдары мунай өндүрүшүндө шок башталып, ошондо да чоң дүйнөлүк кризис болгон.

2008-2009-жылдары чоң дүйнөлүк кризис кайра кайталанды. Ушул чоң кризистердин арасында 30 - 40 жыл өткөн: 1930 жана 1970-жылдын, анан 1970- жыл менен 2008-жылдын ортосу.

Орустардын улуу окумуштуусу М. Д. Кондратьев 1920-жылдары узак мөөнөттүү толкундар менен дүйнөлүк жана улуттук экономиканын өсүшүндөгү байланышты далилдеп кеткен. Кондратьевдин теориясын изилдеген окумуштуулар 2008 – 2010 – жылдары дүйнөлүк чоң кризис болот деп алдын ала айтып келишкен.

Кризис экономикага чоң зыян алып келет. Бирок ал пайдалуу да. Себеби экономиканын алдыга жылышsна тоскоол болгон технологиялар, уюштуруу иштери жокко чыгарылыш керек. Анткени кризистен чыгыш үчүн экономиканы жаңы технологиянын, жаңы уюштуруу иштеринин негизинде алдыга жылуу зарыл. Чоң дүйнөлүк кризистин пайдалуу жагы ушунда.

Кондратьев 1930-жылдары рынок экономикасы менен жашаган капитализм сөзсүз кризиске дуушар болуп, анан ошол кризис аркылуу экономиканы дагы бир тепкичке көтөрүп, өстүрөт деген теория ачкан. Окумуштуунун бул оюн Совет бийлиги абдан терс кабыл алып, ал киши 1938-жылы душман катары атылып кеткен.

Бул идеяны Шумпер деген улуу экономист улантып, Кондратьевдин ысмы дүйнөгө таанылган. Бирок Шумперден кийин бул теориянын математикалык негиздери түзүлгөн эмес. Ошондуктан кризис качан болорун эсептөө мүмкүн эмес болчу. Себеби теориянын математикалык негиздери жана формуласы болсо, ошондо гана кризис качан кайталанып, көлөмү кандай болорун эсептей аласың.

Ырас, теориянын жөнөкөй математикалык негиздери түзүлгөн. Бирок алар жакшы иштей алган эмес. Шумпер Кондратьевдин теориясынын негизинде экономикалык инновациянын жана технологиянын өсүшү жөнүндөгү теорияны иштеп чыгып, ошону менен атагы чыккан. Мен ошол теорияны бүгүнкү күнгө жараша анын эң терең математикалык теориясын иштеп чыгып, ошонун негизинде бир топ формулаларды алдым. Ал формулалардын негизинде кризис качан пайда болорун эсептеп чыкса болот.

Мисалы, Кондратьев – Шумпердин теориясы боюнча келерки дүйнөлүк экономикадагы чоң кризис 2038 – 2040-жылдары болот. Биз мына ушул теориянын негизинде 2011-жылы болгон майда кризисти алдын ала эсептеп чыкканбыз. Биз, мисалы, бир жыл мурда кризис 3-августта болот деп эсептеп чыксак, Азия биржасында кризис 4-августта болду. Ошентип биздин теория тастыкталды(верификациядан өттү). Мына ошонун негизинде мага Орусиянын Илимдер академиясынын Кондратьев атындагы сыйлыгынын алтын медалын ыйгарышты.

Эмки кризис 2016 – 2017-жылдары болорун биз азыр далилдеп жатабыз. Бул кризис көлөмү боюнча 2008-2009-жылдардагы кризистен кыйла аз болот. Ошону менен дүйнөлүк экономика көтөрүлүп кетет дагы 2030-2035-жылдарга чейин же 15 – 20 жыл сөзсүз туруктуу өсөт.

"Азаттык": Аскар Акаевич, cиздин 2038-жылы кризис келиши мүмкүн дегениңиз, Кузнецтин жана Жюгилардын теориясындагы циклге туура келет. Сиздер өз эсептөөлөрүңүздө ушул эки окумуштуунун теориясына да таянгансыздар да...

Аскар Акаев: Сөзсүз. Абдан туура. Себеби Кондратьевдин узак мөөнөттүк циклдери, Кузнецтин орто мөөнөттүк цикли ар бир 20 жылда, Жюгилардын кыска мөөнөттүү циклдери ар 8-10 жылда бир кайталанып турат.

Эсиңизде бардыр, 2001-жылдагы жана 1991-жылдагы кризистердин арасында 8 – 10 жыл бар. Ар 8 – 10 жылда кыска мөөнөттүк кризис кайталанып турат. Биз мына ошол циклдерди изилдеп чыкчу формуланы таптык.

Азыр биз Жюгилердин кризиси 16-17 жылда болот деп турабыз. Ага 1 - 2- 3 жыл калганда кризис качан келерини айына, күнүнө чейин эсептеп чыкса болот. Кузнецтин цикли 2029 -31-жылдары пайда болушу керек.

Кризисти таптакыр жоюп салуу мүмкүн эмес. Себеби рынок экономикасынын табияты ошондой. Жогоруда айтып кетпедимби, кризистин пайдалуу жагы да бар. Ишкер адамдар жөнөкөй адамдардай да... Кризис болбосо, ишкерлер өндүрүштү эч өзгөртпөйт, жакшыртпайт. Кризис аларды жаңы технологияны пайдаланганга, өндүрүштү жаңыча уюштурганга мажбурлайт.

"Азаттык": Сизге Орусия ИАсынын сыйлыгы берилгени тууралуу билдирүүдө сиздин Орусиянын экономикасын өнүктүрүүнүн инновациялык – технологиялык стратегиясын иштеп чыкканыңыз белгиленет. Мына ошол сиз иштеп чыккан стратегия пайдаланылдыбы?

Аскар Акаев: Мен акыркы жылдары Орусия экономикасынын болочокку стратегиялык өнүгүүсү боюнча бир нече жумуш жасадым. Өлкө азыр жаңы технологияга өтүш керек. Жаңы технологияга өтүп, инновациялык табылгаларды колдонуу 15-20 жыл туруктуу өсүшкө жол ачат.

Мен Кытайдын, Жапониянын жана Батыш мамлекеттеринин тажрыйбасын изилдеп чыгып, Орусия үчүн ыңгайлуу жана узак мөөнөттүк: 25 – 30 жылга чейин жарай турган стратегия иштеп чыктым. (Кытайдын тажрыйбасын эске алыган себеби, өлкө акыркы 30 жылда абдан интеграцияланган стратегия менен өнүгүүдө.) Бул стратегия боюнча жазган эмгектерим журналдарда жана китептерге жарыяланды. Ал пайдаланылат деген үмүтүм бар.

"Азаттык": Кытайда башкаруу системасы коммунисттик болгону менен экономикасы эркин экономиканын шарты менен өнүгүүдө. Ноябрда орусиялык илимпоздордун делегациясын жетектеп, Кытайга барып келдиңиз. Кырдаал менен жакшылап тааныштыңыз. Өлкө экономикасы 2011-жылы мурда пландалгандан 0, 5 процентке аз же 7, 6 процент өсөт деп боолгонууда. Кытайда чоң социалдык проблемалар бар. Сиз дүйнөлүк геосаясаттагы өзгөрүүлөргө арналган макалаңызда экономикалык циклдердин өзгөрүүсү улуттук өкмөттөрдү экономикалык саясатка көңүл бурганга, анан да ар кандай прогноздорду жасаганга мажбурлайт деп жазасыз. Ушуга байланыштуу Кытайдын экономикасы келечекте кандай болот деп ойлойсуз?

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 1990-жылдын 27-октябрында ант берүүдө. "Майдан" гезитинин архивинен.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 1990-жылдын 27-октябрында ант берүүдө. "Майдан" гезитинин архивинен.

Аскар Акаев: Кытайдын бир жакшы жагын сөзсүз айтышыбыз керек. Кытайда ар беш жылда өтчү съезде беш жылдык пландын аткарылышы анализделип, узак мөөнөтүк стратегия иштеп чыгышат.

Өткөн XVIII съезде Кытай КПсы 2050- жылга чейинки узак мөөнөттүк стратегияны, ошондой эле 2020-жылга чейинки 10 жылдык өнүгүү программасын жарыяланды. 10 жылдык программа эң негизги маселе деп, социалдык жактан өнүгүүнү атады. Себеби Кытайдын экономикасы 30 жылдан бери орто эсеп менен 10 проценттен өсүп жатты. Ички дүң продукциясы 16 эсе көбөйдү. Бул дүйнөдө болуп көрбөгөндөй көрүнүш. Ага катар байлар да, кедейлер да көбөйүп, социалдык ажырым пайда болду. Ушул ажырым жөндөлбөсө, Кытай жакшы өнүгүп кете албайт жана азыр Европада, 2011-жылы Араб өлкөлөрүндө болгондой социалдык революция кайталанып кетиши мүмкүн. Ошондуктан Кытай КПсы 10 жылда социалдык маселелерди чечебиз, орто классты көбөйтөбүз, кедейлик менен күрөшөбүз деп максат койууда.

Кытай бул маселени чечерине мен ишенем. Кытай экономикасы бул он жылдыкта орточо 7-8 проценттик темп менен өсөт; андан кийин 5-6 процентке, 2040-жылдары өсүү 3- 4 процентке түшөт. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Себеби экономиканын сапаты жакшырат. Экономиканын сапаты жакшырганда, 10 проценттик өсүү мүмкүн болбойт. АКШ, Германиянын экономикасы 3 проценттен өсүп жатпайбы...

"Азаттык": Сиз Кытайдын беш жылдык планына токтолуп кеттиңиз. Өзүңүз эгемен Кыргызстанга президенти болуп турганда, совет мезгилинен калыптанып калган беш жылдык пландоону жоюп жибергенсиз. Ошол кадамыңызды жаңылыш болгон деп ойлобудуңузбу?

Аскар Акаев: Эсиңизде болсо, биз 2000-жылдары эки жыл Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Европанын өнүгүү жана реконструкциялоо банкы менен чогуу иштеп, экс-советтик мейкиндикте биринчи болуп, Кыргызстандын 10 жылдык өнүгүүсүнүн комплекстүү программасын кабыл алганбыз.

Дүйнөлүк банк, Азия банкы сыяктуу эл аралык финансылык мекемелер, донор мамлекеттер аны каржылайбыз деп убада беришкен. Бул программа 2005-жылга чейин жакшы эле иштеди. Бирок революционерлер аны токтотуп салбадыбы... Ал аягына чыкканда, Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүп кетмек. Мындай программасыз эч бир мамлекет өсүп-өнүгө албайт. Бул Советтер союзунун коммунисттик планы эмес, бул рынок экономикасына ыңгайлашкан индикативдик план.

"Азаттык": Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG