Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Британ окумуштуулары бир миллион жыл мурда Англияны байырлаган адамдардын калдыктарын табышты. Кыргыз илимпоздору болсо астрономия байыркы кыргыздардын турмушунда олуттуу орун ээлегенин айтышты. Ал ортодо космосто кыйраңдаган планета табылды.

Англияны байырлаган "эң алгачкы адамдар" табылды

Археологдор алгачкы жолу Африкадан тыш жерде байыркы адамдын эң эски издерин табышты. Британ музейи баш болгон илимпоздор тобу Англиянын чыгышындагы Норфолк шаарында аталган аймакты миллион жыл мурда байырлаган беш хомо антесессордун калдыктарын казып алышты. Бул тууралуу аталган музейден кабарлашты. Хомо антесессор – латын тилинде байыркы адамдын бабасы дегенди туюндурат.

Адамдардын бул түрү толугу менен жок болуп кеткен. Кээ бир окумуштуулардын айтымында, азыркы адамдар, же хомо сапиенс үй-бүлөсү дал ушул хомо антесессорлордон тараган. Биринчи адамдар делген кишилердин бою 160 сантиметр келип, орточо салмагы 90 килограмм болгон. Айрым археологдор хомо антесессорлор адам этин жеп, каннибал болушкан деп айтып жүрүшөт.
Байыркы адам.

Байыркы адам.


Британ археологдору тапкан калдыктар ылайдын ичинде жакшы сакталганын белгилешти. Табылган хомо антесессор үй-бүлөсү байыркы Темза дарыясынын боюнда жоголуп кеткен мамонт, жапан бука, гиппопотам жана носорог өңдүү жаныбарлар менен жашашкан. Хомо антесессорлорду окумуштуулар биринчи адам деп дагы айтып жүрүшөт. Байыркы адамдын бабалары Британ аралдарын байырлаган учурдагы Англиянын аба ырайы Жер ортолук деңиз боюндагы өлкөлөрдүкүндөй жылуу болгон.

Кыргыздар – табигый илимдердин даанышманы

Байыркы адамдардан байыркы кыргыздарга келсек. Биздин ата-бабаларыбыз асманга карап иш кылышкан. Бул тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор Үмүт Асанова билдирди. Жылдыздардын, Айдын жана планеталардын туруму эгин эгүү, жол салуу, үйлөнүү, бала төрөө, малды жайытка чыгаруу, жер которуу, аңчылык жана аба ырайын божомолдоодо олуттуу роль ойногон. Кыргыздар жылдыздарга жүгүнүп, Айга тилек кылып, ааламдык күчтөргө сыйынышкан.

Байыркы кыргыздардын ишеними Теңирчилик – ааламдык күчтөргө баш ийүү менен жаратылыштын мыйзамдарына ылайык эриш-аркак жашоо болгон. Профессор Асанованын айтымында, Теңирчиликте элдик табигый илимдер зор орунду ээлейт. Кусейин Карасаев, Белек Солтоноев жана Торон Жумаев өңдүү инсандар байыркы кыргыздар табигый илимдердин даанышмандары болгондугу тууралуу эмгектери менен белгилүү.

Профессор Үмүт Асанова.

Профессор Үмүт Асанова.

Перс окумуштуусу Ал Рашиди IX кылымда кыргыздардын ай сүрүү жылнаамасы жана Айдын фазасына карап иш кылганын укмуштуудай керемет көрүнүш деп сыпаттаган. Ал эми XIX кылымдын атактуу англис антропологу Жеймс Фрейзер ар бир ырымдын түбүндө илимий түшүндүрмө бар деп айткан. Анысы сыңары, байыркы кыргыздар жети тогоол маалында конок чакырбаган жана жер которгон эмес. Себеби ал убакытта Ай менен Үркөр жылдызы тогошуп, аба ырайы кескин өзгөргөн. Үстүбүздөгү январдын аягы февралдын башы бул көрүнүшкө далил.

Профессор Асанованын айтымында, кыргыз фольклорунда жылдыздардын орду өтө чоң. Көчмөн калк үчүн ар бир жылдыздын жана Айдын туруму маанилүү болуп, асманды карап иш кылышкан. "Жылдызы келишти" деген сөз бекеринен келип чыккан эмес, дейт тарыхчы Үмүт Асанова.

Кыйраңдаган планета

Белгилүү болгондой, Жер өз огунда бир калыпта 23° эңкейиште айланып турат. Эми элестетип көрүңүз: эгер планетабыз олку-солку болуп кыйраңдап (шаткая ось) айланса, анда бир күндө эле төрт мезгил алмашып турмак. Бирок ошондой өз огунда бир калыпта айланбай, оош-кыйыш эңкейип айланып турган планета табылды. Бул тууралуу Американын улуттук космос агенттиги – НАСА кабарлады. "Кепплер" космодүрбүсү Кепплер–413б планетасын тапты. Жаңы табылган планетанын огу бир күндө 30°ка чейин өзгөрүп турат.

Кепплер–413б планетасы.

Кепплер–413б планетасы.

Кепплер–413б планетасы Ак куу топ жылдызынан 23 квадрильон чакырым алыс (23,000,000,000,000,000 километр). Аталган планета саргылт жана кызыл эргежээл жылдыздарды 66 күндө бир айланат. Окумуштуулар бул планетага 1500 күн байкоо салгандан кийин, анын айлануу огу туруксуз экенине күбө болушту.

Астрономдор Кепплер–413б планетасы кандай себептен өзүнүн огунда олку-солку айланганын аныкташа элек. Божомолдорго караганда, мунун себеби аталган планета эки жылдызды айланганы жана алардын тартылуу күчтөрү болушу мүмкүн.


  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG