Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Догдурду сабаган адам камалды


Тез жардам машинеси
Тез жардам машинеси

Бишкекте Тез жардам кызматынын дарыгерин сабоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Окуя болгон жерден кармалган Талант Айтбаев убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

26-октябрда чакыруу болгон жерге барган Тез жардам кызматынын дарыгери Азамат Атакозуев бейтаптын туугандары тарабынан ур-токмокко кабылган. Таяктын эпкини Тез жардамдын айдоочусу менен фельдшерге да тийген.

Тепки жеген дарыгер Азамат Атакозуевдин айтымында, аны кош бойлуу бейтап келиндин күйөөсү жана иниси оозго алгыс сөздөр менен сөккөн.

- Үй ээси биз барганда эле ачууланып жаткандай сезилеген. "Бейтапты текшергенге тоскоолдук кылбагыла" десем эле ызырынып сөгө баштады. Качып чыкканга аракет кылсам, артымдан кууп жетип экөөлөп тепкиледи. Милиция келип кармаганда "мен Ленин РИИБде опер болуп иштейм. Ушул райондун “смотрящийи” болом, агам да милиция" деп кыйкырып аткан.

Окуя болгон жерден кармалган жаран Талас облусунун тургуну Талант Айтбаев экени жана анын эч качан милицияда иштебегени аныкталды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаевдин айтуусунда, Айтбаевге карата учурда “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген:

- Айтбаев өзүн Ленин РИИБинин ыкчам тобунун кызматкеримин деп тааныштырган. Тергөө учурунда анын милицияда эч качан иштебегендиги аныкталды.

Жабырланган дарыгердин бир тууган агасы Аскат Атакозуев бул окуя коомчулукка кеңири жарыяланып кеткени үчүн гана Айтбаев кармалганын айтууда. Бирок ал баары бир бошонуп чыгарына көзү жетип турганын, анын чыны менен милицияда иштеген туугандары бар экенин ырастады:

- Мен ал балага барып “үйүңө келген дарыгерге эмнеге кол көтөрөсүң?” десем, “сенин иниң “косякка” илинди, сылык сүйлөп, "байке" десе урбайт элем. Билгениңди кыл” дейт. Мен мыйзам чегинде сүйлөшөм десем, “керек болсо сени да жок кылам” деп милициялардын көзүнчө атырылат. Ошол Айтбаевдин агасы, дагы бир тууганы милицияда иштейт экен. Милиция бөлүмүндө турганымда баары эле келип учурашып, ал баланын ал-абалын сурап жаткан. Биз укуктук мамлекетте жашайбызбы же “каралардын” түшүнүгү менен жашап калдыкпы? Иним жумуш убагында токмок жеп жатат. Эгер көчөдө ушундай окуяга туш болсо, эч ким көңүл бурмак эмес экен да.

Бул кылмыш иштин үстүнөн иликтөө жүргүзүп жаткан тергөөчү Адилет Жаныбеков азырынча Айтбаев байланыштуу иш тергелип жатканын, анын милицияга кандай жакындыгы бар экени тууралуу маалымат жоктугун кабарлады.

Ал ортодо вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева окуяны өз көзөмөлүнө алганын, зөөкүрлүккө баргандарга катаал чаралар көрүлөрүн билдирди.

Бул окуя дарыгерлердин коопсуздугун кайрадан эске салып отурат. Соңку эки жылда эле Тез жардам машинелери жол кырсыгынан тартып, ар кандай кооптуу окуяга кириптер болгон онго жакын учур катталган.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG