Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

Барган сайын биз жашаган планетага түшкөн астероиддердин саны жана алар туудурган коркунуч артууда. Шиңжаңды 170 миллион жыл мурун байырлаган динозаврлардын 16-түрү аныкталды. Уэльстик окумуштуулар лимфолейкоз дартын айыктыруунун дарысын ойлоп табышты.

Барган сайын Жерге жакындаган жана планетабызга түшкөн астероиддердин саны көбөйүүдө. Астероиддер адамзатка олуттуу коркунуч жаратарын Сиэтлдеги В612 фонду билдирди. Мурдагы космонавт Эд Лу түптөгөн илимий кор акыркы 13 жылда эле Жерге 26 астероид түшкөнүн жар салды.

Жерге акыркы 13 жылда түшкөн астероиддердин кубаттуулугу – бир килотоннадан 600 килотоннага чейин жеткен. Хиросимада 1945-жылы жарылган атомдук бомбанын кубаттуулугу 15 килотоннага барабар. Ал эми 1908-жылы Сибирдеги Тунгускага 15 мегатонналык астероид түшкөн.

Сөз болуп жаткан 26 астероиддердин көбү, бактыга жараша, атмосферада бузулуп, Жерге алардын майда бөлүктөрү гана түшкөн. Челябинскте былтыр түшкөн астероиддин кубаттуулугу 600 килотонна экени аныкталган эле. 2009-жылы Индонезиядагы Сулавесиге, 2004-жылы Түштүк уюлга жана 2002-жылы Жер ортолук деңизге 20 килотонналык астероиддер түшкөн. Бул астероиддердин бири дагы эч бир телескопко илинген эмес.
Жерге жакын өткөн 2012DA14 астероиди.

Жерге жакын өткөн 2012DA14 астероиди.

Эд Лун астероид качан жана каерге түшөрүн алдын-ала билип болбостугун айтат. Ошондуктан анын илимий кору "Сентинель" телескобун түзүүгө киришти. Бул космодүрбү Күн системасынын динамикалык картасын түзүп, 200 миңден ашуун астероиддердин учуу багыттарын аныктайт. "Сентинель" 2018-жылы космоско жеткирилет деп божомолдонууда.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы төрт айында эле Жерге алты астероид жакындаган.

Уэльсте лимфолейкозго шыпаа табылды

Уэльстин борборундагы Кардифф университетинин окумуштуулары өнөкөткө айланган лимфоцитардык лейкоз, же "ак кан" дартын айыктыруунун дабасын ойлоп табышты. Медицинада лимфолейкоз деген ат менен белгилүү оорудан дүйнөдө 27 миллион адам жабыркайт.

Жаңы "ибрутиниб" (Ibrutinib) деген дары ак кан клеткаларын таап, ооруга чалдыккан клеткалар көбөйүп, организмдин башка органдарына тарап кете электе аларды жок кылат. Профессор Крис Пеппер жетектеген окумуштуулар тобу бул дарыны 20 жыл бою иштеп чыккан. Профессор Пеппер ибрутинибдин жардамы менен лимфолейкозду ары дегенде 10 жылда кескин кыскартса болооруна терең ишенет.
Рак клеткасы.

Рак клеткасы.

Илимпоздор лимфолейкоздун клеткалары кантип өсүп-өрчүгөнүн, кандай шартта дартты өтүштүрөрүн жана клетканын кайсыл түрү кандайча өзгөрөрүн тыкыр изилдеп чыгышкан. Илимий тажрыйбалар ийгиликтүү аяктап, жыл соңуна чейин Уэльсте дарыны өнүдүрүштө чыгарууга уруксат берилери күтүлүүдө.

Лимфолейкоздун клеткалары кан тамырларды тешип өтүп, лимфа бездерин жана чучуктарды дартка чалдыктырат. Уэльстик окумуштуулар адамдын организминдеги NF KappaB молекуласын кылдат изилдешкен. Дал ушул молекула лимфолейкозго чалдыгат. Жаңы ибрутиниб дарысы бул молекуланы аныктап оорулуу клетканы жок кылат. Бул табылга көптөгөн бейтаптардын үмүтүн жандырды.

Шинжаңды байырлаган динозаврдын 16-түрү аныкталды

Кытайдын батышындагы Шиңжаң аймагын 170 миллион жыл мурда динозаврлардын 15 түрү байырлаган. Жакында эле Американын география коому уйгур жумуриятында Юра доорунда жашаган динозаврдын 16-түрүн аныктады. Ал эң байыркы канаттуу динозавр, же птеродактил мындан 163 миллион жыл мурда Шиңжаңда жашаган. Жаңы аныкталган канаттуу динозаврга "Криптодракон прогенитор" (Kryptodrakon progenitor) деген аталыш берилди.

Жазылыгы 1.5 метр болгон криптодракондун сөөктөрү 2001-жылы чөлдүү аймакта табылган. Башында сөөктөрдү тероподдуку деп божомолдошкон. Буга чейин птеродактилдер океандардын жээгинде гана жашаган деп айтылып жүргөн. Шиңжаң аймагында табылган канаттуу динозавр палеонтология илиминде күтүүсүз ачылыш болду. Табылган сөөктөрдү күкүмдөн чогулткан соң, ал криптодракон болуп чыкты.
Тиранозавр.

Тиранозавр.

Канаттуу динозаврлар жер бетинен 66 миллион жыл мурда кайым болгон. Птеродактилдер тууралуу маалыматтар дээрлик жокко эсе. Шиңжаңдагы криптодракондун өзгөчөлүгү – ал кургактагы токойду байырлаган. Палеонтологдор мурда канаттуу динозаврлар суунун боюнда гана жашаган деп келишкен. Мухиттин жанында жашаган птеродактилдердин канаты кичине келип, узакка уча алышкан эмес.

Шиңжаңга коңшу Кыргызстанда динозаврлардын алты түрү байырлаган деген илимий божомолдор бар. Советтик мезгилде палеозой дооруна тиешелүү жаныбарларды иликтеген палеонтологиялык казуулар Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас областтарынын аймактарында жүргүзүлүп, андагы бардык табылгалар Москвага жөнөтүлгөн.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG